ҮЙ-БҮЛӨ ЖАНА БАЛА БАКЧА – ДАРЫЯНЫН ЭКИ ЖЭЭГИ

  • 14.12.2017
  • 0

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы шаардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн “Бала бакчада ата-энелер менен иштөөдөгү жаңы ыкмалар” аттуу тегерек столдо “Үй-бүлө жана бала бакча – дарыянын эки жээги”, “Тарбиячы – ата-эне:  чыр-чатактын чыгышы жана аны чечүүнүн жолдору” аттуу темалар талкууланып, тажрыйба алмашышты.

ҮЙ-БҮЛӨ ЖАНА БАЛА БАКЧА – ДАРЫЯНЫН ЭКИ ЖЭЭГИ

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкысы адиси Галина Безродняя иш-чаранын максаты – заманбап коомдо ата-энелер менен бирге иштөөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесиптик жана жеке компетенттүүлүгүн калыптандырууну көздөөрүн белгиледи.

  • Тегерек стол үч бөлүктөн турат: негизги, талкуулоо жана жыйынтыктоо. Эксперттик комиссия тегерек столдун иши тууралуу жыйынтыгын чыгарат, социалдык сурамжылоо жүргүзүлөт, интервьюлардын жыйынтыгын көрөбүз, акырында резолюция кабыл алынат. Ириде бизди тосуп жаткан №162 бала бакчанын директору К. Телтаева мекемеси менен тааныштырып өтөт, — деди башкы адис.

№162 “Азем” бала бакчасынын жамааты катышуучулардын көңүлүн көтөрүү максатында “Яблочко” деген чакан күлкүлүү сценканы тартуулашты. Андан соң К.Телтаева өзү жетектеген бала бакча тууралуу айтып берди.

 

  • Бала бакчада окутуу орус жана кыргыз тилдеринде. 1,5 жаштан 7 жашка чейинкилер кабыл алынат. Учурда 960 бала тарбияланып жатат. Төрт маал тамак берилет. Мамлекеттен 30 сом, ата-энелерден 30 сом, айрым ата-энелер келишим боюнча 60 сомдон төлөшөт. Ар бир ата-эне өзүнүн баласына жооптуу. Бизде ата-эне менен өз ара түшүнүү, бири-бирибизге ишенүү жана жакындан жардам берүү, баланы чогуу тарбиялоо  жана өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап келатабыз, — деди директор. — Заманбап балдардын ата-энелери — мезгил менен кошо кадам шилтеген адамдар. Бала бакчанын педагогу тарбиячы эле эмес, ал  ата-эненин өнөктөшү. Андыктан ата-энелер менен иштөөдө бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү керек. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдарды адаптациялоо темасында тегерек стол өткөрүлөт, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү, эстетикалык жактан тарбиялоо ж.б.у.с. иштер дайыма өтүп тураарын белгилегим келет. Ата-энелер менен бирдикте тематикалык көргөзмөлөрдү, спорттук жолугушууларды, театралдык оюн-зоокторду коюу, ошондой эле ачык эшик күндөрүн ата-энелер менен чогуу өткөрөбүз. Ал эми ватсап  менен байланышуу балдардын таалим-тарбиясына чоң жардам болуп жатат.

№162  бала бакча менен таанышкандан кийин №12 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Эркин  Кыргызбаева “Бала бакчада ата-энелер менен иштөөдөгү жаңы ыкмалар” аттуу презентациясын тартуулады.

  • Менимче, тегерек столдун темасы дайыма актуалдуулугун жоготпойт. Бала бакча менен үй-бүлө бири-бири менен тыгыз байланышкан  эки социалдык институт. Алар бири бирисиз жашай алышпайт. Алардын бир эле максаты бар – баланы ар тараптан өнүктүрүү жана инсан катары каалыптандыруу. Мен бул бала бакчада директор болуп иштегениме үч жылдын жүзү болду, ага чейин ушул эле жерде тарбиячы болуп эмгектенгем.  Бала бакчада заман талабына шайкеш келген 12 тарбиячы иштейт. “Ата-эне менен тарбиячы – дарыянын эки жээги” десем туура болот. Ошондуктан түшүнүү, ишенүү, бири-бирибизди сыйлоо мамиле менен балдарга тарбия берип келе жатабыз, — деди директор.

Бул бала бакчанын жамааты  ата-энелер менен маалымат-аналитикалык, таанып билүүчүлүк, эс алуу жана көрсөтмөлүүлүк ыкмаларды пайдалануу менен жогорку деңгээлде иш алып барышат. Маселен, маалымат-аналитикалык ыкмада үй-бүлөнүн паспортун терең жана кылдаттык менен текшерип, баланын үйдөгү шартын бала бакчада окшоштуруп түзүү аракетин көрүшөт. Ал үчүн ишеним почтасы, сунуштардын ящиги жардамга келет. Ватсап менен иштөө ыкмасы  үй-бүлө менен бала бакчаны жакындаттырат дешет адистер. Таанып билүүчүлүк ыкмасында ата-энелер конференциясы өткөрүлүп, ар бир ата-эне өзүнүн маселесин кабыргасынан коюп, чогуу-чаран чечкенге мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Ата-энелер менен тажрыйба алмашуу дагы эффективдүү жана оң жыйынтыгы берилээри баса белгиленди. Эс алуу ыкмасында ата-энелер балдар менен бирге спорттук оюндарда катышышат, жаш ата-энелерге жардам көрсөтүлөт. Көрсөтмөлүүлүк ыкмасы — балдардын вернисажы, дубал газеталар ж.б.у.с.

— Үч жылдан бери “Солнечная поляна” коомдук бирикме иштеп келатат. Бул бирикме биздин ишибизди жеңилдетип келатканын кантип айтпай коем. Ата-энелер менен бул коомдук бирикме тыгыз иштейт. Бала бакчага керектүү эмеректерди, оюнчуктарды сатып берип, материалдык-техникалык базабызды оңдотуп алдык, — дейт бала бакчанын жетекчиси.

№12 бала бакчанын өзгөчөлүгү – жаш ата-энелерге педагогикалык жана методикалык жактан тез жардам (скорая помощь) көрсөтүшөт. Ар бир жуманын аягында тарбиячылар ата-энелерден интервью алышат, анда ар кандай суроолор берилет. Ушул интервьюлардын негизинде педагогикалык кеңешке ата-энелердин тынчын алып жаткан маселелер коюлуп, чогуу чаран чечилет экен.

Мындан сырткары тегерек столдо 1-Май райондук билим берүү борборунун башкы адиси Р.Мусаева “Үй-бүлө жана бала бакча – дарыянын эки жээги”, Ленин райондук билим берүү борборунун башкы адиси Г.Токторбаева ““Тарбиячы – ата-эне:  чыр-чатактын чыгышы жана аны чечүүнүн жолдору” аттуу кызыктуу талкуу уюштурушуп, директорлорго мастер-класс көрсөтүштү.

Тегерек столдун катышуучулары кызыктуу, жогорку деңгээлде  уюштурулган иш-чаралар дайыма ушул форматта өткөрүлүп турса деген ниеттерин айтып,  уюштуруучуларга  ыраазычылыктарын билдиришти.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер