КАРА-КӨЛДӨ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ
- 10.08.2023
- 0
Кара-Көлдө көптөн бери кароосуз калган салык кызматынын имараты бала бакча болот. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.
Мектепке чейинки курактагы бөбөктөр баруучу бала бакчада алты тайпа түзүү болжолдонууда. “Көп жылдан бери пайдаланылбай, кароосуз калган имараттын оңдоо иштерин Дүйнөлүк банк каржылайт. Билим берүү жана илим министрлигинин бул долбооруна жергиликтүү мэрия да көмөктөшүп, бала бакчанын чатырын жаап берет, ал эми калган иштер долбоор аркылуу аткарылат” — дейт Алымкан Мырзалиева.
А.К.
Бөлүшүү
Комментарийлер