КАЙТАЛАНМА ПРЕДМЕТТЕРДЕН АРЫЛТАТ

  • 26.03.2024
  • 0

12 жылдык окутуу системасына өтүүдө бала бакчалардын даярдоо тайпаларынан 1-класска өткөн балдардын окуу жүктөмдөрү көбөйбөйт, тескерисинче, кайталанма предметтер кыскарат. Бул тууралуу Кыргыз илимдер академиясынын президенти Назира Дюшеева билдирди.

Кыргызстанда балдарды 6 жаштан мектепке тартууда алар үчүн кыйынчылыктар жаралбайт, себеби бала бакчалардагы даярдоо тайпаларынын окуу жүктөмдөрүндөгү айырма анча көп эмес.

— Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана нормалар деген документке ылайык, бала бакчалардагы балдардын окуу жүктөмдөрү алардын жаш курагына жараша белгиленген. Тагыраак айтканда, даярдоо тайпаларына камтылган 6-7 жаштагы балдар үчүн окуу жүктөмдөрү жумасына 17 саат болсо, 1-класска бара турган балдар үчүн 21 саат каралган, бул өтө деле чоң айырма эмес, андыктан оор деле болбойт, — дейт.

Адистердин айтымында, эгерде балдар мурда бала бакчалардагы окууларга катышса, 1-класста кадыресе сабактарга катышып, окуп-үйрөнүү чөйрөсү кеңейет. Мында балдардын даярдоо тайпаларында, андан кийин нөлүнчү класста окугандары 1-класстын окуу жүктөмүнө киргизилет да, натыйжада балдар кайталанма предметтерден арылат.

Эң негизгиси, мындан ары турмуштук ар кандай кырдаалга жараша мектепке чейинки ар түрдүү билим берүү программаларына катыша албаган алты жаштагы балдар 1-класстан баштап даярдыктан өткөн башка балдар менен бирдей эле шартта окуу программасын өздөштүрө алат.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, республика боюнча 988,8 миң мектепке чейинки курактагы бала бар. Анын ичинен 220,0 миң бала гана бала бакчага барса, калган 768,8 мин балада андай мүмкүнчүлүк жок.

Бөлүшүү

Комментарийлер