К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде күз майрамына карата күзгү студенттик фестиваль болуп өттү.
- 20.09.2024
- 0
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 19-сентябрда Кытайдын салттуу майрамдарынын бири болгон күз майрамына арналган “Кыргызстан – Кытай жакын достугу” аттуу студенттердин күзгү фестивалы болуп өттү.
Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Т.Тагаев, ЖОЖдордун ректорлору, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын кытай таануу Ассоциациясынын коноктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана К. Карасаев атындагы БМУнун окутуучулары жана студенттери катышышкан. Университеттин басма сөз кызматы белгилегендей күз майрамы Кытайдагы эң маанилүү майрамдардын бири. 2008-жылы Кытай бул майрамды расмий мамлекеттик майрам катары таанып, дем алыш күн деп жарыялаган.
Университеттин ректору А.И. Мусаев белгилегендей: «Бүгүнкү күндө кытай маданиятына, тарыхына, тилине кызыккан жаштардын саны жыл сайын өсүп, кытай тилин өнүктүрүү активдүү колдоого алынып жаткандыгы сүйүндүрөт. Күз майрамы Кытайдагы маанилүү маданий иш-чара эле эмес, түшүм үчүн ыраазычылык ошондой эле биримдиктин жана сүйүүнүн символу болуп саналат.
Байыркы доорлордон бери үй-бүлөлүк биримдиктин жана салттарды муундан-муунга өткөрүп берүүнүн символу болуп келген. Бул майрам бүгүнкү күндө тез өзгөрүүгө ээ болуп жаткан дүйнөдө түпкү баалуулуктардын нмаанилүүлүгүн эскертет. Элибизде эзелтеден күз айы майрамдык мезгил катары эсептелип келген. Бул убакта элдик майрамдарды өткөрүү, көңүл ачуу, конокторду чогултуу, дасторкон жайуу салт болгон”.
КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу өз сөзүндө «Билим берүү тармагындагы кызматташуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Көп жылдардан бери Кытай тарап Кыргызстанга Кытайдын университеттеринде окууга көп сандагы стипендияларды берип, колдоо көрсөтүп келет”. Андан ары «Кыргызстан менен Кытайдын маданият күндөрү бардыгына унутулгус таасир калтырды. Искусство кызматкерлеринин Кытайга болгон гастролдору, сүрөтчүлөрдүн биргелешкен көргөзмөлөрү, Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында “Манас” эпосун коюу эки элдин жакындашуусуна салым кошууда”, — деп баса белгиледи КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары. М.Т.Тагаев.
Иш-чаранын алкагында көргөзмө уюштурулуп, катышуучулар кытай маданиятынын өзгөчөлүктөрү, чай берүү аземи, улуттук кытай ашканасы, ошондой эле кытай каллиграфиясы жана салттуу кытай оюндары боюнча мастер-класстар менен таанышты.
Иш – чаранын аягында К. Карасаев атындагы БМУнун студенттери, Конфуций институтунун студенттери чыгармачылык концерттик программа тартуулашты. Иш-чара эл аралык “Конти мост” журналынын демилгеси менен өткөрүлдү.
Комментарийлер