К. ИМАНАЛИЕВ: «АТТЕСТАТ САТЫЛБАЙТ, ОКУП ГАНА АЛЫШ КЕРЕК»

  • 24.07.2023
  • 0

«Ай Кью» менчик мектебине алданып калган ата-энелер бүгүн кайрадан Билим берүү министрлигине келишти. Министр Каныбек Иманалиев аларды кабыл алып, аттестат мыйзамдык тартипте гана берилерин дагы бир жолу түшүндүрдү.

«Биринчиден лицензия эле жок эмес. Окуу программасы жок, Нормалдуу мектептин өзү жок. Кантип аттестат беребиз? Ата-энелер менен иштешкенге даярмын, күн десе күн, түн десе түн. Комиссия мына турат. Окуучу кайсы күндөрү барган, кайсы окуу жайга барган, чейрегин качан тапшырган, бүт баарын далилдемейинче болбойт. Аттестат сатылбайт, окуп гана алыш керек. Мен ата-энелердин укугун, окуучулардын укугун коргойм. Ким алдап аттестат сатам десе, мыйзам астында жоопко тартылыш керек».

«Ай Кью» менчик мектеби өткөн окуу жылында экстернатка лицензиясы жок болсо дагы 84 баланы кабыл алып экстернатка мыйзамсыз окутканы ашкере болуп аттестат ала албай калганда, ата-энелер нааразы болуп Билим берүү жана илим министрлигине келишкен. Министрлик менчик мектептин экстернатка окутууга лицензиясы болгон эместигин билдирип, окуучулар менен ата-энелерди алдап. акча топтогон фактысы боюнча деректирге чара көрүү жөнүндө укук коргоо органдарына кайрылган.

Ошондой эле министрликтин тийиштүү комиссиясы Токмоктогу «Ай Кью» мектебине барганда менчик мектептин директору тийиштүү документтерди көрсөтпөй качып кеткен бойдон көрсөтө элек.

Аталган комиссия мектептин дареги боюнча барганда ИСИТОго тийиштүү гана имарат көрүшкөнүн, бул жакта «Ай Кью» мектеби болгону жана балдарды реалдуу окуткандыгынын тикелей да, кыйыр да далилдери чыкпаганын айтууда.

Ошого карабастан менчик мектептин директору ата-энелерге жамынып, аларды министрликке каршы тукурган иштерин улантууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер