ИЙГИЛИК СЫРЫ. ВИДЕО САБАКТАР ​​МУГАЛИМДЕРГЕ КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ?

  • 15.12.2020
  • 0

COVID-19 пандемиясы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүн, коомдук турмуштун дээрлик бардык чөйрөлөрүн каптап, билим берүү тутумун да кыйгап өтпөдү. Бул жагдайда Кыргызстандагы билим берүү тутуму аралыктан окутуу форматына өткөнүнө байланыштуу бир катар көйгөйлөргө да туш болбой койбоду.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу видео сабактар ​​эң популярдуу жана талапка шай билим берүү куралдарынын бири болуп калды. Окуу процессинде чечүүчү ролду ойногон көрсөтмө куралдар болгондуктан, окуу материалын өздөштүрүүнүн максималдуу сапатын камсыз кылат. Биз вебинарлардын бир катар жыйынтарынын негизинде мектеп аудиториясы үчүн пайдалуу, ары кызыктуу боло турган предметтик видео сабактарды тартуу жана жасоо боюнча мугалимдерден чоң суроо-талап бар деген тыянакка келдик.

«ММК Колдоо борбору» Фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда, «МедиаСабак: Жаңы шарттарда билим алуу» долбоорунун алкагында мугалимдерге окуу жараянында кеңири колдонуу үчүн бир катар видеосабактар ​​иштелип чыкты.

Видео колдонмолор билим берүү процессин уюштуруудагы заманбап ыкмаларды ачык көрсөтүп, сабактын бардык негизги этаптарын: жаңы нерселерди үйрөнүү, үйрөнгөндөрүн консолидациялоо жана окуучулардын билимин аралыктан көзөмөлдөө сыяктуу өз сабактарыңызды өркүндөтүү боюнча усулдук колдонмо катары кызмат кылат.

Видео колдонмолор кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде иштелип чыгып, сунушталды. Биз иштелип чыккан видеосабактарды жайгаштыруунун натыйжасында мугалимдерден бир топ оң пикирлерди, ошондой эле сын-пикирлерди алдык. Мугалимдер видео сабактар ​​профессионалдык деңгээлде өткөндүгүн белгилешип, бул форматтагы видеолордун окуучулар үчүн абдан кызыктуу, ары түшүнүктүү болуп көрүнгөндүгүн, анткени мыкты даярдалган презентация менен жагымдуу видеолор ырааттуулук менен коштолгондугун белгилешүүдө. Ошондой эле, бул сабактар ​​усулдук бөлүктө мугалимдер үчүн мыкты колдонмо болот деген пикирлер айтылды.

«Мен информатика сабагын көрдүм. Эми мен дагы сабакта жүктү бираз түшүргөнгө аракет кылам, динамикалык видеолорду кошом. Сабактын мыкты мисалы. Албетте, бизде мындай сапаттуу тартуу болбойт, ошентсе дагы аракет кылабыз. Эми, Билим берүү жана илим министрлигинин сабактары да бирдей болсо, анда балдар үчүн дагы кызыктуу жана түшүнүктүү болот деп ойлойм. ” — Ф.Машанло, Токмок шаарындагы №11 лицейинин информатика мугалими.

«Бул видео сабактар баарыбыз үчүн ​​мыкты колдонмо болуп калды, анда мугалимдерге жакшы методикалык кеңештер берилген. Ошондой эле өзбек тилине сапаттуу которулгандыгын белгилей кетүү керек. Үй тапшырмасы түрдүү жолдор менен берилиптир (таблица же түшүнүк картасын толтуруу түрүндө дегеним). Сабакта мугалимдин сүйлөө темпи, маалыматтын тактыгы окуучунун берилген теманы терең түшүнүүсүнө жардам берет деп ойлойм «, — Абылкасымова Х., Ош шаарындагы №8 М.Горький мектеп-гимназиясынын өзбек тили жана адабияты мугалими.

Аталган видео сабактар ​​көптөгөн мугалимдер үчүн өздөрүнүн видео сабактарын иштеп чыгууда, аларды окуу процессинде колдонууда, ошондой эле “ММС элементтери камтылган мыкты видео сабак” аттуу сынакка катышуу үчүн да колдонмо катары пайдаланылды. Сынак ММС компоненттерин ишке ашыруу, окуучулардын санарип сабаттуулугун үйрөтүү жана мектеп мугалимдеринин кесиптик жана чыгармачыл өнүгүүсүн колдоо аркылуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү максатында “Медиа Колдоо Борбору” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

«Ооба, мен бул видео сабактарды көп жолу колдонгом. Долбоорго катышып жүргөндөгү алган тажрыйларымдын негизинде даярдадым. Ошондой эле башка сабактардан сабак алып, жаккан жерлеримден идеяларды тартып турдум. Мурунку видео сабактарыма салыштырмалуу чоң айырмачылык бар окшойт. Мындан тышкары, мен ушул тапта окутуучулук практикадан өтүп жаткан кесиптештеримди жана студенттеримди ушул сабактарды көрүүгө жана бул сыяктуу видео сабактарды өтүүгө чакырам. Себеби сабактар ​​оригиналдуу болуп чыкты”, — Бактыгүл Жапар кызы, Ош шаарындагы №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын география мугалими.

 

Жогоруда аты аталган сынакка медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча интенсивдүү онлайн курсун аяктаган көптөгөн мугалимдер да катышып, ошол видео сабактардын жана курстун жыйынтыгында заманбап технологияларды колдонуп, ММС компоненти менен видео сабакты иштеп чыгууга жетишкендигин белгилешти.

Сынактын финалисттеринин бири, сертификат жана кызыктыруучу сыйлык менен сыйланган Сүйүнова Айкөкүл ушул видео колдонмону сынакка катышуу үчүн видео колдонмосун иштеп чыгуунун үлгүсү катары колдонгонун жазган.

Сүйүнова Айкөкүл Кызыл-Кыя шаарындагы Д.М.Карбышев атындагы №1 орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Ал бардык мугалимдер сыяктуу эле пандемияга, дистанттык окутууга өтүүгө байланыштуу бир катар көйгөйлөргө туш болгон. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, ал ар кандай аянтчаларды, атап айтканда Zoomду колдонуп, балдарды окутууну уланткан. Айкөкөлдүн видео колдонмосун иштеп чыгуу тажрыйбасы бар жана өзү белгилегендей, ага техникалык жана дизайн жагынан эч кандай кыйынчылыктар болгон эмес. Ошентсе да иштелип чыккан видео сабактар ​​ага презентацияларды иштеп чыгуунун нюанстарын түшүнүүгө, онлайн сабакты уюштуруу боюнча маалымат алууга жардам берген. Эң негизгиси, IT куралдарын колдонуу менен үй тапшырмаларын берүүнү үйрөнүү керек деп эсептейт. Анткени ал үчүн дистанттык билим берүүдөгү эң татаал нерсе — бул тапшырмаларды текшерүү.

«Жаңы иш баштасаңыз, андан үлгү алганыңыз оң. Бул долбоордун сайтындагы сабактар ​​мен үчүн жогорку сапаттагы видео окуу куралын иштеп чыгуунун мыкты үлгүсү болуп калды. Мурда видео сабактарын өтчүмүн, андыктан техникалык жана дизайн жагынан өзгөчө кыйынчылыктар болгон жок. Көпчүлүк убактымды сабак аркылуу баламдын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жумшайм. Медиа сабаттуулук боюнча онлайн курстан өткөнүмө карабастан, ушул видео сабактардын аркасында ММС боюнча көптөгөн суроолорго жооп таптым».

Айкөкүлдүн өзүнүн видео сабактарды жайгаштырган YouTube каналы бар. Андагы жалпы жазылуучулардын саны — 1,31 миңди түзөт.

Курстун активдүү катышуучуларынын дагы бири Тайыр кызы Нургүл “Онлайн аркылуу видео сабакты кандайча өткөрүү керек” деп аталган видео сабагынын аркасында көптөгөн маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды алгандыгын, айрыкча, ачык булактары менен кантип иштөө керектиги жана видео жаздырыш керек болгон фонду кантип кооздоо керектигин айтып өткөн. Ошондой эле ал презентацияларды түзүүнүн сырларына өзгөчө көңүл буруп, сабактын бөлүмдөрүнүн ортосунда өткөөлдөрдү өткөргөнүн белгиледи. Анын пикиринде сабактардын дал ушул форматы окуучулардын көңүлүн көбүрөөк буруп, материалды дистанттык форматта өздөштүрүүгө жардам берет.

 

Кыргыз тилиндеги видео сабактар: Мугалимдер үчүн колдонмо

Орус тилиндеги видео сабактар: Пособие для учителей

Өзбек тилиндеги видео сабактар: Ўкитувчилар учун кўлланма

Тажик тилиндеги видео сабактар: Дастур_барои_муаллимон

 

Тынчтыкбек Досмуратов,

«МедиаСабак» долбоорунун түштүк региону боюнча координатору

Бөлүшүү

Комментарийлер