КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЗАМАНБАП ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫ 21-КЫЛЫМДЫН КӨНДҮМДӨРҮНӨ ЖАНА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫНА БАСЫМ ЖАСАЛУУСУ АБЗЕЛ”

  • 28.08.2023
  • 0

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЗАМАНБАП ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫ 21-КЫЛЫМДЫН КӨНДҮМДӨРҮНӨ ЖАНА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫНА БАСЫМ ЖАСАЛУУСУ АБЗЕЛ”

Министр педагогдордун Август конференциясында заманбап окуу программаларын иштеп чыгууда чыгармачылык, технологиялык көндүмдөр, критикалык ой жүгүртүү, инсандык сапаттар, глобалдык ой жүгүртүү, жарандык сабаттуулук, ден соолук жана турмуш-тиричилик коопсуздугу, финансылык, экономикалык сабаттуулук сыяктуу 21-кылымдын көндүмдөрүнө жана компетенцияларына басым жасалуусу абзел экенине токтолду.

— Билим берүү — бул маданияттын туу чокусу, экономиканын маанилүү бөлүгү, мамлекетибиздин негизги милдети болуп саналат. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө ылайык дүйнө жүзүндө «көпчүлүк мектептер окуучулардын үмүтүн актабайт» жаткандыгы белгиленет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, билим берүүдөгү окуучулардын даярдыгы, окутуунун натыйжалуулугу, материалды өздөштүрүү, окуу процессин башкаруу сыяктуу негизги компонеттердин бирөө эле натыйжалуу иштебесе окуу процесси ийгиликке жетпейт. Ошондуктан окуучуларыбыздын, дүйнөлүк коомчулутун жана эмгек рыногунун муктаждыктарына жараша заманбап окуу программаларын иштеп чыгуу учурдун талабы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-июль 2022-жылдагы токтому менен бекитилген жалпы мектептик билим берүүнүн окуу стандартында, 1-11-класстын окуучуларында калыптанышы керек болгон негизги компетенциялар булар: маалыматтык компетентүүлүк, социалдык-коммуникативдик компетентүүлүк, өзүн — өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү компетентүүлүгү, жашыл көндүмдөр, медиа сабаттуулук, — деди Каныбек Капашович.

Демек, окуу программаларын иштеп чыгууда ушул көндүмдөргө жана компетенцияларга өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер