КӨРГӨНҮМ КӨЗДҮ КУБАНТТЫ (2-макала)
- 16.10.2024
- 0
Коррупционерлерден өндүрүлгөн акчага салынган мектепте
QUANTUM менчик мектебинен өзүм үчүн эң мыкты таасирлерди алып жолго чыктым. Мени келерки барчу жериме чейин таксиге салышты. Анткени, Астана кооз болгону менен мендей жолоочу үчүн дагы деле бейтааныш. Мен барбаган, мен баспаган көчөлөрүнө сан жетпейт…
Казакстандын борборундагы коррупционерлерден өндүрүлгөн акчага салынган №96 мектеп-гимназияга зор кызыгуу менен келдим. Билим ордосунун алдынан мени IB PYP эл аралык бакалавриат программасынын координатору, англис тили мугалими Байдалина Айгүл Кайратовна тосуп алды.
Эл аралык программанын координатору буга чейин мамлекеттик билим берүү мекемелеринин арасынан жалгыз №56 мектеп-гимназиясы lB программасы менен иштеп келсе, эми бул тизмени өзү эмгектенген билим уясы толуктап жатканын сыймык менен айта кетти:
— IB — бул баарынан мурда изилдөө программасы, окуучулар башталгыч класстардан тартып изилдөө ишин жүргүзүүгө үйрөнүшөт. Программа алты багыттан турат. Программаны ийгиликтүү аяктаган окуучу Америка менен Европанын жогорку окуу жайларына сынаксыз окууга тапшыра алат.
Айгүл Кайратовнанын коштоосунда гимназия директору Теменова Сауле Ермухановнанын иш бөлмөсүнө кирдик. Директор шаардагы мектеп директорлорунун онлайн жыйынына катышып жатыптыр.
— Баланчаны элдин көзүнчө жаман кылды, — деп башын чайкады ал, бизге белгисиз директорго боор ачып. Бизди көрө калып, ордонан козголбостон учурашты. Мен болсо аргасыздан билим берүү ишинде Борбор Азия өлкөлөрүнө таандык бири-бирине чоң болгон, бири-бирин коркуткан авторитардык мамилелерден качан арылабыз деген ойго кеттим…
Сауле Ермухановна акырын шыбырап буларды айтты:
— Биздин мектеп кошуна мектептердеги окуучулардын санын азайтуу максатында өткөн жылы 1-сентябрда ачылган. Билим ордобуз 1200 окуучуга ылайыкташкан, бирок учурда эки мөөнөттө 2500 окуучу билим алууда.
Анан ал стол үстүндө турган гезиттерди барактап:
— «Нурлы мектеп» аттуу гезитибиз бар. 2000ден ашуун тираж менен жарык көрөт, — деди.
Мени Айгүл Кайратовнадан сырткары, окуу иштери боюнча директордун орун басары Хасанова Жаксылык Ермухановна, инклюзивдүүлүк боюнча орун басары Абылкасымова Назым Уйсенбековна коштоп жүргөндүктөн, директорду онлайн жыйындан алаксытпай, таанышуубузду уланттык.
Инклюзивдүү билим берүү мектепте жакшы жолго коюлганы тууралуу Назым Уйсенбековна кеп салды:
— Мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген 58 окуучу кадимки класстарда билим алышат. Эгерде өзгөчө муктаждыгы бар окуучу чарчап-чаалыгып баратса, аны дароо класстан алып чыгып кетебиз. Анан инклюзивдүүлүктү колдоо кабинетинде аны менен сабакты өзүнчө улантабыз. Бизде коштоочу педагогдон тышкары педагог ассистент да бар.
Кире бериштеги фойеде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жылдыздар менен түшкөн сүрөттөрү баарыбыздын маанайды көтөрдү. Ушул эле жерден инклюзивдүү билим берүүгө арналган кооз сүрөттүү китепчелер катар коюлганын көрдүм.
— Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар кандай уюмдардан, басмалардан ушундай китепчелер келип турат, — дейт Назым Абилкасимова алардын бир-экөөсүн бизге көрсөтүп.
Кооздук, көркөмдүк башталгыч класстын окуучулары билим алган кааналарды көздөй кеткен коридордо да көзгө урунат.
— Бул «Гринейктер» аттуу аңгемени өзүбүздүн мугалим жазып, китеп кылып чыгарган. Ошону сүрөттөрү менен коридордун дубалына ушинтип түшүрдүк. Балдар танаписте ушул жерден үймөлөктөшүп кетишпейт, — деди Айгүл Кайратовна.
Мектептеги бир да коридор дубалы бош эмес. Баарында орду менен максаттуу көргөзмө материалдарды көрүүгө болот. Мисалы, «Улуттук оюндар» деген бөлүмдө «Тогуз кумалак» , «Асык ату» (биздеги «Тогуз коргоол», «Ашык атуу» оюндары тууралуу кызыктуу маалыматтар берилген.
Буга улай «Беш нерседен алыс бол, беш нерсеге ашык бол» деген накыл сөздөр бадырайып жазылып турат. Жакшысы, булардын баары балдардын кабыл алуусуна жакын кыска-нуска символикалык белгилер аркылуу таамай берилген.
Анан айрым бир класстарга баш бактык. Башталгыч класстар мугалими Байжанова Айжан келерки күнкү сабагына даярданып жаткан экен, бизди көрүп ордунан тура калды. Кыргызстандан экенимди билгенде, андан бетер кубанды. Деги эле кыргыз-казак эжейлерин, агайларын айырмалоо кыйын. Баары окшош. Баарында ата-бабалардан калган ыймандуулук, сабырдуулук бар. Окуучуга болгон сүйүү бар…
Дагы бир класста англис тили өтүлүп жатыптыр. Англис тилинде саламдашып, улан-кыздарга ой-тилегимди айттым. Балдар-кыздар зор ынтаа менен угушту.
Андан ары мени робототехника ийримдери өтүлчү класстарга алып барышты. Сапарканова Булбул Маулен кызы, Наурызбаев Куантай Кайратович жаштардын арасында азыр робот курууга кызыгуу зор экенин жашырышкан жок. Куантай агай балдар жасаган роботтун иштөө ыкмасын бизге көрсөтүп берди.
Ошентип бул күнкү мектеп менен таанышуу спорт залга жана салтанат залына баруу менен аяктады.
P.S. Ушул жолугушууларда казакстандык эжей-агайлар кыргыз агартуучулары жаратып жаткан ийгиликтерди өз көздөрү менен көрүп, тажрыйбасын байытып кетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер