Кадамжайда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу дээрлик аяктап калды

  • 05.12.2024
  • 0

Кадамжай районунун Кара-Жыгак айылына караштуу Дыйкан атындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кадамжайда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу дээрлик аяктап калды

Маалыматка ылайык, мектептин тендердик баасы 126 млн сомду түзүп, курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча 375 орундуу жаңы мектеп 3 блоктон турат, эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Мындан сырткары, негизги окуу класстардан тышкары китепкана, китеп окуу бөлмөсү, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган.

Кадамжайда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу дээрлик аяктап калды

Объекттин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин 90 пайыздык жумуш бүткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер