КАЙРЫМДУУЛУККА ЧАКЫРГАН СЕМИНАР

  • 07.12.2023
  • 0

Нарын районунун Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде «Бирге көтөргөн жүк жеңил» деген темада семинар өттү.

КАЙРЫМДУУЛУККА ЧАКЫРГАН СЕМИНАР

Коомдук мааниси жогору бул иш-чарага Миң-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары Бектурганов Алтынбек, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун Ден соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкери Чакилова Бурул, «Теңир-Тоо» гезитинин  кабарчысы Кубанычбек Жумабаев, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Семинар 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө арналып уюштурулду. Чыгып сүйлөгөндөр мүмкүнчүлүгү чектелген  адамдарга  көңүл буруунун, кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүүнүн маанилүү экенин белгилешти жана облуста колдоо тапкан  «Бирге көтөргөн жүк жеңил» акциясына жогору баа беришти. Семинардын катышуучулары окуучулар даярдаган чакан концерттик программага күбө болушту.

Кенжегүл БЕКТЕМИРОВА, Нарын району

Бөлүшүү

Комментарийлер