«КАЛЕМ — ЛИДЕРЛЕР АКАДЕМИЯСЫ» — КЕСИПКӨЙЛӨРДҮН АЯНТЧАСЫ!
- 03.06.2024
- 0
Бишкек шаарында Калем-Лидер академиясы өткөргөн “Лидер мугалим форуму — 2024” иш-чарасында алты айдын ичинде курстан билимин жогорулаткан 215 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин лицензияланган сертификатына ээ болушту.
Маалыматка таянсак, Калем-Лидер академиясынын курсунан 2024-жылдын биринчи алты айында Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча: Ат-Башы районунан — 28 мугалим, Ак-Талаа районунан — 24 мугалим, Жумгал районунан — 27 мугалим, Нарын районунан — 24 мугалим, Кочкор районунан — 26 мугалим, Нарын шаарынан — 20 мугалим, Жети-Өгүз районунан — 35 мугалим жана Ысык-Көл районунан – 30 мугалим, т.а. жалпы 215 мугалим ийгиликтүү аяктап, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган сертификатка ээ болушту. Андан сырткары, тажрыйба алмашуу максатында окуу курсунун негизинде академия тревел-гранттарды уюштуруп келет.
Мугалимдер алты ай бою өз убагында: мектеп, айыл өкмөт, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү, мугалимдер үчүн учурдагы билим сапатын жакшыртуу, жаңы методикалык ыкмалар менен иштөө, ар кандай иш-чараларга кызыгуусун арттыруу, окуучуларды эффективдүү окутуу, мектептеги атмосфераны жакшыртып, ата-энелер менен байланыш түзүү, “Өз мектебим менен сыймыктанам” аттуу темаларда иш-чараларды өткөрүп, тапшырмаларды аткарып келишти. Тапшырмаларды мыкты аткарган 20 мугалимге «Лидер мугалим» төш белгиси, анын ичинен 17 мугалимге Алматы шаарына эки күндүк турга жолдомо алышты.
Ошондой эле 1-орунду камсыздаган Кочкор районунун кыргыз тилчи мугалими Дүйшөнбекова Гүлзина Дүйшөнбековнага Бириккен Араб Эмиратына, 2-орунду ээлеген Ат-Башы районунун математика мугалими Сулайманова Назгүль Токтобековнага Түркия мамлекетине , ал эми 3-орунга ээ болгон Ат-Башы районунун кыргыз тилчи мугалими Кадырмамбетова Жылдыз Жумабековнага Вьетнам өлкөлөрүнө саякат сертификаттары ыйгарылды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө 215 лидер мугалимдердин арасында Умра сапарына жолдомо ойнотулуп, жеңүүчү деп Ак-Талаа районунун башталгыч класстарынын мугалими Итибаева Нургуль Итибаевна табылды.
Долбоор өлкө аймактарында агартуучулукка салым кошуп, билим тармагына инвестиция жасоого багытталат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер