КӨЛ БОЮНДАГЫ КЕСИПКӨЙЛҮК САБАКТАРЫ
- 12.09.2023
- 0
Чүй жатак-мектебинин тарбиячылары үчүн лагердин экинчи кесипкөйлүк тренингдери уюштурулду.
Демилгечи педагог Бийик Рыскуловду өлкөбүздөгү агай-эжейлердин көбү жакшы билет. Былтыркы окуу жылында эле жер-жерлерге барып, төрт миңдей мугалимге педагогдук кесипке шыктандыруучу тренингдерди өтүүгө жетишти.
— Балдар үйүнүн тарбиячыларына эки жыл мурун да тренинг өткөм, – дейт ал.
Ошентип, тарбиячылар күткөн тренинг башталды. Сабактын биринчи бөлүгүндө педагогдор топторго туура бөлүштүрүү боюнча маалымат алышты.
— Топторго бөлүштүрүүдө бир кемчиликти байкап калам. Адатта балдар туш келди эле отуруп алышат. Мындай кылганда иштин натыйжасы жакшы болбойт, – деди Бийик Рыскулов.
Анан ал өзү колдонуп жүргөн ыкмаларды практика жүзүндө көрсөтүп берди. Биз, тренингдин катышуучулары, балдар партага төрт-төрттөн бөлүнүп: отличник – сабактан жетишпеген окуучу, ударник – орто окуган окуучу болуп кайчылаш отурса, топтук иш кыйла жемиштүү болорун түшүндүк. Дегеле сабакта кандай иш болбосун, мугалим жумушту отличник, ударниктерден баштаганы туура болорун билдик.
– Жаңы теманы бышыктоодо болсун, үй тапшырмасын суроодо болсун, мугалим эч качан эң начар окуган балдардан баштабаганы дурус, себеби жакшы окугандардан кийин начар окугандарга тема боюнча сүйлөп берүү кыйла жеңил, – деди тренер.
Тренингдин экинчи бөлүгүндө сабакты позитивдүү маанайда баштоонун мааниси, окуучуларды бири-бирин мактоого үйрөтүү, сабакты баштоодогу берилүүчү суроолордун кызыктуу болушу жөнүндө сөз жүрдү. Бийик агай мугалимдерге өзү даярдап келген суроолорун узатты:
— Эмне үчүн илгери найзанын учуна кыл байлашкан? (Кан найзанын сабына куюлбаш үчүн)
— Кыргыздарда гана камчынын орто ченинде кыны болот. Анын кандай мааниси бар? (Улак тартышта жана башка учурларда камчыны кынынан тиштеп алса болот)
— Бразилияда кедейлер жашаган райондогу кафеге киргенде бай аялдар тамагына кошуп боткону буйрук кылышат? Эмне үчүн? (Капысынан кирип келген каракчылар кымбат буюмдарын тартып албашы үчүн боткого алтындан жасалган билерик, сөйкөлөрүн салып коюшчу).
— Японияда суицидден адамды кайсыл кесиптин ээлери сактап кала алат?
(Чач тарачтар жарашыктуу чач жасалга жасап, же чачты башка түскө боёп берип, адамды стресстен чыгара алышат).
Тренер жоопторду сөзсүз эле сабак маалында таап берүү зарыл эместигин, керек болсо, аларды үй тапшырма катары берүүгө болорун баса белгиледи.
Сабактын андан аркы бөлүгүндө «Массаж», «Агент 007», «Бир минуталык мээ тыныгуулары», «Өз портретим», «Ушак кантип жаралат?», «Бузук телефон», «Жашыруун сүрөт», «Туура тизилүү», «Кырдаалдан чыгуу», «Муундар», «Жугуштуу билим» интерактивдүү оюндары класста бекемделди. Тарбиячылар бул оюндарды зор кызыгуу менен аткарып жатышты. Мисалы, «Бир минуталык мээ тыныгуулары» оюнунда мугалим окуучуларга «Сол колуңар менен 1ден 20 га чейинки сандарды жазып чык» деп кайрылат. Бул оюнду ойнотуу аркылуу класстагы ызы-чуудан ыкчам арылууга болот. Муну балдар чарчаган учурда да пайдалануу мүмкүн.
Менин байкашымча, тарбиячыларга «Ушак кантип жаралат?» (Чымындын пилге айлануусу) оюну да жакты.
— Айрым педагогдор директордун, ал эми окуучулар мугалимдин көрсөтмөлөрүн толук уга билишпейт. Натыйжада тапшырманы аткарууда кыйналышат. Ошондуктан түшүнбөй калсак, кайра суроодон тартынбашыбыз керек, – дейт Бийик.
Бул кызыктуу оюнда катышуучулар катар тизилип турду. Анан эң артта турганы алдыда тургандын далысына чапкылап, бери караганда «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген макалдын маанисин кыймыл менен аткарып берди. Алдыдагы турганы ошону дал өзүндөй кылып аткарууга тийиш болчу, тилекке каршы жаңылды, акыркысы болсо таптакыр башкача аткарды. Оюн кыраан каткырык менен коштолду.
Андан ары тарбиячылар «Жашыруун сүрөт» оюнун да ойноого үлгүрдү. Бул оюнда доскага бир катышуучу чыкты. Тренер ага көрсөтпөй доскага Алымбек датканын сүрөтүн илди. Башкалар:
— Бул түштүктөгү эл башкарган тарыхый инсан болгон?
— Аялы да датка наамын алган?
— Зайыбы экөөсү тууралуу фильм тартылган? деген сыяктуу багыттама маалыматтарды беришти. Оюн жооп туура берилгиче уланды. Бул оюнду бардык предметтер боюнча өтүүгө болорун билдик.
Ал эми «Туура тизилүү» оюнунда болсо, тренер классты үч топко бөлүп, туулган жылы, айы, чачынын, боюнун узундугу боюнча батыраак тизилип турууга тапшырма берди. Оюн балдар-кыздарды биримдүү, ынтымактуу болууга үйрөткөнү менен баалуу экенин байкадым.
Сабактын аягында Бийик Рыскулов өзү колдонуп жүргөн «Ден соолук куржуну» идеясы менен бөлүштү.
— Көпчүлүк агай-эжейлер иш деп жүрүп ден соолугуна маани беришпейт. Азыр акчаң болсо, дарылана аласың. Ай сайын айлыктан 500-1000 сомду ден соолук куржунуна салып койгула, – деп ал бүгүнкү сабагын жыйынтыктады.
Тарбиячылар болсо мага бул күнкү сабактан алган таасирлерин айтып беришти.
— Бизге аябай керектүү ыкмалар экен. Буларды окуучулардын түштөн кийин сабакка даярдануусунда колдонсок болчудай, — дешти алар.
Лагердин үчүнчү күнү да тренингдер менен коштолду. Чүй жатак-мектебинин директору Назгүл Мукашевна тарбиячыларга ийгиликке жетүүдө эмоцияны башкаруу, Илгиз аттуу тренер максат коюп жашоо тууралуу баяндама-сабак өтүштү.
P.S. Ушул эле күнү Бийик Рыскулов балдарга «жумшак көндүмдөр» тууралуу баяндап берип, палатка орнотууну жана туристтин баштыкчасына буюмдарды туура салууну үйрөттү.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер