КАТАР КАЙРЫМДУУЛУК УЮМУ МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРДИ

  • 18.12.2024
  • 0

Катар кайрымдуулук уюму Кыргызстандын мектептери үчүн 500 даана мектеп партасын жана 500 даана отургуч тапшырды.

КАТАР КАЙРЫМДУУЛУК УЮМУ МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРДИ

17-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде Катар кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

“Колдоого муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруу керек. Өлкө боюнча отуздан ашык окуу жайы бар. Алардын жатаканаларын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жакшы  мүмкүнчүлүк түзүү керек”, – деди министр.

КАТАР КАЙРЫМДУУЛУК УЮМУ МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРДИ

Катар кайрымдуулук уюмунун директору Абдулькадыр Имам Аль Башейр маселелердин баарын чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, министрлик алдыдагы реформаларды ийгиликтүү ишке ашырарына ишенерин билдирди.

Жолугушууда аталган уюм тарабынан 2025-жылы төрт мектептин курулуш иштери башталары маалым болду.

КАТАР КАЙРЫМДУУЛУК УЮМУ МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРДИ

Бөлүшүү

Комментарийлер