“КАЙЫРЧЫ” РЕЙДИ ӨТТҮ

  • 19.08.2021
  • 0

Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» рейди болуп өттү. Натыйжада бир турак үйдө 43 жаран жашап, алардын баардыгы тилемчилик менен алектенип келишкени аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

19-августта милиция кызматкерлери Ленин көчөсүндө рейд өткөрүп, кайыр сурап жүргөн 43 адамды кармашкан. Алардын баары ушул эле көчөдөн бир үйдү ижарага алып, чогуу жашашкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан документтери текшерилип, алардын 24ү Өзбекстандын жарандары экени, 19у Ош облусунун Кара-Суу районунан келгени жана цыгандар экендиги аныкталган.

Тилемчилердин арасында 70 жаштагы карыя, 18ге жашы жете элек жана төрт мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Милиционерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзбек улутундагы жарандар Өзбекстан Республикасына өткөрүлдү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер