Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «УЛУТТУК ПЕДАГОГИКА МЕНЕН САНАРИП БИЛИМДИ АЙКАЛЫШТЫРА БИЛЕЛИ»

  • 08.09.2023
  • 0

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «УЛУТТУК ПЕДАГОГИКА МЕНЕН САНАРИП БИЛИМДИ АЙКАЛЫШТЫРА БИЛЕЛИ»

КР Билим берүү жана илим министри Каныбек ИМАНАЛИЕВДИН педагогдордун  август конференциясында сүйлөгөн сөзү.

29-август, 2023-жыл

Мугалимдердин август кеңешмеси — бул салтка айланган жыл сайын өтүүчү эң олуттуу жыйыны, мындайча айтканда мугалимдердин улуу курултайы деп атасак болот.

Кыргыздар байыртадан эле билимге ынтызар болуп, баамчыл, билимдүү адамды ар дайым сыйлап келген. Кыргыз эли Түрк цивилизациясынын, “Орхон-Енисей” жазмасынын башында турган. Ал доордо өз жазмасы болгон саналуу улут болсо, ошолордун бири – биздин ата-бабалар болгон. Ошол кезде эле биздин ата-бабаларыбыз “Ай-күн жыл санагын” жараткан. Алар айга карап аба ырайын боолгоп, жылдызга карап жолго чыгып, үркөргө карап аштык айдап, тогоолго карап тиричилигин кылып келген. Табияттын миң сырын түшүнө билүү не деген баамчылдык?!

Түрк ааламынын даанышмандары аталган Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари биздин мекендешибиз болгондугу биз үчүн чоң сыймык. Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Жети Аке аталарыбыз акын, даанышман гана эмес, эң ириде эл агартуучулар болушкан. “Манас” эпосу, Ч.Айтматовдун чыгармалары – бул биздин улутубуздун ой чабытынын эң чоң жемиши.

Кыргыз элинин аздектеп келген ата-салты, үрп-адаттары, элдик оозеки чыгармачылыгы – улуттук педагогиканын асыл кенчи эмеспи. Кыргыз эли сөз багып, сөздү кадырлап, маани берип, данектүү сүйлөп, даректүү кеп айтып, терең маанилүү элдик педагогиканы камтыган таалим-тарбия кодексин жаратышкан. Биздин макал-лакаптар педагогиканын эмне деген асыл кенчи дейсиз! Бир-эки сапта эле опол тоодой ойлор, орошон түшүнүктөр жатат. «Ата сөзү – акылдын көзү», «Эстүү кыз эне сөзүн сыйлайт, акылдуу бала ата сөзүн кыйбайт». «Атадан акыл, энеден тарбия», «Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат» деген акылман сөздөрдө кандай деген тарбиялык кенч жатат.

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары, биз окутуу жана тарбиялоо процессин этнопедагогиканын негизинде өркүндөтүүбүз абзел. Сырттан кирген даяр форма менен мазмун ар дайым эле оң натыйжа бере бербестигин турмуш чындыгы далилдеди. Элибиздин рухий байлыктарына, кыргыз элинин менталитетине таандык моралдык-этикалык улуу дөөлөттөрдү окуучуларыбыздын дилине сиңирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Ошондуктан өлкө башчыбыздын “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгы өз убагында чыккан деп баса белгилеп кетет элем.

Улуттук педагогика менен санарип билимди айкалыштыра билүү бүгүнкү башкы артыкчылык болуусу кажет. Улуттун рухун тарбия жаратат. Адам баласындай эле улуттун денесинде эки нерсе бириккен. Бирөө – ата-бабасынан мурас калган тарбиясы, экинчиси – мектеп аркылуу алган тарбиясы. Тарбия аркылуу улуттук аң-сезим, улуттун тарыхы, үрп-адаттары муундан-муунга мурас болуп калат. Тарбиянын жоктугу улуттун рухунун алсыздыгын билдирет. Тарбияны барктабаган улут рухунун кыйрашына себепкер болот. Тарбия кайсы багытта жол алса, улуттун руху аны ээрчийт.

Өткөн кылымдын башында Санкт-Петербург географиялык коомунун журналында “Кыргыз эли билимдүү болуш үчүн 350-400 жыл талап кылынат” деген кызыктуу божомол жарыяланган экен. Бирок мындай божомолдон 30 жыл өтпөй Кыргызстандын калкынын 90% сабаттуу болууга жетишкен. Совет доору кыргыз элинин бактысына Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Кусеин Карасаев, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу бүтүндөй бир мамлекетти, доорду өзгөрткөн жана бүгүнкү Эгемен Кыргызстандын пайдубалын түптөгөн чыгаан инсандарды даярдап берди. Совет доорунда чыныгы социалисттик ренессанс жаралган – башка улуттар 100 жылдарда жетпеген ийгиликтерге кыргыз эли бир канча жылда эле жетише алды. Демек, биз дагы ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп өлкөбүздүн келечеги үчүн билимдүү муунду тарбиялашыбыз абзел. Бул биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздан экендиги талашсыз.

Мугалим баркталган жана бааланган коомдо гана илим-билим өнүгөрү айныксыз. Биз мугалимдин дараметин, эң негизгиси анын беделин жогорулатуу боюнча бардык шарттарды түзүп беришибиз кажет.

Азыркы учурда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жаңы, кубаттуу дем берүү доору келди. Бүгүн мен улуттук билим берүү жана илим тармагынын олуттуу маселелери боюнча аткарылып жаткан жана алдыда аткарыла турган иштер, көйгөйлөр тууралуу токтолуп кетүүнү туура көрдүм. Бул жыйында биз өткөндөргө саресеп салып, «жети өлчөп, бир кесип», келечекке багыт алабыз. Албетте, көйгөйлөрүбүз көп, алар боюнча 28-августта старт алган конференциядан баштап, байма-бай айтып келе жатабыз. Буга токтолуштун кажети жок. Эң негизгиси, Кыргызстанда билимди көтөрүүгө жалпы улуттук максат, умтулуу бар. Буга урматтуу Президентибиздин акыркы кадамдары, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, коомчулуктун колдоосу күбө боло алат. Бул биз үчүн опол тоодой ишенич. Бизди ар тараптан колдоп жаткан эл аралык өнөктөштөргө да рахматымды айтам.

Ушул ишеничти актоо биздин озуйпабыз болот, урматтуу мугалимдер! Буга катар биздин акыркы жылда жасаган ишибизде ийгиликтер да жок эмес.

Мисалы:

“Билим берүү жөнүндө”, “Илим жөнүндө” мыйзамдар кабыл алынды; Пилоттук түрдө “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашырдык; Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча Кыргызстан 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи; Быйыл жалпы республикалык тесттин орточо көрсөткүчү 2022-жылга салыштырмалуу 2,1 баллга жогорулады же башкача айтканда 119,8 баллдан 121,9 баллга өстү. ЖРТдан 110дон төмөн алган балдардын саны 16% азайды; «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган балдардын саны 168 түзүп, былтыркыга караганда дээрлик эки эсеге көп болду; Капиталдык салымдар беренеси боюнча дагы мектептердин, бала бакчалардын курулушуна, оңдоп-түзөөсүнө бөлүнгөн каражаттардын суммасы дээрлик жети эсеге өстү. Эгер мурун 1,2 млрд бөлүнсө, быйыл 7,7 млрд сомду түздү; “Кыргыз-Түрк Манас” университети дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 900 окуу жайдын катарына кирди; Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Президенттик «Акылман» лицейи ачылды. Президенттик IT лицейи түзүлдү; Мугалим болом деген бүтүрүүчүлөрдүн саны бир кыйла өсүп, кадыр-баркы жогорулап жатат. Мисалы: 2020-жылы 3000 мугалим жетишпесе, буйруса быйыл бул көрсөткүч 300-350 түшөт; Быйыл ЖОЖдордо педагогикалык кесипке 6 415 абитуриент тапшырып, 4 366 өттү, педколледждерге 14 269 тапшырып, 11 614 өттү. Эми келечектеги максаттар жөнүндө сүйлөшсөк.

Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке чейинки билим берүү – бул билим алуунун башаты экени айныксыз. Анткени изилдөөлөр көрсөткөндөй эрте өнүгүүгө салынган ар бир тыйын келечекте экономикабызга эки же үч эсе эмес, 16 эсе натыйжа алып келет. Ошондуктан мектепке чейинки билим берүү — биздин улуттук стратегиянын эң негизги багыттарынын бири болуш керек.

Кыргызстанда жыл сайын 150 миңден ашык бала төрөлүп, 7 жашка чейинки балдардын саны – 1 миллион 107 миң баланы көрсөтүүдө. Бул бүткүл өлкөнүн калкынын дээрлик – 16% түзөт! Бул албетте кубанычтуу!

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда акыркы 74 жылдагы калктын максималдуу өсүшү күтүлүүдɵ. Ага ылайык, 2028-жылдан бала бакчаларга, ал эми 2032-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын мектептерине оор жүктөмдөр артылат.

2022-2023-окуу жылында 1834 бала бакча иштеп, 220 миңден ашык бала мектепке чейинки билим берүү программалары менен камсыздалды. Бала бакчалар  өткөн окуу жылына салыштырмалуу 122ге көбөйдү. Бирок балдардын бала бакча менен камсыз болушу акыркы маалыматтарга таянсак  26% болуп калууда.

Балдарды МЧББУ менен 30 пайыздан жогорку камсыздаган район, шаарлар

Район, шаарларБалдардын МЧББУ менен

камсыздалышы (%)

1Талас шаары55,4
2Баткен шаары42,2
3Чаткал району41,5
4Нарын шаары41,4
5Ош шаары38,2
6Каракол шаары38,2
7Көк-Жаңгак шаары38,0
8Кемин району34,2
9Ысык-Көл району33,0
10Кара-Көл шаары31,7

Балдарды МЧББУ менен 30 пайыздан төмөн камсыздаган район, шаарлар

Район, шаарларБалдардын МЧББУ менен

камсыздалышы (%)

1Жети-Өгүз19,6
2Тоң19,2
3Майлы-Суу шаары17,8
4Ала-Бука17,5
5Сокулук17,4
6Москва16,5
7Түп16,4
8Токтогул15,8
9Сузак13,6
10Өзгөн шаарында8,9

Биздин алдыбызда 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүүнүн көрсөткүчүн азыркы 26 пайыздан 90 пайызга чейин жеткирүү милдети турат. Аталган көрсөткүчтөргө жетиш үчүн биз жылына жок дегенде 10 пайызга жогорулатуубуз абзел. Бул билим берүүнүн улуттук миссиясы деп ойлойм. Аталган көрсөткүчтөргө жетиш үчүн Бишкек жана Ош шаарлары жылына 15 пайыздан кем эмес, райондук жана шаардык борборлор жылына 10 пайыздан кем эмес, айылдар 5-10 пайыздан кем эмес бала бакчага барган балдардын санын көбөйтүүгө милдеттүүбүз.

Ал үчүн жергиликтүү бийлик менен жапа тырмак чогуу иштеп, бардык имараттарды толук натыйжалуу пайдалануу керек. Азыр Кыргызстандагы аймактык-территориялык реформабыз жигердүү жүрүп, жүздөгөн мамлекеттик имараттар бошоп жатат. Мен аларды бала бакча катары пайдалануу сунушу менен облус жетекчилерине, акимдерге, айыл өкмөттөргө кайрылат элем. Мында бизнес коомчулукту тартуу абзел. Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасын республика боюнча жайылтуу керек. Бул демилгени бардык райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү колго алышыңыздар керек.

“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу абзел. Анда: 2024-жылдан баштап мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү; бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн участоктордун тизмесин бекитүү; педагогикалык багыттагы ЖОЖдордо мектепке чейинки билим берүү уюмдары түрүндө практикалык-лабораторияларды түзүү; мамлекеттик жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу; менчигинин түрүнө карабай балдар бакчасын курууда тышкы жана ички инженердик тармактарды туташтырууну камсыздоо; мектепке чейинки билим берүү уюмун куруучу жеке жактарга 49 жылдык мөөнөткө жер участогун ижарага берүү; мамлекеттик жана муниципалдык балдар бакчасын куруп берген меценаттардын ысымдарын ыйгаруу каралды.

Октябрь айында биз Өкмөттүн деңгээлинде атайын республикалык кеңешмени өткөрүүнү демилгелеп жатабыз. Аталган кеңешмеде шаардын мэрлерине, акимдерге, айыл өкмөттөргө мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча милдеттенмелер берилет. Жаңы мыйзамдын негизинде мындан ары жеке бала бакчаларды “Кабарлоо” аркылуу ачууга жол берилди. Эми алар лицензия албастан туруп, билдирүү менен бала бакча ача алышат. Тогуз педагогикалык жогорку окуу жайларга дагы бала бакча ачууну тапшырдык.

15-20 жылдагы билим берүүнүн деңгээли кандай болоору биздин бүгүнкү шартта канча пайыз мектепке чейинки билим берүү менен камсыздап жатканыбыз менен түздөн-түз байланыштуу. Ал канчалык жогору болсо билим деңгээли дагы жогорулайт. Албетте, ал үчүн педагогдорду, тарбиячыларды даярдоо биздин негизги озуйпабыз болот.

Жаңы окуу жылына карата жеке ишкерлердин өз эсебинен 3 балдар бакчасы курулуп, муниципалдык баланска өткөрүлүп берилүүдө. Алар:

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында Орумбаев Турганбай атындагы 100 орундуу, эки кабаттуу бала бакча жеке ишкер, Бектурсун Орумбаев тарабынан;

— Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылында “Бурабия эне” атындагы 100 орундуу, эки кабат балдар бакчасы жеке ишкер Шавкат Закиров тарабынан;

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талап айылында “Тургун кызы Сулайка ажы эне” атындагы 90 орундуу эки кабат бала бакча жеке ишкер Токоев Айбек Рахманбердиевич тарабынан ачылды. Мен бул инсандарга алкышымды айтамын.

Биз, медценаттарыбызга, эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирүү менен бардык жеке ишкерлерди кызматташууга чакырабыз. Биргеликте жасалган кадамдар менен гана билим берүү системасын жакшырта алабыз.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «УЛУТТУК ПЕДАГОГИКА МЕНЕН САНАРИП БИЛИМДИ АЙКАЛЫШТЫРА БИЛЕЛИ»

Мектептик билим берүү

Урматтуу бүгүнкү конференциянын катышуучулары, эми мектептик билим берүү жөнүндө айта кетейин. Статистикага ылайык, Кыргызстан боюнча 2359 мектеп бар. Ал мектептерде 90 миңге жакын мугалим эмгектенет. Окуучулардын саны дээрлик 1,5 млн Быйыл биз мектептерге 25 миң компьютер, эки миң даанадан ашык ноутбук бердик. Дагы 836 компьютер алынат. Ал эми 67 млн сомго мектептерге эмеректерди сатып беребиз.

Соңку эки жылда мугалимдердин социалдык абалын жакшыртууга, алардын коомдогу беделин жогорулатууга мамлекет тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жатканына өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар. Өткөн жылы мугалимдердин маянасын дээрлик 80 пайызга көтөрдүк. Эми сентябрь айынан баштап мектептин директорлорунун жана директорлордун орун басарларынын айлык акылары дагы 50 пайызга жогорулайт.

Бул жылы биз мугалимдерди аттестациядан өткөрүп, 2024-жылдын 1-январынан баштап категорияга жараша алардын айлык акыларын жогорулатуу боюнча чараларды көрөбүз.

Быйыл 204 мектептин курулушу башталган, анын 100ү быйылкы жылдын аягына чейин бүтөт. Биринчи сентябрга карата акыркы маалыматтарга ылайык, 42 мектепти ишке киргизүү күтүлүүдө. Эки-үч жылда авариялык абалдагы мектептердин баары оңдоп-түзөөдөн өтөт деген терең ишеничтемин.

Быйылтан баштап Президентибиздин Жарлыгына ылайык, жыл сайын өтүүчү «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» аттуу республикалык конкурстар уюштурула баштады.

2017-жылдагы редакцияланган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” КРнын мыйзамындагы ардактуу наамдардын тизмесине “Кыргыз Республикасынын эл мугалими” деген наам кирбей калган экен. Бул ардактуу наамды кайра киргизүү боюнча азыр тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Бул мыйзам долбоорубуз өтүп калса, “Кыргыз Республикасынын эл мугалими” наамы дагы жыл сайын ыйгарылып турмакчы. Жогорку Кеңештин депутаттарынан дагы бул мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырам.

2023-жылы республикалык бюджетте окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга ижара акысынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Бул каражаттардын эсебинен быйыл
1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Оксфорд жана Кэмбридж басмаканалары менен кызматташуу башталды.

Республиканын ар бир мектебине жайгаштырыла турган “Мугалим, окуучу, ата-эне” – жүрүм-турум, нарк кодекстери даярдалды. Балдарга кошумча окуу үчүн сунуш кылынган кыргыз жана дүйнөлүк адабияттардагы 100 китептин тизмеси түзүлдү. Кыргыз элинин нарктарын сактоо, өнүктүрүү жана STEM-предметтерине басым жасоо максатында өлкө боюнча 55 нарк мектептери түзүлдү. Ата-энелердин балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү көндүмдөрүн жакшыртуу максатында бардык мектептерге жана бала бакчаларга “Ата-энелер мектеби” программасы 1-сентябрдан баштап киргизилет. Биринчи жолу PISAга (200 мектеп, 7800 окуучу) даярдоодо 4-8-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун баалоо жүргүзүлдү. Мындан тышкары, 5-6-7-класстын окуучуларынын санариптик жөндөмдөрү бааланды (6500 окуучу). Быйыл министрликтин астында эл аралык олимпиадага даярдоо борбору түзүлөт. Ошондой эле англис тил борбору негизделет.

Мектеп командалары арасындагы Шахмат боюнча дүйнө чемпионатында биздин Азиз Дегенбаев аттуу окуучубуз жеке эсепте алтын медаль жеңди. Ал биринчиликке 53 өлкөдөн 300дөн ашуун шахматчы катышкан. Ошондой эле эл аралык олимпиадаларда биздин окуучулар жакшы ийгиликтерди көрсөтүштү. Мисалы: Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин бүтүрүүчүсү Иван Решетников, Швейцарияда өткөн 55-эл аралык химия олимпиадасынын коло медалын жеңди, ал ошондой эле Казакстанда өткөн химия боюнча 57-эл аралык Менделеев олимпиадасынын коло медалынын ээси болгон. Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Данияр Гаипов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн эң абройлуу биология боюнча 34-эл аралык таймашта коло медалдын ээси болду. Аталган олимпиадага 78 мамлекеттен 300дөн ашуун окуучу катышкан. Математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Фёдор Корнияш алтын медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев күмүш медаль, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев коло медаль алган. Келерки жылы эл аралык олимпиадада жеңген окуучуларыбыз мындан дагы көп болот деп ишенебиз.

Биздин мектептен тышкаркы билим берүүчү “Балажан”, “Сейтек”, “Алтын түйүн” уюмдары дагы жигердүү иштеп жатышат. Ошондой эле министрликтин алдындагы “Край таануу борборуна” дагы биз өзүбүздүн жардамыбызды көрсөтөбүз. Ал эми “Эмгек резервине” өз инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча инвесторлорду тартуу боюнча тапшырма бердик.

Быйыл биз улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата анын чыгармаларына байланыштуу окуучулар жана студенттер арасында республикалык диктант жазуу иш-чарасын уюштурабыз.

Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоордук кубаттуулугу 1224 окуучу орунга эсептелген, жалпысы 11 миңден ашуун окуучу билим ала турган 9 кыргыз-орус мектептери курулат. Биринчи этапта Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында ушул жылдын сентябрь айынан баштап курулуштары башталат. Биринчи мектептер 2025-жылы окуучуларга эшигин ачат.

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында региондордо 2025-жылдарга чейин 30 мектеп куруу пландалууда. Бул мектептерди курууга жана аларды эмеректер, техникалар менен камсыздоого Дүйнөлүк банктан 48,1 млн АКШ доллар бөлүүсү каралган.

Түркиянын Маариф мектеби ийгиликтүү иштеп жатат. Келечекте алар да аймактарга Маариф мектептерин ачууну болжоп жатышат. Аларга дагы ыраазычылыгымды билдирем. “Акылман” сыяктуу лицейлерди дагы ар бир облуста ачуу боюнча сунуштарыбызды Министрлер Кабинетинин Төрагасы чечкиндүүлүк менен колдоду. Эми жакынкы арада тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору даярдалып, кабыл алууга киргизилет. Ошондой эле билим берүү тармагына KOICA (Korea Intrnational Copperation Agency) тарабынан 10 млн АКШ доллары жана БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан 2 млн АКШ доллары — жалпысынан 12 млн АКШ доллары бөлүнүп берилери каралууда.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып билим берүү тармагын ар дайым колдоп келген БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ЮСАИД, Дүйнөлүк Банк, Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Германия эл аралык кызматташтык коому, Ага Хан фонду, Мерси корпусу, Россотрудничество, БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ОБСЕ, JICA, КOICA, Тынчтык корпусу, ЮНЕСКО, Ислам өнүктүрүү банкы, Глобалдык фонд, Алабуга мекемесине, Сапат, Билимкана, “Креатив таалим” жана башка жеке мектептерге, биздин эл аралык өнөктөштөрүбүзгө да ыраазычылык билдирип кетким келет.

Билим берүүнү колдоо максатында Глобалдык өнөктөштүк фондусу (ГПЦО) келечекте Кыргызстанга 75 млн АКШ доллар грант жана кредитти карап жатат. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан дагы мектептик билим берүүнү бекемдөө максатында 40 млн АКШ доллар грант жана жеңилдетилген кредит берип жатат. Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун колдоп берет деп ишенем. Сауд Аравиясы тарабынан дагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө каражат бөлүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Биз эми жеке менчик мектеп, бала бакча куруу үчүн ишкерлерге ийкемдүү жана ылайыктуу шарт түзүп беришибиз абзел. Ар бир чакан айылда болсо дагы бала бакча болушу керек. Айылда эң жакшы имарат болсо, ал эң ириде мектеп жана бала бакча болушу керек, райондук борбордо эң жакшы имарат болсо, ал да лицей, колледж же гимназия болушу керек, ал эми областтык борбордогу эң жакшы имарат – ал университет болушу керек.

Ааламдашуу доорунун жаңы чакырыктарына ылайык мугалимдерди кайра даярдоо курстарынан заманбап технология, жаңы методология менен өткөрүү абдан маанилүү. Ошондуктан быйыл биз 2359 мектеп жетекчилерин окутуудан өткөрдүк, 41 миң мугалим кайра даярдоодон өттү. Ошондой эле 116 мектеп директорлору Татарстанда окуудан өтүштү. Миң англис тил мугалимдери дагы окуудан өтүштү. Эми ушундай сымал атайын окутуулар СТЕМ- предметтери боюнча улантылат. 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында дагы 36 миңге жакын педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу каралган. Биз жылына 80 пайызга чейин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Бирок бул ишти жүзөгө ашырыш үчүн бизге облустук, райондук администрациялардын колдоосу керек.

Мектеп директорлордун жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Эң алдыңкы мектептердин ийгилиги негизинен мектеп директорунун лидерлик сапатына байланыштуу. Биз быйыл дээрлик бардык мектептердин директорлору менен жолугушуп чыктык. Аларды кайталап отурбайын.

Келечекте биз директорлорду дайындоодо келишимдик системага өтөбүз. Эгерде мектеп директору эки жылдын ичинде окуу көрсөткүчтөрүн көтөрө албаса, андай жетекчи арызын жазып кетиш керек. Биз андай жетекчилер менен сапарлаш боло албайбыз.

Андан да чоң миссия – бул райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сапаттык деңгээли. Мындан кийин ар бир жетекчини дайындап жатканда мени менен жеке баарлашуудан өтүшөт. Себеби эгерде район же шаарда татыктуу бөлүм башчы болсо, иш алдыга жыларына аймактарды кыдырганда менин көзүм жетти. Ошондуктан акыркы убакта өз ишине кайдыгер караган 10го жакын жетекчилерди кызматтан алууга сунуш берүүгө аргасыз болдук.

Облустук билим берүү борборлорун жана институттарын жакынкы арада оптималдаштырууга барабыз. Айрыкча CTEM-предметтери боюнча методисттерге көңүл бурулуп, алардын айлыктарын көбөйтүү боюнча сунуш киргизебиз.

Быйыл жалпы республикалык тесттин орточо көрсөткүчү 2022-жылга салыштырмалуу 2,1 баллга жогорулады же башкача айтканда 119,8 баллдан 121,9 баллга өстү. Бирок жагымдуу цифралар ушул көрсөткүч менен гана чектелет. Анткени ЖРТны тапшыргандардын кыргыз тилинде 51%, орус тилинде 28 % босого баллынан өтө албаганы аябай кейиштүү көрүнүш. Кээ бир райондордо окуучулардын 83% 110 баллды тапшыра албай жатат. Айрым жерлерде болсо 87% чейин жетти. Жалпы 50 миңге жакын бүтүрүүчү тест тапшырса, анын 20 700дөн ашыгы 110 баллды тапшыра алган жок.

Ошондуктан биз райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана башкармалыктарынын жетекчилери, аларга ишенип берилген аймакта ЖРТнын жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликти жогорулатуусу зарыл деп эсептейбиз.

Ошондой эле райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлери бул маселеге өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Мектеп окуучуларынын ЖРТнын босого баллдарына жетпегени — жооп берүүгө жетиштүү себеп экенин баса белгилегим келет.Эгерде көрсөткүчтөр 100дөн төмөн болсо, анда жетекчилерге сөгүш берилет, же жумуштан алуу керек, эгерде 110-100 чейин болсо анда эскертүү берилиши керек. Быйылкы окуу жылынан баштап окуучуларды ЖРТга тандап тапшыруу практикасын дагы токтотуу боюнча чечкиндүү чаралар көрүлөт. Жок дегенде бүтүрүүчүлөрдүн 60% ЖРТ тапшырышы парз. Кийинки жылы республикалык тесттин орточо көрсөткүчү 123-125 баллды түзүшү керек.

2025-жылы биздин өлкө PISA эл аралык мониторинг изилдөөсүнө катышат. Буга ылайык Кыргызстандын 15 жаштагы окуучуларынын заманбап, дүйнө жүзүнө керектүү компетенттүүлүктөрү кандай абалда экендигин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Окуучуларды STEM-предметтерине басым жасап окутуу өзгөчө көңүл чордонунда болууга тийиш. Бул, биздин балдарга функционалдык сабаттуулукту, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү калыптандырууга мүмкүндүк берет. Жыйынтыгында биздин PISA боюнча көрсөткүчтөрүбүз 5-10 кадам алдыга жылышы керек.

Урматтуу мугалимдер, Кыргызстан өнүгүү жолунда бара жатат. Ошондуктан дүйнөгө уят болбой РISAга татыктуу даярданалы. PISA жөнүндө сөз болгондо, көбүнчө 2006-2009-жылдардагы терс тажрыйба эске келет. РISAга тапшыруучулар быйыл 1-сентябрда 9-класска барат. Ар бир мектептен 14-22 балага чейин катышат. Ал мектептин директорунун көзөмөлүндө болушу керек. РISAга даярданууда мүмкүн үч айда бир тест тапшырып туруу керек. Азыр биз анын техникалык жактарын, мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз.

Эгемендикке ээ болгондон берки тарыхыбызда алгачкы жолу мугалимдер үчүн 700 батирлүү үй, 1000 орундуу пансионат салууну белгилеп жатабыз. Булардын долбоорун түзүү боюнча урматтуу Президентибиз тиешелүү тапшырмаларды берди.

Быйыл урматтуу Президентибиз “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Азыркы учурда мектептерди оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алуу үчүн керек болгон каражаттардын булактары аныкталууда. Бул Жарлыктын негизинде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга бөгөт коюлууда. Өлкөдөгү билим жаатындагы бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин күнү-түнү бирдиктүү ишеним телефону (0999 800 500) иштей баштады. Ишеним телефону аркылуу ар кандай мыйзамсыз акча чогултууларды жана арызданууларды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар! Фото жана видео далилдерди дагы жиберсеңиздер болот. Ар бир кайрылуу тыкыр иликтенет жана тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ар бир мектепти бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр биригип ассоциация түзүп, өздөрү окуп бүткөн мектебине материалдык жардам көрсөтүп турушса, мектептердин өнүгүп-өсүүсү тезирээк жолго коюлат эле. Урматтуу кесиптештер, сиздерди дагы өзүңөрдүн мектебиңерде “Бүтүрүүчүлөр ассоциацияларын” түзүп, мектебиңердин өсүп-өнүгүшүнө жардам берип турууга чакырат элем. Мектеп алдындагы чарбаларды дагы өнүктүрүү маанилүү. Эске салсак, 2021-жылы Өкмөттүн атайын “Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ал жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу сапатын жакшыртууга жана рационун кеңейтүүгө, ошондой эле алардын ишин туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого багытталган.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «УЛУТТУК ПЕДАГОГИКА МЕНЕН САНАРИП БИЛИМДИ АЙКАЛЫШТЫРА БИЛЕЛИ»

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү

Кыргызстанда 100 кесиптик лицей бар. Алардын 10 чактысы аябай оор абалда экен. Келечекте бир дагы кесиптик лицей жабылбайт, биз аларды реанимация кылабыз. 100 кесиптик лицейдин 60ы толугу менен оңдолгон. Кийинки эки жылдын ичинде калган кесиптик лицейлерди оңдоо жана кайра форматтоо аяктайт. Сегиз колледжде реконструкциялоо иштери аяктап, алар 16 артыкчылыктуу адистиктер боюнча Алдыңкы тажрыйба борборлоруна айланды. Эми башталгыч жана орто кесиптик окуу жайлар кайсы багытта өнүгүшү керек, ошого токтолоюн. Мында көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору түзүлдү. Кесиптик лицейлердин 50 пайызы дуалдык окутуу менен камтылат. Ал эми окуу программалары заманбап эмгек рыногуна ылайык толугу менен кайра каралып чыгат. Ошондой эле баса белгилеп кете турган жагдай, кече жакында эле Германиянын бир компаниясынын жетекчиси менен жолукканда, мындай деген кызыктуу маалыматты айтты. Германияда жылына 30 миңдей айдоочу, автослесарь пенсияга чыгат, алардын ордуна Германиянын ичинен болгону 5 миң эле кайра алынат экен. Калган 25 миң таңкыстыкты жоюу азыркы учурдун көйгөйүнө айланууда. Жалпы Европа боюнча мындай таңкыстык 500 миңди түзөт. Ошондуктан алар биз менен меморандум түзүп кызматташканга кызыкдар. Биздин милдет – трак айдаган айдоочу, автослесарь жана башка керектүү адистиктерди даярдаган кыска мөөнөттүү (10 айлык) курстарды уюштуруп, балдарга шарт түзүп берүү. Тил жагын алар өздөрү үйрөтүп алышат экен. Окутуунун нормативдик мөөнөттөрү да 3 жылдан 2 жылга кыскарып, жаштардын эмгек рыногуна эртерээк киришине шарт түзүлдү. Эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген жана окуучуларга керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берүүчү заманбап окуу материалдарын жана окутуу усулдарын түзөбүз. Керектүү адистерди даярдаган кыска мөөнөттү (3-6 айлык) курстардын программасын иштеп чыгып ишке киргизебиз. Ар бир лицейдин окуу-өндүрүштүк комплексинен бөлөк кошумча чарбасы болуш керек. Мындай мисалдар азыр деле биздин аймактарда бар. Кесиптик лицейлерге тиешелүү мүлктөрдү инвентаризация кылып, менчиктештирилип кеткен имараттарды кайра мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иштерди алып баруу керек. Жакында 18- жана 97-кесиптик лицейлерди колледжге айлантуу планы турат. Ошондой эле “Алтын түйүн” мекемесин колледжге айландыруу пландары дагы бар. Бул жакта жалаң инженердик кесиптин ээлери даярдалат.

90-жылдардын башында кесиптик-билим берүү системасында 122 окуу жай иштеп, анда 230 кесип боюнча 60 миӊден ашуун улан-кыз билим алган, азыр болгону 32 000 окуучу билим алат. Биздин максат – келерки 3 жылдын ичинде 100 кесиптик лицейде кыска мөөнөттүү курстар менен жалпысы 100 миң улан-кыздар билим алыш керек. Буга биздин дараметибиз жетет. Биз келечекте өндүрүшкө басым жасагандыктан, кээ бир коомдук предметтерди азайтууга туура келет. Мына жакында эле Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мыйзамга кол коюлду. Ага ылайык – окуу жайлар, анын ичинде кесиптик лицейлер окуу-өндүрүштүк ишмердүүлүктөн каражаттарды табууга жана аны окуу жайдын базасын жакшыртууга колдонсо болот. Ошондуктан ар бир кесиптик окуу жай өздөрү каражат тапканды үйрөнүш керек. Биз ар бир лицейге 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин кошумча каражат табуу боюнча көрсөткүчтөрдү министрликтин буйругу менен милдеттенме катары бекитип беребиз жана жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөргө жетпегендерге тиешелүү чараларды көрөбүз.

Биздин максат – ийкемдүү, мобилдүү жана эмгек рыногунун муктаждыктарына тез реакция жасай ала турган башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн системасын түзүү болуп саналат.

Жогорку кесиптик  билим берүү

ЖОЖдордо инфраструктураны, лабораторияны өнүктүрмөйүн заманбап билим берүү мүмкүн эмес. ЖОЖдорго башкаруу, каржы жана академиялык маселелерде автономия бердик, бул ЖОЖдорго инвестиция тартууда жол ачмакчы. «Университет 4.0» жол картасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин саны 71674 студентти түздү (бул өлкөдөгү студенттердин жалпы санынын дээрлик 31,5% түзөт). Албетте, ар бир ЖОЖдун региондордогу мектептер менен иштегени абдан маанилүү. Биз РISAга даярдыкта ар бир ЖОЖдон жардам күтөбүз. ЖОЖдор эл аралык, регионалдык кызматташтыкты кеңейтиш керек. Быйыл Россияда бюджеттик негизде билим ала турган студентердин саны 700дөн 1000ге көбөйдү. 2023-2024-окуу жылында Президенттик «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына суроо- талаптар күч алып, жыйынтыгы боюнча 63 студенттин ичинен 13 студент тандалып алынды. Алар Австралия, АКШ, Улуу Британия, Сингапур, Түштүк Кореядагы алдыңкы университеттерде билим алышат. Ошондой эле былтыркы тапшырган төрт студент дагы окууларын чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайларда улантышат. ЖОЖдордун базасында инновациялык стартаптар өнүгөт. ЖОЖдор студенттерге жаңы бизнес-идеяларды өнүктүрүү үчүн керектүү ресурстарды жана насаатчылыкты берүүгө милдеттүү. Мурун эки ЖОЖдун гана бюджети миллиард сомдон ашса, быйыл мындай университеттердин саны бешке жетти. Бюджеттик каржыны кеңейтмейин окутуучулардын айлыгын, окутуунун сапаттуулугун жогорулатуу кыйыныраак. Ош мамлекеттик университеттин базасында Москва мамлекеттик университеттин борбору ачылды. Борбордо кош дипломдуу биргелешкен билим берүү программалары ишке ашырылат. Каракол шаарында дагы Москва мамлекеттик университеттин филиалын ачуу иштери жүргүзүлүүдө. Ысык-Көл, Нарын жана Баткен мамлекеттик университеттеринин базасында медициналык факультеттер ачылууда, бул жылына кошумча 1 миллиард сомго жакын каражат тартууга мүмкүндүк берет. Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн ЖРТнын босого баллы айрым багыттар боюнча жыл сайын жогорулайт. Азыр педагогикалык багыттар боюнча босого бал бешке жогорулаган. Кийинки жылы дагы медицина жана педагогика адистигине талдоо жүргүзүлүп, босого баллдар жогорулайт. STEM-предметтерине басым жасап физика, математика, химия жана биология багыттарын тандап алган студенттерге колдоо көрсөтүү үчүн аларды бюджеттик негизде гана даярдайбыз. Күзүндө кыргыз-орус, кыргыз-өзбек ректорлорунун масштабдуу форумдарын өткөрөбүз. Айтмакчы, IT-технологияларды туура пайдаланууда «Ололо планет» жана «Кодифай» мекемелери, Жогорку технологиялар паркы орто Азияда лидер болууда. ЖОЖдор дагы алардан үлгү алыш керек. Өзгөчө статусу бар 5 жогорку окуу жайга лабораторияларды өнүктүрүү үчүн 20 млн доллар мамлекеттик ссуда алуу каралууда. Бакалавриат программасынын «Медайымдар иши» жана «Акушердик иш» эки жаңы багыты окуу багыттарынын тизмесине киргизилди. 2030-жылга карата Кыргыз Республикасынын 5-7 жогорку окуу жайы дүйнөдөгү эң мыкты 1000 жогорку окуу жайлардын катарына кириши керек. Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик медицина академиясына ишенич зор. Университеттик спорт жаатында дагы жетишкендиктер боюнча айта кетейин. Быйыл Кытайда өткөн 170 мамлекет катышкан дүйнөлүк универсиадада биздин студентибиз Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкта чуркоодо 3-орунду ээледи. Ошондой эле Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Эл аралык унверситеттик спорт фестивалында дагы биздин студенттер 4 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медаль утушту. Бул спорт фестивалында 36 өлкөдөн 281 университет күч сынашты. Учурдан пайдаланып, ЖОЖдордун ректорлоруна студенттерге ушундай шарттарды түзүп бергендигине ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «УЛУТТУК ПЕДАГОГИКА МЕНЕН САНАРИП БИЛИМДИ АЙКАЛЫШТЫРА БИЛЕЛИ»

Илим тармагы

“Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы консолидацияланган Мыйзамы кабыл алынды. Мыйзамга ылайык, илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүү максатында Илим фонду түзүлөт. Азыр биз илимде алты артыкчылыктуу багытты аныктадык. Ар бир багыт боюнча жигердүү иш алып барылат.

Бүгүнкү күндө биздин өлкө окумуштууларыбыздын саны боюнча дүйнө жүзүндө кудайга шүгүр эле экенбиз. Жалпысынан илимдин кандидаттары – 5323, докторлору – 1179 жана PhD (Пи Эйч Ди) докторлорун – 30. Баарын кошкондо өлкө боюнча – 6532 окумуштуубуз бар экен. Бул деген сөз, бизде миллион жашоочуга 933 окумуштуу туура келет дегенди билдирет. Демек, биз бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө көптөгөн мамлекеттерден дагы алдыга озуп, 50-51-орунда турат экенбиз. Ал эми сапаттуу илимий ачылыштар боюнча дүйнөдө 126-130-орундарда турабыз. Демек, биздеги сан менен сапаттын ортосундагы дал келбөөчүлүк илимий потенциалыбыздын деңгээлин айгинелеп турат.

Учурда Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында PhDны окумуштуулук даража катары өз ара таануу боюнча келишимге кол коюлду. Андан сырткары академиктерибизге төлөнүүчү стипендия 15 миң сом, ал эми мүчө-корреспонденттерибизге – 7500 сом болуп көтөрүлдү.

Өлкө боюнча 14 университеттен турган консорциум түзүлүп, дүйнөлүк абройлуу илимий шилтемелер базасына кирген Scopus жана Web of Science системаларына жазылуудан өттү. Биздин жаш окумуштуулар региондо илим боюнча лидерлик позицияга жакынкы жылдары чыгабыз деп жакшы тилек кылышууда.

Жакында «Илимпоз» илимий сыйлыгы негизделет жана окумуштууларга 5 млн сомго чейин сыйлык берүү каралууда. 2022-2023-жылдарга илимге бөлүнгөн акча каражатыбыздын көлөмү 218 млн сомду түзүүдө. Илимге бөлүнүүчү акча каражатынын көлөмүн 2024-жылга 600 млн сомго, ал эми 2030-жылга карат ИДПнын 1 пайыздан кем эмесин бөлүүнү карап жатабыз. Анын жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сомго жакын каражат болот. Буюрса, келечекте кыргыз илиминин өнүгүшүнө жетишерлик колдоо көрсөтүлөт. Бирок каржылоо конкурстук атаандаштыктын гана негизинде болот. Бүгүнкү күнгө чейин илимий долбоорлорго каражат эмгек акыга гана бөлүнүп келсе, эми долбоорлордун сапатын жакшыртуу үчүн, каржылоо жабдуулар, экспедициялар, реактивдер жана башка ушул сыяктуу нерселерге бөлүнөт.

Өлкөбүздө стартап тармагында көптөгөн аракеттер болууда. Ишкердүүлүк боюнча кандайдыр бир деңгээлде билим сапаты бар. Бирок натыйжада, дүйнөлүк мындай турсун, региондо дагы ийгиликтүү стартаптар жокко эсе. Эмнеге? Жети жылдан бери жаңы стартап компанияларга бизнес моделин үйрөткөн адистердин айтуусу боюнча эң негизги проблеманы бул багыттагы экосистеманын жоктугунда деп билебиз.

Дүйнөлүк мейкиндикке чыкпасак илим өнүкпөйт. PhD тутумунун артыкчылыгы эмнеде? Бул тутумду бүткөндөр толук кандуу илимпоз болуп жатат. Нобель сыйлыгына жеткендер да ушул тутумду басып өтүшкөн. Мисалы, экономика багытында 1969-жылдан 2022-жылга чейин Нобель сыйлыгын алган 53 команданын 47 командасындагы окумуштуулар PhD даражасын алгандар. PhD — бул өнүккөн өлкөлөрдүн баарында таанылган, ал өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө таасир эткен, окумуштуу адам илимде жете турган эң акыркы баскыч. Окумуштуу адам бул даражаны алгандан кийин илимий изилдөөсүн улантат, педагогикалык тажрыйбасы артат, шакирт даярдай баштайт, илимий эмгектери экономикага, коомго кызмат кылат. Мына ошондо ага доцент, профессор деген наамдар ыйгарылат. Бирок даражасы өзгөрбөйт, эң акыркы деңгээл катары PhD бойдон калат.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «УЛУТТУК ПЕДАГОГИКА МЕНЕН САНАРИП БИЛИМДИ АЙКАЛЫШТЫРА БИЛЕЛИ»

Санарип билим берүү платформасы

Бүгүнкү күнү заманбап санарип билим берүү платформаларын киргизүү – учурдун талабы. Жакынкы келечек — бул биздин жашообуздун жигердүү бөлүгүнө айланган жасалма интеллекттин күчүн натыйжалуу пайдалануу мезгили болот. Ошондуктан кечикпөө жана алдыңкы технологияларды мектептеги билим берүү чөйрөсүнө киргизүү маанилүү.

Азыркы учурда бул санарип окутуу платформасы 80ден ашык өлкөлөрдө колдонулууда. Мындай платформа окуучуларга СТЕМ-предметтерди үйрөнүүдөгү көндүмдөрүн өстүрүүгө, ошондой эле PISAда өз көрсөткүчтөрүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул платформа география, Кыргызстан тарыхы, Манас таануу, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сыяктуу стратегиялык предметтерди изилдөө үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле кагаз түрүндөгү окуу китептерине акча үнөмдөй алабыз. Бул платформаны бардык жерде, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде – «бала бакча – мектеп – кесиптик лицей – колледж-ЖОЖ» колдонсо болот. Бул заманбап билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Анткени азыр дүйнө аябай тездик менен өзгөрүүдө. Ошондуктан биз мындай тенденциялардан артта калбашыбыз керек. Бардыгыбыз бул тармакта жапа тырмак иш алып барышыбыз зарыл. Бизде башка жол жок.

Санарип билим берүү планформасын киргизүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Ага карата кийинки жылдын бюджетине 92 млн сом карап жатабыз. Министрликтин алдында Санариптик билим берүү борбору түзүлөт. 2024-жылы Кыргыз билим берүүсүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз. Ага утурлай “Билим берүү бардыгы үчүн — ар бир адамга бирдей мүмкүнчүлүк” аттуу “Мектеп- 2030” глобалдык форуму бизде, Бишкек шаарында өтө тургандыгы жагымдуу жаңылык, жоопкерчиликтүү окуя. Бул ири масштабдагы эл аралык иш-чараны татыктуу өткөрүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, чыгармачылык жана кесиптик ийгиликтерди каалайм! Ар бир мугалим кылымга тете билим берип, кылым карыта жашаса деген улуу тилегим бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер