КӨЧМӨНДӨР ДҮБҮРТҮ ДҮЙНӨГӨ ЖАҢЫРДЫ
- 13.09.2018
- 0
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгинен орун алган Чолпон-Ата шаарында бүтүндөй дүйнөгө көчмөндөрдүн алтын доорунан кабар салган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү.
Сапарлашым олимпиадачы Кабыл Макешов
1-сентябрда түштөн кийин борборубуздун эски аянтынан 200 аккредитациядан өткөн жергиликтүү журналисттер жана 500 дөй чет элдик медиа өкүлдөрү Бишкектен Чолпон-Атаны көздөй жөнөдүк. Менин сапарлашым 6 жайкы, 4 кышкы олимпидаларга катышып, ошол таасирлеринен улам спорт жаатында 8 салмактуу китептерди жазууга жетишкен атактуу олимпидачы, Кыргызстан спорттук журналисттер федерациясынын башкы катчысы айтылуу Кабыл Макешов болду. Сурашып келсек, Кабыл экөөбүз теңтуш болуп чыктык. Спортко, анын адам жашоосундагы ордуна, Көчмөндөр оюндарына карата көз карашыбыз да бирдей экен, узак жолду кыскартып, баарлашып бараттык.
— Бизде кандай? Оорукана көп, даарыкана андан көп. Ооруса ошолорго барасың. Ал эми сергек жашоону жар салган азыркы Көчмөндөр оюндарындай элдин канына сиңген таймаштар аз. Илгери “Көк бөрү” оюн эле эмес, жаштарды мекенчилдикке, эли-жерин коргоого тарбиялаган нукура тарбия аянтчасы болгон.“Эр эңишке” чыккан жигиттер согушта ханы жыгылса, душманга бербей эңип кеткен. Дүйнөдө бир да элде чүкө менен ойношпойт. А бизде бар. Акыл тарбиясына үйрөткөн “Чатыраштын” ойноо тартиби кадимки шахматтан татаал. Мунун баары ата-бабаларыбыздын таалим-тарбия ойлору күнүмкү жашоо менен үзөнгүлөш,канатташ болуп келгенин билдирет -дейт сапарлашым.
Эмне дейм, калетсиз сөзгө баш ийкеп, бир жагы спорттук оюндарга жан дүйнөсүн түгөл арнаган Кабылга таңыркап отурдум. “Баракелде!” дейм ичимден. Ар бир адам өз кесибин, өзүнүн жасап жаткан ишин ушу Кабыл Макешовдой сүйсө, Кыргызстаныбыз эбак өнүгүп кетмек эле дейм…
Журналисттер үчүн түзүлгөн шарттар мыкты болду
2-сентябрда биз, жергиликтүү журналисттер, таң эртеңден алдыдагы Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын адамзат жашоосундагы тарыхий ордун жон терибиз менен сезе алдык. Ачылыш салтанатына келген чет элдик коноктордун, туристтердин, айрыкча масс медиа өкүлдөрүнүн көптүгүн айтпа! Кыргызстанда мурда-кийин мынчалык сандагы телекамералар жайнаган иш-чара болбосо керек. Дүйнө окурмандарына белгилүү “Нью-Йорк таймс”, “Ассошиэйтид пресс”, Аль-Джазира, кытайлык ССТВ, россиялык Мир каналдары, Хабар агенттиги баш болгон жүздөгөн массалык маалымат каражаттары Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирде чагылдырып жатышты. Журналистер үчүн түзүлгөн шарттар да мыкты болду. Мурунку оюндарга карата “Газпром” белек кылган ден-соолукту чыңдоочу комплекстеги жана “Кырчын” жайлоосундагы медиа борборлор тынымсыз иштеп, жаңылык жарчылары фото-видео материалдарын тынымсыз жөнөтүп турушту. Мен казакстандык фоторепортёр Есбулат Алимжанов жана алыскы Африканын Конгосунан келген журналист Джозеф Раш-Сальва менен иш үстүндө ой бөлүштүм. Экөө тең мындай масштабдагы оюндарга биринчи жолу катышып жатыптыр.
-Мен көрбөгөн далай оюндар бар экен. Таяк тартыш оюнун ушул жерден көрдүм, -дейт Есбулат.
Баткендик балбан кыз Дилдора Рахманова
Баса, таяк тартыш демекчи, бүйүрдү кызыткан көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнү, мен 2015-жылдан бери кыз-келиндер арасында алыш күрөшү жана таяк-тартыш боюнча Кыргызстандын чемпиондугун бербей келген Рахманова Дилдораны жолуктурдум. Дилдоранын машыктыруучусу Пазылов Назыралынын айтуусунда, тажик элинин даңктуу кызы Дилдора учурда Баткендин эле эмес, бүтүндөй кыргыз элинин сыймыгы.
— Дилдора эки бирдей спортто: алыш күрөшү менен мас-рестлингде, 2016-жылы, дүйнө чемпиону аталган. Өткөн көчмөндөр оюндарынын да алыш күрөшү боюнча жеңүүчүсү. Быйыл, Дилдора Ташкент шаарындагы Орто Азия биринчилигинде таяк-тартыш боюнча чемпиондукту багындырып, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү, — дейт машыктыруучусу.
Баткендик балбан кыздын эмгеги кайтып, 2016-жылы, “Жылдын мыкты айымы” деп табылган. Учурда Баткен мамлекеттик университетинде дене тарбия сабагынан жаштарга таалим-тарбия берет. Баткендик студент жаштардын эжейи бул жолку оюндардан да кур кайтпады. Колунан жаракат алганына карабай, өзү айткандай, “намысына келип”, коло медалдын ээси болду.
— Финляндиялык спортчу айым өтө күчтүү экен. Араң жеңдим. Россиялыкка жеңишти уттуруп жибердим. Үчүнчү Дүйнөлүк оюндарда үчүнчү орунду алып калдым. Кийинкисине эмитен даярданам — дейт Дилдора.
Көчмөндөр оюндарынын алыстан жана жакындан келген коноктору
Баткен шаарынан Зияев Максат ажы бул жолку оюндарга эле эмес, дегеле Ысык-Көлгө биринчи жолу келиптир.
– Адамдар айткандай эле көлдүн кооздугу сөз менен айтып бүткүс тура! Кечээ жылуу суусуна да бардым. Бүгүн мына ачылышында тамаша кылып олтурам, — дейт Максат ажы.
Максат ажыдан айырмаланып, менин жаңы таанышым Байызбеков Жанибек агайдын бул ирет Көчмөндөр оюндарына үчүнчү жолу келиши.
— Өмүр бою агартуу тармагында иштедим. Учурда кесибимди кызым Динара улантып жатат. Кызым Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин директору. Көчмөндөр оюндарына такай катышам. Бир да жолу калтырган жокмун, -дейт ардагер.
Андан соң Азербайжан делегациясынын башчысы Айдин Мамедовду кепке тарттым. Ал өз өлкөсүнүнөн азыркы оюндарга спортчу,калыс, машыктыруучу болуп, 39 киши катышып жатканын айтты.
— Мурунку оюндарда медалдык көрсөткүчтөрдө 15чи орунда калганбыз. Быйыл бул көрсөткүчүбүздү жакшырталы деген ниетте келдик, — дейт Айдин Мамедов.
“Көк бөрү” оюнунда Кыргызстан менен финалдык таймашка чыккан Өзбекстан өлкөсүнүн өкүлдөрү менен да аңгемелеше алдым.
— Өзбекстандан 108 спортчу катышууда. Күрөштүн бардык түрү боюнча ат салышабыз. Экинчи дүйнөлүк оюндарда 5 алтын, 3 күмүш, 6 коло медалга ээ болгонбуз. Быйылкы үмүтүбүз мындан да чоң, — дейт Өзбекстандын күрөш федерациясынын президенти Акмал Маматханов.
Кийинки маектешим Асилбек Бадилхан Монголияда эзелтен отурукташып калган казак туугандардан болуп чыкты. Тили жакын, дини бир боордошторубуздун учурдагы абалына кызыгып, бир топ суроолорду узаттым.
— Монголияда 150 миңдей казах барбыз. Көбү Баян-Улги аймагында жашайт. Балдарыбыз 1-класстан 12-класска чейин өз тилинде билим алышат. Монгол, орус, англис тилдери да окутулат. Мен Баян-Улги аймактык музыкалуу драма театрынын башчысымын. Театрда 70 киши эмгектенет. Азыркы көчмөндөр оюндары тууралуу айтсам, бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген зор окуя болуп жатат. Кырчын жайлоосу керемет! Көргөнүбүзгө абдан ыраазы болдук,- дейт Асилбек Бадилхан.
“Өнөрлүү өлбөйт” дегенге кантип ишендик?
“Кырчын” жайлоосунда тигилген миң боз үйдү аралап жүрүп, эски таанышым, алдыңкы мугалим Шайыр Ашырованын боз үйүн араң таптык. Шайыр эже биздин келгенибизге жетине албай, ичкериге киргизди. Жайыл дасторкондун үстүндө эмне гана жок! Кыргыздын меймандостугунан айланайын! Шайыр эже сунган кымыздан ууртап, бир азга болсо да сүйлөшүп олтурдук.
— Ушул боз үй бүт үй-бүлөмдү багып жатат. Жайында туристтерди кабыл алам. Башка учурда элге жакшылыкка арендага берем. Кошуналарымдан, мектепте бирге иштеген кесиптештеримден акча албайм. Кырчынга бир мекеме 120 миң сомго сурап алды. Ошолорго кол-кабыш кылып жатам,- дейт ата-баба мурасын аздектеп жашаган жети-өгүздүк эжей.
Эжейди жардамчы кыздары менен сүрөткө тартып алып, жолубузга түштүк. Ар бир жерде ыр-күү жаңырат. Этно базарда соода сатык кылган эл. Өзгөчө чет элдик туристтер энелерибиздин колунан жаралган шырдык, ала кийиз, төшөнчө,туштуктарга суктанып айланчыкташат. Зергерлер жасаган билерик, шакектерге көз салгандар андан көп. Сатып алганы мындан көп. “Өнөрлүү өлбөйт” дегенге ушинтип ишендик, урматтуу окурман!
Ийгилик жылоологон долбоор
Бизде эгемендүүлүк жылдары элибизди өргө сүйрөйм деген бир топ куру демилгелер, натыйжасыз аракеттер болду. Топозго мингизип, Кыргызстанды Аяз аталардын өлкөсүнө да айланттык. Акаевдин тушунда Кыргызстанды Швейцарияга, Сингапурга теңедик. Эми ошондон бири жок. Бирок, “Кудайдын кулагы сүйүнсүн”, бул жолу кыргыз өкмөтүнүн демилгеси ийгиликке жетти. Анткени, Үчүнчү дүйнөлүк оюндарынан кийин дүйнөлүк коомчулук бир да Олимпиада элдин кайталангыс маданиятын, салт-санаасын, үрп-адатын, көркөм өнөрүн көчмөндөр оюндарындай чагылдыра албай турганын түшүндү. Ошон үчүн азыркы Көчмөндөр оюндарын ааламдашуу заманына ата-бабаларыбыздын берген татыктуу жообу десек да болот. “Келечекке жетиш үчүн, өткөнгө кайрылыш керек”, — дейт саха-якутиялык турист Анатолий Потапов. Сөз эмес бекен!
А.Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), (Бишкек- Чолпон-Ата-Кырчын жайлоосу-Бишкек)
Комментарийлер