КӨЭАУ алдыңкы студенттерди сыйлады
- 25.12.2024
- 0
Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков студенттер менен жолугушуп, шаардык, облустук, республикалык, эл аралык деңгээлдеги таймаштарда ийгилик жаратып, окуу жайдын атын чыгарган студенттерге акчалай сыйлыктарды жана 10 студентке Батыралы Сыдыков атындагы стипендия ыйгарды.
Аталган жолугуушунун максаты жетекчилик менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, алардын татыктуу билим алуусуна жогорку деңгээлдеги шарттарды жаратып берүү жана коррупциянын алдын алуу болуп саналат.
Ректор студенттер менен болгон жолугушууда ар бир студентке өзгөчө көңүл бурулуп, алардын мыкты адис болуп чыгуусуна, келечекте өз ордун татыктуу табууга университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар жамааты болгон күч-аракеттерин жумшап жатканына токтолду. Ошондой эле жемкорлуктун алдын алуу максатында окуу жайда ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатканын айтып, студенттерди окуу төлөмдөрүнөн сырткары эч кимге акча бербөөгө үндөдү. Мындан сырткары университеттеги бир жыл ичинде аткарылган иштер боюнча кенен маалымат берди.
Комментарийлер