КАБЕЛДИК ИНТЕРНЕТТИ АЙЫЛ ЖЕРИНЕ ЖЕТКИРҮҮДӨГҮ ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА ТОСКООЛДУКТАР

  • 12.07.2019
  • 0

Биз 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши депутаттары К.М.Жумалиев менен А.У.Жапаровго айыл жергесиндеги жалпы билим берүүчү мектептерди интернетке туташтыруу ишине көмөк көрсөтүүсүн суранганбыз. Айыл жергесинде интернеттин жоктугуна байланыштуу ал жактагы калк, өзгөчө жаштар, мектеп окуучулары маалыматтардан алыс калууда.

Биз жогоруда аттары аталган эки депутаттын сунушу менен, Жогорку Кеӊештин депуттары колдоп, айыл жергесиндеги мектептерди интернетке туташтыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 300млн. сомду КРдин Билим берүү жана илим министрлигине бөлдүргөнүн билебиз.  Бул жакшы долбоорду ишке ашыруу үчүн жарыяланган  150млн.  сомдук тендерди “Кыргызтелеком” акционердик коому утуп алып, аны эӊ жогорку деӊгээлде ишке ашырып жатыптыр.

2019-жылы май айында Россия илимдер академиясынын академиги М.В.Флинт менен Кыргызстанды кыдырып жүрүп, Кыргызстандын айыл жергесиндеги дээрлик бардык мектептерге була оптикалык кабель жеткирилгенине күбө болуп, таӊ калдык жана ыраазы болдук.

Була оптикалык кабель аркылуу чоӊ ылдамдыктагы интернеттин барышы менен, төмөнкүлөр ишке ашары белгилүү:

-сапаттуу интернеттин иштеши;

-сапаттуу санариптик теле көрсөтүү;

-электрондук эсепти Банк тарабынан тез жана жогорку деӊгээлде тейлөө;

-сапаттуу уюлдук телефон байланышы;

-телемедицинаны өнүктүрүү (аралыктан медициналык анализдерди алуу, диагноздорду аныктоо жана дарылоо);

-теле аркылуу аралыктан башкаруу, семинар, конференцияларды, жыйындарды өткөрүү;

-элди, өзгөчө жаштарды аралыкта окутуу;

-аралыктан сода-сатык иштерин жүргүзүү;

-республикалык жана дүйнөлүк китепканалардын кызматынан пайдалануу;

-массалык маалымат каражаттарынын бардык түрлөрүндөгү маалыматтарды өз убагында алуу д.у.с.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, айыл жергесин интернетке туташтыруу, ал жакта топтолгон социалдык-экономикалык жана маданий-агартуу маселелерин ийгиликтүү чечүүгө өбөлгө болоруу шексиз.

Бул КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашыруунун сапаттуу секириги болот.

Бирок бул маанилүү социалдык долбоорду ишке ашырууда тез арада чечүүнү талап кылган маселе пайда болууда.

1) Интернет аймактарга оптикалык кабель аркылуу жеткирилээри белгилүү.

Айрым жерлерге интернет кабелсиз радио толкун аркылуу жеткирилүүдө. Буга чейинки практика көрсөткөндөй, айыл-кыштактардагы мектептерде, социальдык объектилерде радио толкун менен интернеттин иштөөсү өтө начар, көп учурларда үзгүлтүккө учурап, иштен чыгып калууда.

Бул көйгөйдөн арылуунун ишенимдүү жолу чоӊ ылдамдыктагы интернетти региондорго биз жогоруда белгилегендей оптикалык кабель аркылуу жеткирүү экендигин тажырыйба көрсөтүүдө. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызтелеком акционердик коому бюджеттен бөлүнгөн акчадан миӊдеген километр оптикалык кабелди, Кыргызстандын электр тармагына тийешелүү зым карагайларга илип, республиканын алыскы райондорундагы мектептерге жеткирүүдө.

Бирок аны иштете баштаганда эле Кыргызстандын электр тармагындагы ишканалар, кабель илинген зым карагайлардын ар биринен ай сайын арендалык акы төлөөнү мектептерден талап кылууда. Эсептей келгенде ар бир зым карагайга (столбага) айына ижара акысын төлөө өтө чоӊ акча каражатына айланууда.

Мындай чоӊ суммадагы акчаны интернетти пайдаланганы үчүн мектептер төлөй албашы белгилүү. Ушул маселеден улам жаӊы окуу жылына республиканын негизинен бардык мектептерин интернетке туташтуруу иши үзгүлтүккө учураганы турат.

2) Бюджеттен жылына мектептердин сметасына атайын графа менен интернетке төлөө акысы деп жазылып берилиши керек. Ошондо гана оптикалык кабель киргизилген мектептерде интернет такай иштей баштайт.

Бул маселер өтө орчундуу болгондуктан КРдин Жогорку Кеӊешинде атайын каралып, республиканын өкмөтү тарабынан, тез арада чечилиши керек.

Мындан тышкары ушул социалдык долбоорду толук ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен керектүү каражат кийинки жылы бөлүнүп берилсе жакшы натыйжа болоор эле.

Мына ушундай эки үч орчундуу маселерди чечүү менен, аз каражатты сарптап, Кыргызстанда санариптештирүү программасынын негизин ишке ашырууда чоӊ секирик жасоого болот.

Жогорку Кеӊештин депутаттарына жана Кыргызтелеком акционердик коомуна чоӊ ыраазычылык билдиребиз, ушул  чоӊ социалдык мааниси бар проектини колдоп, эӊ жогорку деӊгээлде ишке ашырып жаткандары Кыргыз эли үчүн жасалган маанилүү иштердин бири болуп эсептелет.

 

С.А.Алымкулов – КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, техника илимдеринин доктору, профессор.

Ө.Ж.Осмонов – Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, КРдин илимине эмгек сиӊирген ишмер, т.и.д. профессор.

Б.Н.Нурматов-III-даражадагы Манас орденинин ээси, КРдин байланыш тармагына эмгек сиӊирген ишмер, профессор.

Бөлүшүү

Комментарийлер