К. ИМАНАЛИЕВ: “ЧҮЙДӨ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КАТАСТРОФА”

  • 22.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясында ЖРТнын жыйынтыктары талкууланды. Чүй областындагы мектептердин жалпы республикалык тесттерге катышуусу жана жетишүүсү жөнүндө министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева баяндама жасады.

К. ИМАНАЛИЕВ: “ЧҮЙДӨ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КАТАСТРОФА”

2021-2022 окуу жылындагы ЖРТга бүт республика боюнча 67045  бүтүрүүчүнүн 51183 же 76,3% окуучу катышкан. 78 мектеп ЖРTга такыр катышкан эмес.

Т. Ашымбаева Чүй облусундагы мектептерде жалпы республикалык тестке катышуу деңгээли да, андагы көрсөткүчтөр да төмөн экенин билдирди.

Облустагы 13 мектепте ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрдүн баардыгы негизги тест боюнча 110 баллдан аз алган. 20 мектепте гана бүтүрүүчүлөрдүн 80%  негизги тесттен 110 баллдан жогору алган. Жалпысынан облустагы бүтүрүүчүлөрдүн 48% негизги тест боюнча көрсөткүчү 110 баллдан аз. Бул кемчилик көбүнчө Кемин (75%), Панфилов (55%), Сокулук (52%), Москва (52:), Ысык-Ата (50%) райондоруна мүнөздүү. Математика, физика, химия жана биология боюнча даярдоодо олуттуу көйгөйлөр бар. Бүтүрүүчүлөрдүн 70% математика боюнча 60 баллдан аз алышкан. Химия боюнча көрсөткүч 65%, физика боюнча 58%, биология боюнча — 53%.

Гуманитардык предметтер боюнча көрсөткүчтөр жакшыраак. Бүтүрүүчүлөрдүн 18% гана англис тили боюнча  жетишүүсү 60 баллдан аз. Тарых боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 44%, кыргыз тил боюнча 39%, орус тили боюнча 35% 60 баллдан аз алышкан.

“Чүй областында билим берүү өкүнүчтүү эле эмес, катастрофа”,-деди коллегияда министр Каныбек Иманалиев. – Мен силерге бир мисал келтирейин. Жарым-жартылай согуш болуп аткан Баткенде Гапыр Мадаминовдун гимназиясында 85 окуучусу бюджеттик бөлүмдөргө өткөн. Чүйдө ага тең келген бир да мектеп жок. Силердин намысыңарга тиеби, билбейм, менин намысыма тийип атат. Болгону 20 мектеп республикалык талапка жооп берет. Бул эмне дегендик? Чүйдө эл аралык аттестациядан өткөн бир да мектеп жок”.

Коллегия райондук деңгээлдеги айрым жетекчилерге сөгүш, айрымдарына эскертүү берди. Ысык-Ата жана Панфилов райондук билим берүү бөлүмүдөрүнүн башчыларын кызматтан алууну чечим кылды. Кемин жана Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларына жаңы келгендиктен эскертүү берилди. Сокулук районунун жетекчисине сөгүш жарыяланды. Ошондой эле ЖРТдагы көрсөткүчтөрү начар 13 мектептин директорун кызматтан алуу сунушу берилди.

К. ИМАНАЛИЕВ: “ЧҮЙДӨ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КАТАСТРОФА”

Бөлүшүү

Комментарийлер