КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАК

  • 01.10.2024
  • 0

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАК1-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги Кыргыз билим берүү тармагынын 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилибиздин 35 жылдыгына арналган “Билим берүү бардыгы үчүн:көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу” аттуу улуттук форумда ушул багыттагы долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу баяндамалар, талкуулар болуп, ой-пикирлер айтылды.

Форумда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баяндама жасап, көп тилдүүлүк жана көп маданияттуулук “кыргыз жаранын” калыптандыруудагы негизги аспектилердин бири экенин, тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү сактоо менен өлкөбүздөгү улуттар арасындагы биримдикти жана ынтымакты камсыз кылууга болоорун, ошону менен бирге мамлекеттик тилди билүү өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн маанилүү жана милдеттүү экенин билдирди.

Министр көп тилдүү билим берүү программасы эки багытта, предметти жана тилди интеграциялап окутуу аркылуу экинчи тилди окутуунун сапатын жакшыртуу аркылуу ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАК-Көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, «Кыргыз жараны» программасы, «2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасы»сыяктуу маанилүү документтеринде жазылган. Көп тилдүү билим берүү маселелерин жөнгө салуу үчүн бул түшүнүк 2023-жылдын августунда кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга киргизилген,-деди КР билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева.

Көп тилдүү билим берүү программалары улуттук азчылыктардын тилдеринде окутулган билим берүү уюмдары үчүн, ошондой эле окутуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлгөн мектептер үчүн иштелип чыккан. Мындай мамиле ар кандай тилдик топтордун мамлекеттик, расмий, эл аралык жана эне тилдерин жеткиликтүү деңгээлде билүүсүн камсыздоо болуп эсептелинет.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАКТилдерди, өзгөчө мамлекеттик тилди жакшы билүү социалдык ийгилик үчүн да, окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн да – окуучулардын тексттерди түшүнүүсүн жакшыртуу үчүн да маанилүү. Кыргызстан 2025-жылы PISA программасына катыша тургандыгын эске алсак, тексттер менен иштей билүү тесттен ийгиликтүү өтүүнүн бирден бир шарты болуп саналат.

Тарыхка кайрылсак 15 жыл мурун, 2009-жылы өткөн конференцияда Кыргызстан көп тилдүүлүктүн модели катары байытуучу (толуктоочу) моделди кабыл алары аныкталган. Бул тилдик компетенцияларды мамлекеттик же/жана расмий, чет тилде гана эмес, ошондой эле эне тилин билүү муктаждыгын эске алууга мүмкүндүк берет, ал эми бул моделди ишке ашыруунун куралы катары предметти жана тилди интеграциялап окутуу керектиги белгиленген.

Көп тилдүү билим берүүнү киргизүү өнөктөш жана донордук уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылып келет. Бул программаны ишке ашырууда ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси, ошондой эле Сорос-Кыргызстан Фонду колдоо көрсөтүп келишкен. 2013-жылдан тартып Кыргыз Республикасы БУУнун тынчтык куруу фонду (ишке ашыруучу агенттик-ЮНИСЕФ) тарабынан колдоого алынган «Биримдик — көп түрдүүлүктө » программасынын алкагында көп тилдүү билим берүү боюнча программаларды ишке ашыра баштаган.

1991-2002-жылдары көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн ченемдик-укуктук базасы,көрсөтүлгөн багыттар боюнча биринчи сунуштар иштелип чыкканын,  мамлекеттик жана расмий тилдерде окутуунун методикасын өркүндөтүү боюнча иш тажрыйбасы топтолгонун, Кыргызстанда көп тилдүү билим берүүнү киргизүү үч этап менен ишке ашырылып жатканын министр баса белгилеп, мындай деди:

“-Быйылкы окуу жылында биз жаңы этаптын босогосунда турабыз. Быйыл өлкөнүн 4 жогорку окуу жайында биринчи жолу көп тилдүү негизде табигый жана физика-математикалык багыттагы студенттерди даярдоо программалары ишке киргизилүүдө. Бул багыт бизге 5 жылдын ичинде STEM багытындагы бир катар мектеп предметтерин англис тилинде окуп баштоого мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз,-деди министр.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАККөп тилдүү билим берүү программалары учурда бир катар билим берүү уюмдарында ийгиликтүү иштеп жатат. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:  Бишкек шаарында 55 бала бакча, Ош жана Баткен облустарында 16 бала бакча иштеп жатат.

2023-2024-окуу жылынан баштап Бишкек шаарында дагы 15 бала бакча, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 4 бала бакча, Ош шаары менен Кара-Суу районунда 8 бала бакча көп тилдүү негизде ишин баштады. Көп тилдүү билим берүү программаларына жалпысынан 58 пилоттук топ катышып, 3490 бала камтылган.

Республика боюнча жалпы 80 жалпы билим берүү уюмунда көп тилдүү билим берүү программасы ишке ашырылып жатат. Аларда 15144 окуучу окуйт, 500дөн ашык пилоттук класстар бар, 740 окутулган педагогдор иштейт.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАКПрограммалар окутуу азчылыктардын тилдеринде (өзбек, тажик) жүргүзүлгөн 28 мектепке киргизилген, аларда программалардын максаттуу тилдери кыргыз жана орус тилдери болуп саналат. Көп тилдүү билим берүү программаларына катышуу улуттук азчылыктардын тилдеринде окутулган мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТга катышуусуна, ошондой эле эмгек рыногунда жана алардын жарандык милдеттерин аткарууда окуусун улантууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

-Натыйжаларды талдоо көрсөткөндөй, көп тилдүү программа аркылуу билим алып жаткан класстарда башка класстарга караганда окуучулардын сүйлөө жана угуу көндүмдөрү орточо эсеп менен 20-40% га жогору,-дейт Республикалык Педагогикалык Кызматкерлердин Квалификациясын жогорулатуу жана Кайра Даярдоо Институтунун ага окутуучусу Айгүл Оморова.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАККөп тилдүү билим берүү программасы тилдерди билүүнү жакшыртууга гана мүмкүндүк бербестен, бүтүрүүчүлөргө билимин улантууга жана андан кийин эмгек рыногунда өзүн ишенимдүү сезүүгө мүмкүндүк берген жалпы балдардын жетишкендиктерин жогорулатууга, soft skills (жумшак көндүмдөрдү) калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Ошондой   эле жыйынтыктар эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары менен байланыштуу. PISA-2022 көрсөткүчтөрү жогору болгон алдыңкы он өлкөнүн арасында алты өлкө көп тилдүү билим берүү практикасын ишке ашырып жатканы көрсөтүлгөн. Мисалы, бул Сингапур, анын тажрыйбасы менен 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө математика, илим предметтерин, англис тилин окутууда колдонууну пландалып жатат.

Көп тилдүү программалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн  2022-2023-окуу жылынан баштап 6 жогорку окуу жайда жана 4 колледжде бала бакчалар жана башталгыч мектептер үчүн көп тилдүү билим берүү мугалимдерин даярдоо программаларын апробациялоону министрлик жүргүзүп жатат. Бул көп тилдүү программаларды ишке ашырууга кызыкдар мектептерди жана бала бакчаларды эки тилдүү педагогдор менен камсыз кылууга мүмкүндүк бермекчи.

Форумдун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №3 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси  Салтанат Кеңешчоро кызы мектепке чейинки билим берүүдөгү көп тилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча кызыктуу баяндама жасап, Эстониядагы тажрыйжаларды  мисалга келтирип, тил үйрөтүүнүн башаты бала бакча, үй-бүлө, айлана чөйрө жана тажрыйбалуу тарбиячылар, мугалимдер мисалдар менен экенин баса белгиледи.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАКТилдик компетенцияларды өнүктүрүүдө теориядан практикага өтүү боюнча дагы мастер класстар өткөрүлүп, сунуш-пикирлер айтылды.

Форумга илимпоздор, агартуучулар, эксперттер катышты.  Катышуучулар “Орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуудагы тажрыйбалар”, “Химия предметин англис тилинде окутуу тажрыйбасы”, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн инновациялык ыкмалары”, “Көп тилдүү билим берүү шартында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу” темасында мастер-класстарга кирип, тажрыйба топтой алышты.

-Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ), Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин (КӨЭУ), Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун (СГЭИ), Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун (КГПИ), Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ), Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) педагогикалык факультеттеринин базасында «көп тилдүү мектептин башталгыч класстарынын мугалими» жана «көп тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы» эксперименталдык билим берүү программалары иштелип чыкты. Ошондой эле 5 колледжде – ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде, КӨЭУнун кесиптик колледжинде, Каракол, Нарын Жалал-Абад педагогикалык колледждеринде – кесиптик орто билим берүү уюмдары үчүн ылайыкташтырылган ушундай программалар ишке ашырылууда,-деди Билим берүү министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАКАлдыда ишке ашыруу пландалып жаткан маселелер да талкууга алынып,  кыргыз, орус жана чет тилдерин окутуунун методикаларын бүгүнкү күндүн талаптарына шейкеш келтирүү,окуучулардын грамматикалык эрежелерди өздөштүрүүсүнө басым жасоо жана алардын сүйлөө көндүмдөрүнүн 4 түрүн (угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу) өнүктүрүү,предметтик мугалимдерди тилдик компетенттүүлүгүн эл аралык практикада кабыл алынган талаптарга жооп бере турган деңгээлде даярдоого жетишүү, буга ылайык, ЖОЖдордо тилге даярдоо программасын өзгөртүү боюнча чаралардын системасын киргизүү, ошондой эле эне тилди, экинчи жана чет тилдерди кошкондо педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрүнүн тилдик компетенттүүлүгүнө стандартташтырылган баа берүүнү киргизүү, чет тилдерин терең үйрөтүү методикасы, чет тилдер боюнча педагогдорду даярдоо жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү педагогдорду даярдоонун сапаты башка иш-аракеттер боюнча сунуш-пикирлер да айтылды.

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК- БИЛИМ, БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАКОшентип, көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүүнү өнүктүрүү боюнча өлкөбүздүн билим берүү тармагынын алдында көптөгөн милдеттер турат. Бул милдеттерди аткарууда көп маданияттуу коомдо жашоого жөндөмдүү көп тилдерди билген жаранды калыптандыруу болуп саналат. Башкача айтканда, эки же андан көп тилди билген жана коммуникациянын ар түрдүү чөйрөлөрүндө – инсандык, кесиптик, жарандык тилди колдоно алган кадрларды даярдоо башкы максаттардын өзөгү.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер