КӨЭУ: окутуучулардын эмгек акылары жогорулады

  • 10.02.2025
  • 0
Жаңырган жылдын алгачкы иш жумалыгында, жемкорлукту кыскартуу багытында өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттердин алкагында, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги окуу жайдын жалпы эмгек жамаатына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
 КӨЭУ: окутуучулардын эмгек акылары жогорулады
Ага улай эле эмгек жамаатына социалдык жактан колдоо көрсөтүп, окуу жайда жемкорлукту түп орду менен жок кылуу максатында, профессордук-окутуучулар жамаатын аттестациядан өткөрүүнү, көрсөткүчүнүн бийиктигине жараша эмгек акысына кошумча төлөм киргизүү боюнча окумуштуулар кеңешинде каралып, колдоо тапты.
Натыйжада, аттестацияга катышкан окуутучуларга, ошондой эле жалпы эмгек жамаатынын эмгек акысына 2025-жылдын 1-январынан тартып, университеттин каржы мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча төлөм бериле баштады.
Окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков окутуучуларга мүмкүн болгон бардык шарттарды түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, декабрь айында айлыктан сырткары, ар бир кызматкер Жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө сый акы алышкан.

Комментарийлер