Кадамжайлык кол өнөрчүлөр үчүн тренинг

  • 27.02.2025
  • 0

Дизайнер, ОшМУнун доценти Зура Турдубаева Кадамжай шаарындагы 30 кол өнөрчүгө жергиликтүү табигый чийки заттан жаңы дизайндагы буюмдарды жасоо боюнча окутуу өткөрдү. Ага 45 жашка чейинки кыз-келиндер катышты.  

Кадамжайлык кол өнөрчүлөр үчүн тренинг

Жыйынтыгында алар Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүгүн заманбап дизайн менен айкалыштырууну өздөштүрүштү. Аны менен катар эле туристтер үчүн улуттук колориттеги сапаттуу буюмдарды жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Окутуу Корея менен биргеликте ишке ашып жаткан атайын долбоордун алкагында уюштурулууда. Ага өлкөнүн жети облусунан жана эки ири шаарынан 400 кол өнөрчүнүн катышуусу күтүлүп жатат. Ошондой эле атайын сынактар да болот. Жеңүүчүлөргө Кореядан билим алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Демилге Кыргызстандын кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү менен бирге, туристтик потенциалын арттырууну көздөйт.

Кадамжайлык кол өнөрчүлөр үчүн тренинг

Буга чейин кол өнөрчүлөрдүн окутуусу ОшМУнун базасында өтүп, ага Ош шаарында эмгектенген чеберлер катышкан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер