КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЖРТНЫН БОСОГО БАЛЛЫ ЖЫЛ САЙЫН ЭКИ БАЛЛГА ЖОГОРУЛАТЫЛАТ”
- 28.08.2023
- 0
Август конференциясында министр баалоонун кээ бир критерийлерине өзгөртүү киргизүү керектигин баса белгиледи.
— ЖРТда айрым суроолор татаал болуп калган, жөнөкөйлөтүшүбүз зарыл. Баалоо эң калыс, эң натыйжалуу болууга тийиш. Бардык аракеттердин натыйжасында ЖРТнын орточо көрсөткүчү быйылкы 2022-2023-окуу жылында былтыркы 2021-2022-окуу жылына салыштырмалуу 2 баллга жогорулады, б.а. 119, 9 дан 121,8ге көтөрүлдү. Өткөн жылы Алтын тамга аттестатына 80 абитуриент тастыкталса, быйыл бул көрсөткүч 168ге чыкты. Кийинки жылдан бюджеттик багыттар боюнча босого балл орточо 123 болушу керек. Ошентип, жыл сайын ЖРТнын босого баллын эки баллга жогорулатууну пландап жатабыз, — деди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер