ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗГҮҢҮЗ КЕЛСЕ, «ЭСИМДЕ ЛЕКЦИЯЛАРЫН» УГУҢУЗ!

  • 16.08.2021
  • 0

Ютубда, болгондо да өзүбүздүн эне тилде, илим изилдөөчүлөргө арналган «Эсимде лекциялары» уланып жатат. Саамалыктын бул жолку коноктору педагогиканын түйүндүү маселелерин иликтеп жүрүшкөн илимпоз-педагогдор Дүйшөн Шаматов менен Данияр Карабаев өз баяндамаларында изилдөө ишинин этикасына кайрылышты.

ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗГҮҢҮЗ КЕЛСЕ, "ЭСИМДЕ ЛЕКЦИЯЛАРЫН" УГУҢУЗ!

Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов өз баяндамасында  тарыхты оозеки баяндоо усулунун пайда болуу тарыхына, бул усулдун маанисине, негизги маалымат топтоо каражатына, илимий изилдөөнүн этикасына кеңири токтолот. Баяндаманын практикалык баалуулугу өтө жогору экени байкалып турат.

— Азыр Ата-Бейит комплексин жакшы билебиз. Анын эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы орду бөтөнчө. Эгер учурунда Бибира эне ошол жаш кезинде көргөнүн айтып бербегенде, бейкүнөө атылгандар тууралуу маалымат жабык бойдон калмак, — дейт профессор Дүйшөн Шаматов.

Баяндамачынын пикиринде, Кыргызстанда, дегеле мурунку советтик республикаларда илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдө этика маселелерине жетик маани берилбейт.

ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗГҮҢҮЗ КЕЛСЕ, "ЭСИМДЕ ЛЕКЦИЯЛАРЫН" УГУҢУЗ!

Бул рубрикадагы дагы бир кызыктуу баяндама Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу Карабаев Даниярга таандык. Баяндамачы тарыхты оозеки баяндоо усулу маектешүүнүн сапаттык жактан айырмаланган эң мыкты усулу экенин, жана ал маектешүү узактыгы боюнча бир сааттан кем эмес болушу керектигин белгилеп, аталган изилдөө усулун учурда этнография, антропология, фольклор, жада калса лингвистика жаатындагы изилдөөчүлөр колдонушарын, бул усулдун артыкчылыгы мурда белгилүү маалыматтарга альтернативдүү пикирди берсе боло турганын маалымдайт.
Андан ары баяндамачы  тарыхты оозеки баяндоо усулунун үч түрүн: жеке баяндоо (болуп өткөн окуяга карата инсандын пикири); жеке жашоонун баяны (өлкөнүн тарыхындагы, элдин жашоосундагы бир кишинин жеке баяны); тематикалык маектер (темасы изилдөөчүлөр тарабынан тандалып алынат) так мисалдар аркылуу түшүндүрөт.
Баяндамада маекке даярдануу, маекке чейинки даярдануу жана маектен кийинки аракет деп аталган бул изилдөө усулунун үч баскычына, ошондой эле респонденттер менен маектешүүнүн аудиожазуу жана видеого тартуу жолдоруна мүнөздөмө берилет.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер