«КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА”
- 26.06.2024
- 0
2024-жылдын 24-30-июнунда Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору Чолпон-Ата шаарындагы “Манас аэропорту” пансионатында уюштурган XVI республикалык фестиваль-сынактын алкагында биринчи жолу “Көчмөндөр оюндары балдар ааламында” аттуу мелдеш өтүп жатат. Бул уникалдуу маданий иш-чарага республиканын ар бир облусунан жана коңшу Казакстандан улуттук оюндарды мыкты билген чебер окуучулар, ийримдин тарбиялануучулары да катышууда.
— Фестивалдын максаты — маданий мурастарды сактоо жана жайылтууну, балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү жана маданияттар аралык диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү калыптандырууну көздөйт. Иш-чарада катышуучулар улуттук оюндун түрлөрү боюнча күчтөрүн сынап жатат. Алсак, аркан тартыш; чүкө оюндары; чака чапмай; кол күрөш жана жаа атуу боюнча сынак өтүүдө. Ошондой эле ит тартыш; бука тартыш; чатраш; беш таш; шамдагай алакан жана чий куурчак боюнча көрсөтмө оюндарга да катышат, — дейт борбордун директору Ира Балтабаева.
Кечээ 25-июнунда Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркында фестивалдын ачылыш салтанаты өттү.
Ачылыш делегациялардын жөө жүрүшү менен башталып, концерттик программа менен уланды. Боордош Казакстандан келген вокалисттердин аткарган ырлары көрөрмандардын купулуна толду.
Фестивалдын программасында кол өнөрчүлүк жана сүрөт тартуу, көл жээгиндеги “Көнүлдүү старттар” спорт оюндары ж.б. кызыктуу оюн таймаштар каралган.
Фестивалдын жабылуу жана сыйлоо аземинде чоң концерттик программа тартууланат.
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору уюштурган фестивалга катышуу ар бир катышуучуга унутулгус тажрыйба топтоо жана республиканын маданий көп түрдүүлүгүн түшүнүүдө жана кабыл алууда жаңы горизонтторду ачат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер