КАЛЫЙПА САРАЛАЕВА

  • 14.03.2025
  • 0

  2025-жылдын 12-мартында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими   Калыйпа Саралаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

КАЛЫЙПА САРАЛАЕВА

 

Калыйпа Саралаева 1935-жылдын 8-мартында Ысык-Көл облусуна караштуу Тамчы айылында туулган. 1956-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, мектептин башталгыч класстарын окутуу боюнча адистигин алган жана 1957-жылы Москвадагы ЦК ВЛКСМдин алдындагы комсомол мектебинде окуган. Мындан тышкары 1962-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алып, мектепке чейинки мекеменин методист инспектору наамына жана квалификациясына татыган. Ал эми 1971-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.

Калыйпа Саралаева Кыргызстандагы билим берүү уюмдарында окуучулардын билимин өнүктүрүп, тарбиясын жөнгө салууда зор салымын кошкон жана көптөгөн жетекчилик кызматты аркалаган. К.Саралаева түйшүктүү ак эмгеги үчүн бир катар наамдарды жана сыйлыктарды алган. Эжей 1978-жылы Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министерствосунун Ардак грамотасы,1980-жылы “Элге билим берүүнүн отличниги” төш белгиси, 1983-жылы “Улук мугалим”, 1984-жылы “Эмгектин ардагери” медалы менен сыйланган. 1987-жылдын 22-апрелинде “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган.

Ал мындан тышкары Өзгөн, Кара-Суу, Жаңы-Жол, Араван, Лейлек, Токтогул ж.б. райондорунун Ардак грамоталарына ээ болгон. 2006-жылы  КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз тил” төш белгиси менен сыйланган. Калыйпа Саралаева   билим берүү тармагында өз доорунун мыкты өкүлү жана жаштардын ардактуу устаты эле. Өмүрүн балдарга, мектепке, билим берүү тармагына, мамлекеттик тилибиз — кыргыз тилине арнаган алдыңкы методист мугалим болгон.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Калыйпа Саралаеванын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бөлүшүү

Комментарийлер