КӨЭАУДА ОКУТУУЧУЛАР АРАСЫНДА СПАРТАКИАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 15.01.2024
- 0
8-13-январга чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана кызматкерлеринин ортосунда өткөн кышкы спартакиада жыйынтыкталды.
Спартакиада спорттун сегиз түрү боюнча өткөрүлүп, окуу жайдын бардык факультет, колледждеринен жана ректораттан командалар катыштты. Окуу жайдын алдындагы “Достук” спорт клубунун жана дене тарбия кафедрасынын окутуучулары көзөмөлгө алды.
Ректор жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде жалпы жамаатты сергек жашоого үндөп, алдыңкы командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Жалпы командалык эсепте 1-орунду кесиптик колледж, 2-орунду табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультети 3-орунду ректораттын командасы багындырды. Жалпы командалык эсепте жеңишке жеткен командаларга жана спорттук иш-чарага жигердүү катышкан факультеттерге окуу жайдын бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев грамота жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды.
Аталган спорттук иш-чара окутуучулардын маданий эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин жана профсоюз уюмунун демөөрчүлүгү астында уюштурулуп келет.
Комментарийлер