“Көк-Арт” мектебиндеги математика мугалимдеринин ийгиликтери

  • 25.06.2024
  • 0

№10 “Көк-Арт” мектеп-гимназиясында так илимдер бирикмесинин мугалимдеринин катышуусунда конференция болуп өттү. Конференцияда Куваков Жеӊиш “Бул менин ишимби” дебей, ар бир мугалим окуучуларга татыктуу тарбия берүү менен бирге мектеп тарыхына көӊүл буруп, улуу мугалимдердин эмгектерин жазып, келечек муунга өткөрүп берүү милдетибиз экендигин айтып өттү.

“Көк-Арт” мектебиндеги математика мугалимдеринин ийгиликтери

Агайдын азыркы учурда “Акыйкат” гезитине сандан санга “Кылым карыткан “Көк-Арт” мектебинин директорлору” деген темада чоӊ эмгеги жарыяланууда. Мектеп түптөлгөндөн ушул күнгө чейинки иштеп кеткен жана иштеп келе жаткан математика мугалимдери тууралуу маалыматтарды жыйноо жөнүндө да сөз болду. Агайдын сунушу бизге да жакты. Бул өзүнчө тарыхка айланарына көзүбүз жетти.

Азыркы учурда математика мугалимдери бул ишке берилгендик менен иштеп жатабыз. Агайдын дагы бир мүдөөсү мектептин 100 жылдыгын өткөрүү болсо, бул биздин кошкон чоӊ салымыбыз болот. Буюрса, ардагер жана жаш мугалимдер менен, окуучулар менен биргеликте “Көк-Арт” мектеп-гиназиясынын 100 жылдыгына карата иш чарабызды өткөрүү пландалууда.

Ошондой эле иш чараны уюштуруудан сырткары конференцияда мамлекеттин өсүп-өнүгүшү, жаш муундун келечеги үчүн билим берүү, анын ичинен математика предметинин орду канчалык зор мааниге ээ экендигин жакшы түшүнгөн математика мугалимдери өз билимдерин кеӊейтүү менен иш тажрыйбасын, ийгиликтерин жайылтууну баарлашты. Балдарыбыз өзүн таанып, кызыккан нерсесине жооп таап, болжолдуу багыттарын аныктоого мугалимдин орду эбегейсиз. Окуу жылы аяктап, мугалимдер окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо менен бирге бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоодо багыт берип аларга туура жол көрсөтүү тууралуу да кеп-кеӊештер айтылды.

Мектеп начар болсо окуучулар турмушка, жоопкерчилик көтөргөнгө даяр эмес бойдон чоӊоюп, элдин чала билимдүү, маданияты төмөн, караӊгы катмары калыӊдай берет. Ошондуктан мугалимдер ар дайым изденүү менен өз билимдерин өркүндөтүү керек жана мыкты мугалимдер иш тажрыйбаларын жайылтуусу керек деп айттылды.

Албетте, биздин мектепте күчтүү математика мугалимдеринин мөмөсү жемиштүү десем болчуудай. Акыркы 5 жылдыкты алсак, математика сабагынан республикалык олимпиаданын райондук, областтык, республикалык турунда ийгиликтерге жетишип келебиз. Конференциянын жүрүшүндө жыл сайын өтүлүүчү олимпиаданын ийгиликтери жана билим сапатын жакшыртууга кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдерге алкыш айтылды. Алардын ичинен Эшигеева Гүлмира эжекенин эмгеги чоӊ.

2020-2021-окуу жылында математика предмети боюнча райондон 2-орун, областтан Нийматова Бегимай 3-орун республикага онлайн катышып 3-орунду алды.

2021-2022-окуу жылында республикалык олимпиаданын райондук турунда математика предмети боюнча 2 окуучу катышып, 1-орун, 3-орун, областтык турдун катышуучусу болушту.

2022-2023-окуу жылында республикалык олимпиаданын райондук турунан математикадан 2 окуучу катышып, 2-орун Чоробаева А. Кадырахунов Б. 3-орунга, областык турунан Чоробаев А. 3-орунга ээ болду.

2023-2024-окуу жылында 1 окуучу катышып райондук турдан 1-орунга, областтык турдан 3-орунга жетишти. Бул мектептин жана мугалимдердин ийгиликтери.

Эгер мектеп өксүсө, бүтүндөй коом бүлүнөт. Ошондуктан Манастын осуятында айтылгандай баарыбыз “бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып”, бири-бирибизге жардам колун сунганды унутбайлы деп конференциябыз жыйынтыкталды.

 

Баргыбаева Айназик, Сузак районундагы

№10 “Көк-Арт” мектеп-гиназиясынын

математика мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер