КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ — САПАТ КЕПИЛДИГИ

  • 05.03.2025
  • 0

Кыргызстандагы учурдагы жакшы саамалыктардын бири – агартуу системасындагы реформага байланыштуу болууда. Бирок билим берүүнүн улуттук жаңы моделине өтүүгө каршы пикир айткандар да бар.  Каршы болгондордун аргументи —  азыр мектептеги сапат болбой калды, ансыз реформанын пайдасы болбойт дешүүдө. Жаңы моделге кирмейинче сапат келбей турганын көпчүлүк түшүнбөй жаткансыйт. Ушул жагдайлар тууралуу мамлекеттик ишмер, экс-министр, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен маектештик.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ - САПАТ КЕПИЛДИГИ— Каныбек мырза, 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселесинде талаш-тартыш абдан курч болуп жатат. Эмне үчүн заманбап жаңыланууга каршылык маанай болуп жатат деп ойлойсуз?

— Ар бир реформа каршылыктын негизинде пайда болот. Чынында реформанын жолу өтө татаал. Ошондой болсо дагы учур талабынан калбай реформага баруу керек. Бүгүнкү күндө эң алдыңкы деген Малайзиянын, Сингапурдун, АКШнын, Канаданын, Улуу Британиянын билим берүү системалары деген түшүнүктөр бар. 180-200 жыл мурда дүйнөдө эки эле билим берүү системасы болгон. Ошол эки билим берүү системасы эки жүз жылдай тирешип, атаандашып кармашты. Бирөө -Прусия, азыркы Германия болсо, экинчиси- Англосакс методологиясы,  ал учурдагы Улуу Британия. Ошол Прусиянын негизинде Россия падышачылыгы алардын билим берүү системасын кабыл алышкан. Себеби  көпчүлүк орус падышаларынын жубайлары немис улутунан болгон. Анан падышалык Россиянын билим берүү системасын СССР кабыл алган. Советтер Союзундагы билим берүү Улуу ата мекендик согуштан кийин 1980-жылдарга чейин өзүн өзү актаган. Бирок, ошол билим берүү системасы реформа болбогондуктан дүйнөдөгү эң мыкты 100 окуу жайын салыштырмалуу советтик окуу жайлардын  баары британдык системадан артта калган. Түштүк Корея, Жапония, Канада, Австралия же Сингапур мамлекети болобу, көпчүлүгү британ системасы менен таанылган. Ал убакыттагы Прусия, азыркы Германия, өздөрү британ системасынын артыкчылыгын таанып, кийин англосакс методикасына өткөн. Экинчиден, дүйнөдөгү экономикасы, илими жана билими өнүккөн отуз өлкөнү алсаңыз, отуз өлкө тең бир системада, дүйнөдөгү миң мектепти алыңыз, миңи тең британдык модель менен окуткан. Бишкек шаарында жакшы билим берген “Кэмбридж», «Гарвард», « American school» аттуу жеке менчик мектептери британ системасы менен окутуп, эл аралык олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып, бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайларында окуп жатышат.  Дүйнөлүк билим  арыгын чапкан жол бар, биз өз алдыбызча жол салууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Учурда билим берүүнүн улуттук жаңы моделине өтүүнүн зарылдыгын  элге туура түшүндүрүп, жеткире албай жатабыз.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ - САПАТ КЕПИЛДИГИ Биринчиден, “эл эмне утат” деген маселе, учурда эң кымбат акча менен убакыт. Азыркы доордо мектепке жети жашынан барып, он бир жыл окуп, төрт жыл жогорку окуу жайда окуп, жыйырма эки жашында диплом алат. Эгер биздин балдар алты жашынан мектепке барса, бакалавриат Европадагыдай үч жыл, 21 жашта балдарыбыз диплом алат да, ата-эне камкордугунан бир жыл эрте кутулат. Чынында бир жыл- бул чоң убакыт. Акча жагынан кеп кылсак, бизде 20032 студент бар, баары бакалавриатта окушат, Медакадемияда андан да көп, алты жыл. Ошонун бир жылын кыскартып көрүңүз, контракт төлөбөсө, эки жүз отуз эки миңди орто эсеп менен 40 миң сомго көбөйтүп көрүңүз, бул тогуз миллиард эки жүз  миң сом болот. Ошол акча ата-эненин чөнтөгүндө сакталып калат, ошону менен контракт бир жыл эрте аяктайт. Андан кийинки колледждер үч жыл болуп жатат,  жаңыланганда эки эле жылда бүтөт, мурун жыйырма бир жашында бүтсө, колледжди жыйырма жашында аяктай баштайт. Бир жыл эрте бүтөт жана бир жыл акчасын үнөмдөйт, бул үчүнчү пайдалуу жагы. Төртүнчү жагын алсак, кеп ушундай болуп жатат, Билим берүү министрлиги түшүндүрүү керек, “он эки жыл” десе ата-эне байкуш “балам он эки жыл мектепте окуйбу” деп жаман бушайман болуп  жатат.  Учурда деле 0-классты кошкондо 12 жыл окуп жатканына маани бербей жатышат. Айрымдары он эки жыл окугандын ордуна он жылдан кийин эле кесиптик техникалык колледж,  лицейге кете берет. Европада жогорку окуу жайларга мектепти бүткөндөн кийин 20-30 пайыз бүтүрүүчүлөр барат. Демек эл түшүнгөндөн кийин жогорку окуу жайда окуп, диплом алуу маанилүү эмес, кесиптик билим алуу эң маанилүү. Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытай темир жолун куруу максатында жогорку окуу жайын бүтүргөн адистер эмес, ириде үч же төрт айлык курсту аяктаган, орточо техникалык кесиптик билим алгандар керек. Биз азыр  кесиптик техникалык окуу жайын үч жылдан эки жылга кыскартканбыз, кыргыз балдары Москвага барып, ширетүүчүлүктү,  электрик, жыгач усталыкты, курулушчу кесиптерин эки-үч айда эле  бекер үйрөнүп атпайбы, бул үчүн элге түшүндүрүү зарыл.  Бул саамалык баарына пайдалуу болуп жатат.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ - САПАТ КЕПИЛДИГИСССР убагында биз төрт миллион эл элек, ошондо 119 кесиптик окуу жайда 64  миң бала окуган. Азыр дээрлик 7 жарым миллион элбиз, кесиптик техникалык окуу жайларда 32 миң эле бала окуйт. Ошонун ичинен бир жарым миллион адамдын кесиби, адистиги жок. Мамлекет орто билим гана бербестен кесиптик билим бериши зарыл. Он бир жана он экинчи класска чейин окуган балдар гуманитардык жак менен кетет, же болбосо STEM  багытында окугандар калат да иргелип класстар бошойт. Өзү түшүнүккө келген учур да, кайра он бир же он экинчи классты окуй бербейт. Үч айлык, алты айлык, бир жылдык курс окуп, эртерээк барып,  17 жашында орто кесиптик билим алып,  диплом менен сертификат алып,  иштей баштайт. Азыркы күндө ЖОЖду бүткөндөрдүн 80 пайызы кесиби боюнча иштебей, дипломдорун чаң басып жатат.Ошондо не деген өмүр, не деген акча,  мамлекеттин канча каражаты бекерге кетти дейсиз.

-Түркия мамлекети дагы кесиптик билим берүүгө басым жасап, көпчүлүк балдар лицейден өздөрү каалаган кесипке ээ болуп, ЖОЖдо окугандардын саны аз экен. Чынында 12 жылдык билим алуунун бир артыкчылыгы бир кесиптин ээ болууда эмеспи?

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ - САПАТ КЕПИЛДИГИ-Буд эң туура багыт экенин Казакстан дагы баамдап, быйылкы жылды “кесиптик багыт берүү жылы” деп жарыялап, кесиптик техникалык окуу жайлар алдыңкы орунга чыгып жатат. Мисалы, ЖОЖдун абалы мындай. Университеттердин ийгилиги ректордун ишмердигине, аракетине байланыштуу. Бул министрге, өкмөткө байланыштуу эмес. ОшМУ же Медакадемиядай ректору мыкты менеджер экенин далилдеп, ал окуу жайлар өнүгүп, алдыга кетти. Билим берүү министрлигине байланыштуу 12 жылдык билим берүү менен кесиптик техникалык окуу. Андан кийин бешинчиси, эң фундаменталдуу, муну психологдор жана медиктер далилдеген, бала мектепке канчалык эрте кирсе, ошончолук кабыл алуусу тез, дүйнө таанымы жогору болот. Адамдын эске тутуусу, когнетив функциясы деп коет, кабыл алуу функциясы алты жаштан он эки жашка чейин элүү пайызда өнүгөт, калганы өмүр бою элүү пайызды толуктоого  жумшалат. Себеби дегенде он эки жаштан кийин адам баласы тиричилик менен жашап, өткөөл курак,  сүйүү пайда болот, ар кандай нерселерге кызыгуу башталат, ага чейинки куракта сабак жана тилге ынтызар келет.

-Эмне себептен алты жаштагы баланы биринчи класска берүүбүз шарт?

-Доордон артта калбашы үчүн азыркы күндө, жыйырма биринчи кылым өнүккөн заман, “Билими күчтүү миңди жыгат” деген элибиз. Билими терең болбосо товар чыгарганда, курал-жабдык чыгарганда, IT технологиясында жана спортто эч нерсени жеңе албайт. Азыркы күндөгү Европаны айтпай эле коеюн, коңшу Өзбекстан мамлекетинде билим биринчи класста эмес, бала бакчада башталат. Ал жакта беш жаштагы жеткинчектер 100 пайыз бала бакчадан таалим-тарбия алышат. Бизде балдар бакчасына баргандар  жыйырма беш пайызга жетпейт. Ошондо 75 пайыз балдар Өзбекстан балдарынан артта калды. Бала бакчага барган бала тиги баладан ат чабым алдыга кетет, бул биринчи. Экинчи, казак туугандар бизден озуп, балдары биринчи класска алты жаштан барып баштады. Эми жети жаштагы кыргыз бала менен жети жаштагы казак баланы салыштырсак, жети жаштагы казак бала биринчи класс бүтүп, баарын окуп, санаганды билип калат. Ал эми жети жаштагы кыргыз бала эмитен санаганды үйрөнөт. Билимден бир жыл артта калган бул экономикадан он жана он беш жыл артта калганга барабар.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ - САПАТ КЕПИЛДИГИАрмяндар төрт жыл мурун  жарандык согуш болуп жатканда он жылдыктан дароо он эки жылдык билимге  секирик жасап өтүшкөн. Анткени дүйнө агымы каякка баратканын сезе билишкен. Мисалы үчүн сиз спортчусуз, дүйнө жүзүндө күрөш үчүн эрежелер бир, кыргыздар, жапондор же кытайлар үчүн өзүнчө боло албайт. Бир жылдык эреже он эки жылдык стандарт. Он бир жылдык билим берүү эски, союз карамагында калганга барабар. Ошондуктан бул түйшүктүү жана татаал жол болгону менен келечеги бар.  Бирок жок дегенде коңшу мамлекеттерден артта калбаш үчүн ушул жолго эрте барышыбыз керек. Бул мамлекеттик стандарт, билим берүү маселесин өкмөт гана эмес, коомчулук, мамлекеттик кызматтагы адамдар, министрлер жана депутаттардын маселеге өз оюн айтканы туура. Чет жерде алдыңкы окуу жайды бүткөн балдарга кайрылып көрсөңүз, “он бир жылдык жол же он эки жылдык жол жакшыбы” деп сурасаңыз алар “он эки жылдык” деп жооп беришет. Бүт Европага барганда биздин балдарды Жогорку окуу жайга кабыл албайт, балдар даярдоо курсун өтөт, себеби дегенде бизде он бир жылдык билим. Англияда даярдоо курсун бир жыл окуш үчүн 15  миң АКШ долларын окууга төлөйсүң,  дагы он беш миң доллар жатаканага, тамак-ашына төлөйсүң, жалпы чыгым 30 миң доллар болот. Ошондо үч миң бала чет жерде окуп билим алат десек. Үч миңди отузга көбөйтсөңүз токсон миллион доллар каражат бөлүнөт, бул болжолдуу 770 миллион сомго барабар. Он эки жылдыкка өтүүнүн акчага айланткандын кесепети, биз он бир жылдык билимде болгонубуз үчүн сыртка окууга кеткен үч миң балабыздын токсон миллион доллары чет элдин экономикасына кетип жатат. Бул каражат Кыргызстанда, үй-бүлөсүндө калса жакшы эмеспи?

— Жаңы он эки жылдык улуттук модель дегенде мектепте билим берүүнүн структурасы гана эмес, мазмуну жана стандарты заманбап өзгөрүү жолунда. Көпчүлүгү ошого маани бербей, жалаң санды көргөндөй туюлуп атат. Алты жаш деп айтканы менен, мурун да он эки жылдык билим болгон, даярдоо классын айтсак.  

— 1924-жылы Кыргызстанда билимдүү адамдардын саны эки пайызга жеткен эмес, 1,8 пайыз эле болгон. 1906-жылы Санкт-Петербургдагы “Падышалык географиялык коом” журналында “кыргыз эли жүз пайыз билимдүү болуш үчүн төрт жүз жыл керек” деп жазган, алардын айтымында биз 2300-жылы билимдүү болмок экенбиз, бирок 1917-жылы Октябрь революциясы болуп, 1924-1930-жылдары мектептер салынып баштаган, 1940-жылдан кийин 90 пайыз билим беришкен. Кеп биздин балдарда эмес, биздин балдар абдан таланттуу, алар сөзсүз түрдө алдыга кетет. Ошондуктан 12 жылдык билим берүү абдан олуттуу маселе. Каржы керек, уюштуруу маселеси жана методика керек. Булар өкмөт чече турган маселе. Өтпөсөк мен дүйнөнү айтпай эле коеюн, эки коңшу мамлекеттен аябай артта калабыз.  Заманбап билимден артта калган киши өмүр бою баарынан артта калганга барабар.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ - САПАТ КЕПИЛДИГИ— Каршы болгондордун аргументи —  азыр мектептеги сапат болбой калды, ансыз реформанын пайдасы болбойт дешүүдө. Жаңы моделге кирмейинче сапат келбей турганын көпчүлүк түшүнбөй жаткансыйт. 

— Он бир жылдан он эки жылга өтүүгө  даярдык көрүлүп жатат. Канча убакыттан бери он бир жылдык билим менен жүрөбүз? Калганын баарын  министрлик, өкмөт, жооптуу кызматкерлер даярдай баштады.  Мындайча айтканда «муз жылды». Билим берүү академиясы бар, педагогикалык окуу жайлар адистерди даярдашы зарыл да.

— Чет өлкөдө деле билим берүүнүн жакшы жактарын башка өлкөлөрдөн алып, “үчүнчү, төртүнчү жол” деп билим берүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуудан качкан жок, тескерисинче ошол жакшы багыттарды алып алдыга кетип жатышат, биз болсо ал нерседен коркуп, кылчактап жаткандайбыз.

— Үч фактыны белгилей кетейин, биринчиден Бишкек шаарыбызда бир канча жеке менчик мектеп бар, баарында британ системасы менен  билим алышат. Экинчиден, дүйнөлүк окуу жайларда өз күчү менен окуп, дүйнөнү багындырып жүргөн балдар бар да. Үчүнчүдөн, дүйнөдөгү эң мыкты билим өнүккөн эки мамлекет, Эстония менен Финляндия “алты жаштан эмес, беш жаштан окутуш керек” деп жатышат. Себеби беш жаштагы бала өтө тың болот экен да, анда бала мектепти он жети эмес, он алты жашында аяктайт, эртерээк турмушка аттанат. СССР учурунда бүт маалымат агайда гана бар, лекция өтөт, окуучуларда маалымат жок болчу. Ошону жаттап айтып берсең сага “беш” коет, өтүлгөн темадан керектүү жерди тандап, креатив кошуп айтып беришиң керек. Мурун Пушкиндин “Алтын балык” жөнүндө ырын жаттап кел” дегенде бешке жаттап айтып бергенбиз. Ошондо “Алтын балыктан” сага турмуштан сабак болуп эмне калды? Чыгармачылыкка берилип, өзүңдүн ой жүгүртүүңдү айтып беришиң керек, азыркы педагогика ошол. Азыркы педагогика китепти жаттоо эмес, болгон билимиңди турмушта колдоно билүү.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛ - САПАТ КЕПИЛДИГИБилим берүүдөгү негизги фигура —  мугалим. Алар өзгөрмөйүнчө аракет текке кетет. Мугалимдерди өзгөрүүгө мотивация кылыш үчүн кандай аракет керек?

 — Айрым мугалимдер бүгүнкү күндө заманбап технологияны анчейин колдоно албайт, кээ бир окуучулар болсо “ChatGPT”  өзүнүн жеке сайты бар. Жаңы технологияны үйрөтүү бул деталдуу, мунун баарын кылса болот. Муну  өкмөт Кыргызстандын билим берүүнүн эксперттери менен, тажрыйбалуу мугалимдер менен жаңы форманы иштеп чыгып, иш-чараларды бекитип, артта калбашыбыз керек. Казактар жаңы реформага он жыл мурун өтүп кеткен, биз алардан алда канча артта калдык, керек болсо алар эл аралык  Олимпиадада  жеңишке жетип жатышат, он эки жылдык билимге өткөнгө чейин биздей эле болушкан.

— Башка мамлекеттердин билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрүн да, артыкчылыктарын да макала кылып жазгам, ошолордун баарында он эки жылдык билим берүү система. Кээ бир адамдар “он эки жылдык билим алгандар эки-үч эле пайызы, калгандар убакыттан уттуруп жатат” деп айтууда.

— Ошол эле эки-үч пайыз Кыргызстанды өзгөртөт, ал жакта лидерлер бар. СССР доорунда жылына кыргызстандык эки-үч миң студент Москва, Ленинград жана Киев шаарларында окуп билим алышкан. Ошолор бүтүп келип, азыркы учурдагы академиктер, окумуштуулар жана инженерлер Кыргызстанды көтөрүштү. Эми азыр четте окуп жаткан улан, кыздарыбыз Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлге көтөрө алышат, ошолорду артка тартпайлы десек, бир жыл артта калып, бир жыл акчасын төлөп атпайбы, 30 000 доллар чоң акча да.

Жаңы улуттук модел дегенде, мектептик билим берүүнүн структурасы эле эмес, мазмуну, стандарттары да заманбап өзгөрүп атпайбы. Азыр дүйнөдө билим берүү системасы санарипке өткөн, санарип билим берүүгө өтүш керек. Ага мугалим өзү даяр эмес, учурда окуучу даяр.   Эл бүгүнкү күнүмдүк тиричилик менен жашайт.  Биз жалкоо жолду эмес, түйшүктүү жолду тандообуз керек. Түйшүктүү жол машакаттуу болот, бирок өркүндөө, өнүгүп-өсүү мээнет менен гана келет.

 — Эң негизгиси, бул эгемен Кыргызстандын өзүнүн эгемен билим берүү жолун чабуу аракети эмеспи. Аны түшүнбөй эле кээ бир ою кыскалар чет элдиктердин талабы деп талашып, дезинформация кылууда.

 -Билим берүү стратегиялык тармак. Ал бир гана министрликтин жумушу эмес, жалпы элдик колдоо болмоюнча жаңылануу аракеттери үзүрүн бербейт. Ушул процесске ата-энелердин, коомчулуктун жоопкерчилиги бар. Ошондуктан жалпы элдик иш десек болот.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер