КӨЭАУ ТУРКИЯНЫН БЕЛГИЛҮҮ УНИВЕРСИТЕТТЕРИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 03.04.2023
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин   ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жетектеген делегация эл аралык байланыштарды, билим берүү чөйрөсүндөгү интегрецияны күчөтүү максатында Туркиянын белгилүү университеттери менен жакындан таанышып келди.

КӨЭАУ ТУРКИЯНЫН БЕЛГИЛҮҮ УНИВЕРСИТЕТТЕРИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Иш сапардын алкагында, Стамбул шаарындагы Ускудар жана Арел университетине барып, материалдык базасы, окуу кааналары жана лабораториялары менен таанышты. Окутуучулар менен студенттерди бир семестрге академиялык мобилдүүлүккө бардык шарттары менен кабыл алууга, биргелешкен борборлорду ачууга, тилдик курстарды уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди.   Анкара шаарындагы үч окуу жайдын жетекчилери менен жолугуп, келечектеги пландар талкууланды. Окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, кош диплом берүү, илимий, усулдук иштерди жүргүзүү маселелери каралды. Жыйынтыгында, аталган иштер боюнча келишим түзүлүп, реалдуу иштерге жол ачуу макулдашылды.

Мындан сырткары, КР Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия” жөнүндөгү концепциясына ылайык, жаштар арасында адеп, нарк, ыйман, жүрүм-турум маданиятын өстүрүү, түрк дүйнөсүндөгү кыргыз жаштарынын ордун күчөтүү жана көтөрүү максатында “Стамбул билим жана илим” эл аралык фонду менен келишим түзүлдү.  КӨЭАУдан барган делегацияны ТЮРКСОЙдун генералдык катчысы Султан Раев кабыл алып, буга чейинки КӨЭАУ менен ТЮРКСОЙдун ортосунда өткөрүлгөн эл аралык иш-чараларга ыраазычылыгын билдирип, улут аралык достукту бекемдеген университет катары түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин, маданиятын жана илимин даңазалаган эл аралык иш-чараларды, конференцияларды өткөрүү боюнча планы иштелип чыкты.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер