КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ – БУЛ ЖОМОК ЭМЕС, БУЛ БИЗДИН ДООРГО КИРИП КЕЛДИ”

  • 28.08.2023
  • 0

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ  – БУЛ ЖОМОК ЭМЕС, БУЛ БИЗДИН ДООРГО КИРИП КЕЛДИ”
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуу-тарбия процессин уюштурууну жакшыртуу жаиа билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги фактору катары мугалимдердин чыгармачылык потенциалы жогорулатуу максатында уюштурулган билим берүү системасынын кызматкерлеринин Август педагогикалык конференцияда министр Каныбек Иманалиевдин сүйлөгөн сөзүнөн.

— Биз доор тынымсыз өзгөрүп жаткан күндөрдө жолугуп отурабыз.

Биринчиден азыр жасалма интеллект бул – жомок эмес, бул биздин доорго кирип келди. Ошол доордо жашап жатабыз. Жасалма интеллекттин башаты бул – илим, информатика, математика, физика, логика, чыгармачыл жана креативдүү ой жүгүртүү.

Жасалма интеллект адамзатты эмгек рыногунан сүрүп чыгарып бара жатат. Жакынкы күндө адамзат эки чоң көйгөйгө кабылган турат. Биринчиси – жумушсуздук. Робот 800 миң адамды жумушсуз калтырат. Ошол доордо биздин балдар эмне кылат?

Экинчиси – жакынкы беш-он жылда климаттык өзгөрүүлөрдөн улам климаттык качкындар пайда болот. Демек, ошого жараша адистерди даярдоо биздин милдет.

Жакынкы жылдары алтымыштай адистик жок болуп, үч жүздөй жаңы кесиптер пайда болот. Жаңы пайда болгон кесиптердин бардыгы IT-технология менен байланыштуу. Буга чейин IT-технология бир эле кесип болсо, азыр IT-технология сегментация болуп, IT-дизайнер, IT-робототехника сыяктуу майда жүздөгөн кесиптерге айланып кетти.

Илимдин да, экономиканын да, маданияттын да, аскердик техниканын да өсүшү IT-технологияга байланыштуу.

Мына ошол күргүштөп өнүгүп аткан доордо өз эгемендигибизди коргоп, сактап, кантип доордон артта калбай алдыга карай умтула алабыз? Доор бизден жаңы тажрыйба, жаңы көндүмдөрдү талап кылып жатат.

21-кылымдын нефтиси бул — IT-технология жана санарип билим. Кадимки нефтини казып алып, кайра иштетип ийгиликке жетишкен өлкөлөр эбегейсиз байлыкка ээ болгондугун жакшы билебиз. Кыргызстан мен айтып жаткан 21-кылымдын нефтиси болгон IT-технологияны кайра иштетүүчү өлкө боло алабы?

Азыр интернеттеги бардык маалыматты басып чыгаруу үчүн бизге 300 миллиард барак кагаз керек болот. Мунун көлөмү тарыхта жазылган бардык китептерди басып чыгаруу үчүн талап кылынган барактардын санынан 4-5 эсеге көптүк кыларын элестетип көрүңүз.

IT-секторунун өсүшү өлкө үчүн кызыктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Региондогу эң ири такси кызматы болгон Яндекстин өзүнүн бир дагы машинасы жок экендигин кантип түшүнсө болот?

Войлд бериз – бир дагы дүкөнү жок, бирок аймактагы эң ири сатуучу болуп саналат.

Фейсбук — ал жерде иштеген киши жок, бирок контентти жаратпастан эле, коомдук пикирди калыптандырууга чоң таасирин тийгизип жатат, — деди министр.

Бөлүшүү

Комментарийлер