КАСТЫК ТИЛИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

  • 18.06.2024
  • 0

“Мамлекет, жеке сектор, ЖМК же интернет корпорация, диний лидер, педагог жана жарандык коом өкүлдөрүбү, кастык тилинен жабыркаган ким болбосун, баарыбыз кастык тилинин жайылышына каршы чечкиндүү аракеттерге жооптубуз” дейт Кастык тили менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жыйындын катышуучулары.

17-июнь Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2021-жылы Кастык тилине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү болуп жарыяланган.

КАСТЫК ТИЛИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

Бүгүн жек көрүүчүлүк тили бүт дүйнөдө жайылып жатат. Кастык риторикасы зордук-зомбулукка тукуруп, социалдык биримдикти, толеранттуулукту бузуп, психологиялык, эмоционалдык жана физикалык зыян келтирүүдө. Мындай зыяндуу риторика бир эле адамга же топко эмес, бүтүндөй коомго каршы багытталган учурлар болууда.

КАСТЫК ТИЛИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

Тилдин зыяндуу таасири бул – жаңы көрүнүш эмес. Бирок санарип технологиялар өнүккөн доордо анын масштабы жана таасири күчөп, бөлүп-жаруучу, идеологияны жана риториканы глобалдык масштабда жайылткан ыкмага айланууда.

Эгер кастык тили менен күрөшпөсөк, ал тынчтык өнүгүүгө зыян алып келери турган иш. Анткени конфликт менен чыңалууга кыртыш түзүп, чоң масштабдагы адам укуктарынын бузулушуна алып келүүдө,-дейт эксперттер.

Кыргызстанда кастык тилге каршы күрөшүүнүн жол картасын иштеп чыгуу боюнча ЮНЕСКО менен ПРООНдун эки жылдык долбоору иштеп баштаган. Аны Бишкектеги «МедиаКонсалт» фонду ишке ашырууда. Бишкектеги жыйында көп тараптуу консультативдик кеңештин мүчөлөрү кастык тилин тизгиндөөдө биринчи кезектеги чаралар тууралуу пикир алышты. Алардын ой тыянактарынын негизинде Кыргыз өкмөтүнө жана парламентине тийиштүү сунуштар иштелип чыкмакчы.

КАСТЫК ТИЛИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

2021-жылы июлда БУУнун Башкы ассамблеясы кастык тилинин бүт дүйнөгө жайылып бараткан коркунучун эске алып, кастык тили менен күрөшүү контексинде эл аралык, маданият аралык диалогду жана сабырдуулукту колдоо жөнүндө резолюция кабыл алган.

БУУ кастык маанайдагы, адамды же топту дини, улуту, расасы, социалдык теги, жынысы жана иденттүүлүгү башка бир белгиси боюнча басмырлаган, басынткан, шылдыңдаган, кордогон дискриминациялык мүнөздөгү оозеки, жазуу же мамиле түрүндөгү бардык коммуникацияны жек көрүү риторикасы деп тааныйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер