КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ: “ЖАҢЫЛ МЫРЗА” ПОЭМАСЫ
- 07.02.2023
- 0
(Кыргыз адабияты, 10-класс)
Максаты: К.Тыныстановдун өмүр жолун жана «Жаңыл Мырза» поэмасынын мазмунун, идеясын билишет, тарбиялык маанисин талдай алышат. Эл-журт биримдигинин кымбаттыгын жана мекенге болгон сүйүүнүн ыйыктыгын көрүшөт. Эл бактысы өз бактысынан бийик экендигин сезишет. Келечекте эл керегине жараган, эмгегин арнаган өз элинин патриоту болууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: бышыктоо
Сабактын формасы: интерактивдүү
Колдонулуучу усулдар, ыкмалар: интерактивдүү, кахут, слайд
Колдонулуучу каражаттар: техникалык каражаттар, интерактивдүү доска, телефон, портреттер, ватман, маркер ж.б. у.с.
Предмет аралык байланыш: тарых, сүрөт, география, информатика
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу иштери: Окуучулар менен саламдашуу, сабакка катышуусуна, даярдыгына көз салуу.
Жагымдуу маанай түзүү.
Мугалим: Биз алгачкы тилчи, агартуучу, коомдук ишмер, жазуучу, тунгуч профессор Касым Тыныстановдун өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат алдык. «Касым ырлар жыйнагы» аттуу китебине кирген көлөмдүү «Жаңыл Мырза» поэмасы менен тааныштык. Бүгүнкү сабакта «Жаңыл Мырза» поэмасынын негизги идеясын – каармандардын мүнөзү, жүрүм-туруму аркылуу талкуулайбыз. Активдүү катышып, көп упай топтогон окуучулар Касым Тыныстановдун «10 сомдук» валютасы менен бааланат. Эмесе, көп упай топтоого аракет кылалы!
Слайдга көңүл буралы!
(Касым Тыныстановдун өмүр жолун чагылдырган слайд көрсөтүлөт).
Касым Тыныстановдун чыгармачылыгы боюнча түзүлгөн кахут оюнуна кезек берсек.
(Окуучулар телефонунун интернетин күйгүзүп, жекече иштеп балл топтойт, эң көп балл топтогон алдыңкы окуучулар «10 сом» алат).
Азаматсыңар!
Эмесе балдар, алгач поэманын жалпы сюжети кандай болгонун кыскача айта кетсек.
(Окуучулар «Жаңыл Мырза» поэмасы боюнча жалпы маалымат берет).
1-окуучу:
(Чыгармадан үзүндү көркөм окуйт):
Болуптур бир сонун күн бизден мурун,
Чынында эң сонун күн билем ал күн.
Күү тартып, күңгүрөнүп айтса кары,
Эрксизден ууландырат эр жүрөгүн.
Мугалим:
Балдар, бул бөлүмдө абышка комуз күүсү аркылуу өткөндү эстеп, айтып берет.
Максатым эмес менин сыйкырдамак,
Ыр ырдап, көпчүлүктөн мал жыйнамак.
Кур жерден калпты-чынды койгулатып,
Максатым эмес жана элди алдамак.
Түбүндө чын максатым комуз чалмак,
Кеткенди унутулуп, эске салмак.
Манасы өткөн күндүн бул эле деп,
Болгонду угуучуга баяндамак.
Өткөндүн максат эмес айтуу баарын,
Айтууга терип баарын, жетпес да алым.
Комуздун үч кылы өзү алдейлесин,
Басканда сары убайым, санаа жарым.
Тереңге кумарданган киши болсо,
Тыңшасын тереңирээк комуз зарын.
Жол тозгон эрме чөлдө саятчыга,
Сүйлөсүн долу комуз Жаңыл жайын….
2-окуучу:
2-бөлүм. Чыгарманын экинчи бөлүмүндө Ала-Тоо койнунда жашаган эркин элди сүрөттөйт. Тагай бий, анын урпактары: Түлкү, Үчүкө, булардан соң Жаңыл тууралуу азын-оолак кеп болот.
Жаз күнү эл жайлоого көчүп жатты,
Эл менен Түлкү үйү да жүгүн артты.
Ал күнү Түлкү үйүндө жок эле, келинчеги атын токуп, жүгүн артып, кайненесин атказбастан бешикти эңип алып, өзү жолго чыкты. Илгертен келе жаткан салтта улууларды урматтоо, ата салтын аздектөө, сыйлоо, аксакал карылардан бата алуу – башкы милдет болгон. Ошентип, Түлкү келди бешим убак, какшанды көч үстүнөн кемпир кер жаак: «Колунан баланы ал да балам болсоң, жоготкун көч үстүнөн кетсин бейбак», — деди.Чырдын себебин сурабастан, Түлкү баласын алып калып, жубайын ат-төөсү менен жолго салды. Ошондо жетим калган Тынай ыйлай-сыктай чоңоёт.Түлкү кайра үйлөнүүнү ойлонбойт, теңтуштары айтса да унчукпайт. Арадан жылдар өтүп Түлкүнү турмуш жеңип, Какшаалда хандык курган кыз Жаңылды алууну ойлоду. Бирок Түлкү баатырдын ою той жасабастан, кызды багындырып алуу максаты болду. Бул оюн эрлерге айтуу үчүн Үчүкө, Чабак, Атакозу жана Шырдакбекти да кеңешке чакырды. Ошентип төрт баатыр жолго чыкты камданып.
Нойгуттун жаны – Жаңыл, каны – Жаңыл, чытырап так ошондо толгон кези.
Жаңыл кыз эр кийимин кийип, чачын түйүп жүргөн соң Мырза деген эл ат койгон. Кесиби: бүркүт салып, ит агытып, жаа тартып, оюн ойноп, той тойлогон. Жаңылды алабыз деп келген далай баатырлар максатына жетпей жебеден куш тилиндей жанын берген.
Баатыр адатынча Кертайганын ээрчитип, тоодо жүргөн, аңгыча кабар жетти, жылкыларды айдап кетти деген. Күн батканда Жаңыл жылкыларды издөөгө жолго чыкты.Түн кирип, жылдыз толгондо жар алдынан жанган отту көрдү. Токтоп атынын башын байлап, жар башынан карап турду. Олжолоп кеткен жылкыны туюк жарга камап коюп, ортодо таш кордо кайнатып жаткан баатырларды көрдү. Түлкү,Үчүкө экенин таанып, бирден сынады, баатырлар биринен-бири мыкты. Бирок Түлкүгө келгенде сын тайгылып, кемтик таппай, толкундап кетти…
Кертайган илгертен канга жолдуу,
Шимшилеп кирип барды от жакалап.
«Канчыктын Кертайганы…» — деди Түлкү,
Мөндүрдөй тарткан жебе тийди шак-шак!
Ошентип, төрт баатыр коломтодо канга толуп, жатышты жан бере албай алек болуп.
Кыз Жаңыл Түлкү баатырга ашык болгонун сезди:
«Жалындуу махабатым сени тапты …»
Жер жүзү жарык болду таң агарып.
Ким сүйүп жетише албай, ким өлгөнүн
Таң жели жомоктоду күүгө салып.
3-окуучу:
3-бөлүм. Калың эл Түлкү баатырды жоктоп кайгыда калды, Жаңыл кыздын жебеси жомок болуп айтылып калды. Арадан жылдар өтүп эрлердин кунун алуу маселеси көтөрүлдү. Кең Таластын боюна кыргыз, казак жыйын курду. Жаңылды туткундоону ойлонушту. Акыры бир чечимге келишип,сынчыны жиберип айылдын абалын билишти. Андан соң Жаңылдын айылына аттанышып, кол үч топко бөлүнүштү. Бириси түн жамынып жылкыга тийсин, экинчиси жоонун жолун тоссун, үчүнчүсү Жаңылдын жолун бөгөсүн дейт. Акыры болжогондору ишке ашып, кысыктан Жаңыл Мырза өтө бергенде, Абыл чылбырлап калды. Канжарын алып, саймакчы болгондо Абылды тааный салып, «Аттиң ай!…болбос, болбос» деди, аңгыча эл келип жабылып калды.Ошентип, Какшаалдын кыз кабыланы колго түшөт. “Өмүрү кордукта өтсүн!” деп бир карыяга олжого беришти.
4-окуучу
4-бөлүм. Чыгарманын бул бөлүмүндө тоо-ташта эркин жүргөн Жаңыл капастагы кабыланга окшоду. Ичтен күйүтү күчөп, чындык сөзүн, махабатын Түлкүгө айтканын эстеп турду. Арадан көп жылдар өттү. Бир күнү жайлоодо кымыз ичип, эс алып эриккен эл Жаңылдын кыз кезиндеги өнөрүн бир көрсөтүүсүн өтүнүшөт. Абыл келип Жаңылдын ат минип өз өнөрүн көрсөтүүсүн айтат. Эч бир жанга кул болбой, тирешкенин таптап, басып, жеңип келген Жаңыл алгач көнбөйт. Абылга: “Сен кысыкта чылбырдан алганыңда, аядым эл туткасыз калбасын дедим”, — деп айласыз эл үчүн ушул абалга туш келгенин эстетти.
Капаста “эрк” сагынган мен бир туткун,
Ат минсем, кетеримди эсине алсын.
“Эл мени кыйнабасын” дейт, “эгерде мен кетүүгө бет алсам, майданда эрлер салгылашып кан төгүү болбосун, андан көрө капаста кабыландай кайгы жеп жатканым дурус” дейт. Акыры, жаралып жалгыз жанга баш ийбеген Жаңыл шер, Жаңыл жолборс, Жаңыл кабылан, жоргосун Шырдакбектин минип, жаа менен мурда кийген жоо кийимин кийип, сынашмакка түшүп калды.
5-окуучу:
5-бөлүм. Ошентип, жайлоого чогулган эл Жаңылдын аңгемесин көрмөк болушту. Эл ичинде имиштер айтылып, Жаңылдын качып кетпесине алдын ала даярданып коюшкан. Бешим ченде боз жорго минген үстүндө эр кийими, жарак-жабдыгы менен мурунку Жаңыл келип, топту жарып Абылга айтты:
Саркыты илгеркинин калды бекен?
Кайын иним, тебетейиң асманга атчы!…
Ыргыткан тебетейди асмандан түшүрбөстөн жаа менен он беш жолу тартып жиберди. Түшүрбөй тебетейди кагып алып, Абылга “кий” деп алып барды. Караса: тебетейде түк төбө жок, тегерек түпкүч болуп калыптыр. Абыл: “Багындым, баракелде!” — деди да мойнуна чылбыр салып кулдук урду. “Кош, кайним! Бизге уруксат болгон чыгар!” — деп Жаңыл жолго түштү камчыланып…
Куралданып келген эл кыймылсыз, үнсүз-сөзсүз аңкайып таң болуп карап калды. “Жаралган жумуру баштын алды экен» деп мактоого алышып, куру демдүүлөрү өкүнүп калышты. “Бейбактан тукум албай бекер кылдык” деп бир топ эл арманда тарашты…
Жаңыл күн-түндөп жол жүрүп, туулган жери Какшаал-Тоого келет. Келсе кара туман, калың кайгы каптап элин эчак багынтып алганын, сыйпалып эч нерсе калбай, жалгыз гана жылаңач тоо калганын көрүп аң-таң калды. Ээнсиреп эч нерсеси калбаган Жаңыл баягы төрт азамат өлгөн жерге келип, Түлкүгө берген убадасын эстеп, өмүрдүн эң акыркы күүсүн тартты.
Жел мактап махабатты күүгө салды…
Ой чиркин … күн экенсиң өткөн заман,
Тамшанткан такылдаткан, таң калтырган.
Мугалим: Азаматсыңар, биз чыгарма тууралуу жакшы маалымат алдык, окуяны көркөм, таамай баяндап бердиңер! Эми суроолорго так, туура жооп бергиле.
Суроолор:
1) Поэманын сюжети кандай?
2) Канча саптан турат?
3) Чыгарманын прологу эмнеден башталат?
4) Поэма кайсы жылдарга таандык?
5) Кайсы жыйнакка, кайсы жылдары басылган?
6) Чыгармадагы башкы каармандар кимдер?
7) Окуя кайда болгон?
8) Чыгармада кандай түбөлүктүү темалар камтылган?
9) Махабат темасы кандай сүрөттөлдү?
10) Түлкү ким, анын чыгармада сүрөттөлүшү кандай берилет?
11) Жаңылдын сүрөттөлүшүн чыгармадан далилдеп бере аласыңбы?
12) Бул чыгармага дагы кимдер кайрылган?
13) Башка чыгармалардан өзгөчөлүгүн, окшоштугун, айырмачылыгын далилдеп бергиле. Венндин диаграммасын түзсөңөр болот.
Мугалим: Балдар, биз бүгүн өмүрү өрнөк инсан Касым Тыныстановдун “Жаңыл Мырза” поэмасын талкууладык. Бул чыгарма аркылуу Мекенге, туулуп-өскөн айылга болгон сүйүүнү жана махабаттын тунуктугун, элдин бейпилдиги, тынчтыгы биринчи орунда турарын билдик.
Үйгө тапшырма: “Мекендин тынчтыгы – элдин бейпилдиги” деген темада эссе жазып келүү.
Баалоо: Ар биринин топтогон акчасына жараша бааланды.
Эдиса Кыдырмышова, Талас облустук лицей-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер