КӨК-ЖАРДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА

  • 13.03.2024
  • 0

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жаңы курулган бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.

КӨК-ЖАРДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА

Акылбек Жапаров акыркы эки жылда эле борбор калаабызда 21 билим берүү мекемеси курулганын белгиледи.

“Балдардын коопсуз жашоосу жана өнүгүүсү үчүн бардык шарттары менен курулган бала бакчанын ачылышы менен куттуктайм. Бала бакчада спорт зал, музыкалык жана концерттик залдар, медициналык жабдуулар, керектүү окуу куралдары жана оюнчуктар менен жабдылган. Акыркы эки жылда борбор калаада 21 мектеп курулду. Мамлекеттик саясат балдардын сапаттуу билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган”, — деди А.Жапаров көк-жарлыктардын кубанычтуу окуясы менен куттуктаган сөзүндө.

КӨК-ЖАРДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА

Көк-Жар конушунда курулган бул бакчанын долбоору боюнча 280 орундуу болуп эсептелет, а бирок бала бакчанын аянтынын чоңдугунан улам кошумча жылдырма керебеттерди коюу, б.а. оптималдаштыруунун натыйжасында дагы 230 орунду түзүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болгон.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер