КАТАРДА ФУТБОЛДОН АЗИЯ КУБОГУ ӨТҮҮДӨ

  • 15.01.2024
  • 0

КАТАРДА ФУТБОЛДОН АЗИЯ КУБОГУ ӨТҮҮДӨ

12-январда Катардын Лусаил шаарында футбол боюнча Азия кубогу башталды. Алгачкы оюнда талаа ээлери Катардын оюнчулары Ливандын курамасын 3:0 эсеби менен утту. Беттеш «Лусаил» стадионунда өтүп, Катардын чабуулчусу Акрам Афиф каршылаштардын дарбазасына катары менен эки, дагы бир чабуулчу Алмоез Али бир гол киргизди.

Бул беттешүүнүн алдында Азия Кубогунун ачылыш аземи өтүп, иш-чара театралдаштырылган шоу-программа менен коштолду. Салтанатка Катар өлкөсүнүн эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танини, Эл аралык Футбол федерациясынын  жана Азия футбол конфедерациясынын президенттери баштаган бир катар Азиядагы өлкөлөрдүн Футбол федерацияларынын жетекчилери катышты.

Азия кубогу үчүн таймашууларга 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдеш жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтүп жатат.

12-январда башталган Азия кубогунун мелдештери 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойнойт. 16-январда Таиланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25-январда болсо Оман курамалары менен беттешет.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн Азия кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израиль жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

 “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер