КӨРКӨМ ОКУУ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 09.10.2023
  • 0

Белгилүү коомдук ишмер, акын, котормочу, экс спикер маркум Чыныбай Турсунбековдун туулган күнүнүн урматына ал окуган Нарын районунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы мектептин окуучулары арасында өткөрүлгөн көркөм окуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Ага Кыргыз эл акыны К.Култегин, Б.Шеримбеков, маркумдун өмүрлүк жары Нуржан Тентимишева ж.б. меймандар катышты.

КӨРКӨМ ОКУУ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Иш-чаранын башталышында уюштуруучулар Чыныбай Турсунбековдун өмүр жолуна арналган видео клипти тартуулашты. Окуучулар анын ырларына чыгарган обондорун аткарып беришти.

Тоо арасындагы алыскы Жан-Булак айылынын мектеп жамааты бул күнгө эң жогорку деңгээлде даярданганы келген меймандардын купулуна толду. Көрүүчүлөр жана калыстар тобу окуучулардын куштарлануу менен ыр окуп, ырдап, бийлегенине, өтө чоң жоопкерчилик менен даярданганына абдан ыраазы болду.

КӨРКӨМ ОКУУ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Акын, котормочу, мамлекеттик ишмер, окумуштуу, иш билги дипломат Чыныбай Турсунбековдун туулган күнүнө арналган иш-чаранын соңунда сынактын жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Андан тышкары, Ч.Турсунбековдун жубайы Н.Тентимишева мектептин мыкты окуучуларына «Акун» компаниясынын атынан стипендияларды тапшырды.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер