КАРА-БАЛТАДАГЫ КҮЗ МАЙРАМЫ

  • 25.10.2024
  • 0

25-октябрда Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектебинде Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнү заман талабына ылайык трансформациялоо, 12 жылдык мектепке өтүү багыттарына чар тарабынан төп келген «Күз периси жана күз мырзасы» сынагы зор уюшкандыкта эсте каларлык уюштурулду.

КАРА-БАЛТАДАГЫ КҮЗ МАЙРАМЫ

Күз берекесин даңктаган бул кызыктуу таймашка   10-класстан Адылова Дениза,  Бекбосунов Байэл, 9-«б» класстан Тентиева Суламита,  Кабылов Орозбек, 9-«в» класстан   Фаязова Бүүсайра, Кубанычбеков Мирбек, 9- «а» класстан Хабибиллаева Ай-Данек, Медалбеков Амантур, 11-класстын окуучулары Исмаилова Айгерим жана Абасов Адил катышты.

— Бүгүнкү сынакта биз, тарбиячылар, окуучулардын креативдүү ойлоосун, фантазиясын, эстетикалык табитин, ошондой эле балдар менен кыздардын жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүүнү көздөдүк, — деди  мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Нуриза Бекболотова.

Жыл сайын өтүүчү бул тарбиялык таасири күчтүү иш-чара адаттагыдай эле конкурсанттардын өзүн-өзү тааныштыруусу менен башталды. Берилген үч минутанын ичинде жуптар чыгармачылык изденүүлөрү аркылуу өздөрүн тааныштыра алышты. Мектеп директору Аида Саргалдаева башында турган калыстар тобу ар бир тапшырмадан кийин өз баасын коюп, убагында баалап турушту.

Кийинки «Талантым менен таанылам» тапшырмасында конкурсанттар өз шыгына жараша бий бийлеп, ыр ырдап беришти. Андан аркы «Күзгү салат» тапшырмасына окуучулар ак төөнүн карды жарылган күзгү мол түшүмдөн түрдүү салат жасап, калыстар тобунун кароосуна коюшту. Мындан кийинки «Күз көйнөгү» аттуу тапшырмада конкурсанттар өз фантазиясы менен жаралган сонун көйнөктөрдү көрсөтүп, көрөрмандардын купулуна толду.

Бул күнкү сынакта 11-класстын окуучулары Исмаилова Айгерим менен  Абасов Адил  «Күз периси», «Күз мырзасы» аталып, грамота менен бирге мектеп директору Аида Саргалдаева менен тарбия завучу Нурмиза Болотбековадан кол саатты белекке алышты.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектепти үч жылдан бери республикалык директорлорду тестирлөө жолу менен тандоо сынагынын жеңүүчүсү Аида Саргалдаева жетектейт. Билим ордосунда быйыл 1200 окуучу окуса, түштөн кийин медресенин 400 окуучусу билим алууда. Быйылкы окуу жылында  8 миллион сомго мектептин жылытуу системасы толук бойдон электр жылыткычтарына  алмаштырылды. Буюрса алдыдагы кыш айларында окуучулар жылуу класстык бөлмөлөрдө билим алышмакчы.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер