ИЙГИЛИК ЭЭРЧИТКЕН ДИРЕКТОР
- 06.10.2023
- 0
Аида Дооталиева — жаратман, демилгечи директорлордун бири. Буга чейин ал Ленин районундагы №77 орто мектебин ийгиликтүү жетектеп келсе, тандоо сынагынан өткөндөн кийин Ак-Ордо конушунда жайгашкан №96 жалпы билим берүүчү орто мектебине директор болуп дайындалды.
Бул жооптуу кызматта иштеп жатканына жарым жылдан бир аз ашканы менен мектеп жамаатынын жараткан ийгиликтери эсепсиз экен. Мисалы, жаңы конуштагы бул мектеп жакында эле шаардык «Жүрөгүм менин балдарда» кароо-сынагында «Мыкты жалпы билим берүү мектеби — 2023» номинациясы боюнча 1-орунду ээлеп, 2 даана интерактивдүү доскага татыктуу болуптур.
Буга улай Ленин райондук «Жүрөгүмдү балдарга арнаймын» кесиптик чеберчилик сынагында мектептин алдыңкы мугалими Наргиза Сайнидинова «Мыкты класс жетекчи» деп табылып, ноутбук жана Ардак грамота менен сыйланганын да кабарлай кетели.
Дагы бир тажрыйбалуу педагог, башталгыч класстардын мугалими Айнагүл Казакпаева көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
— Кечээ кесиптик майрамыбыз болгонуна карабай сабак бергенбиз. Бүгүн жалпы жамаатты чогултуп, сыйлык ээлерине өз сыйлыктарын тапшырып коёлу деп жатабыз, — деди Аида Арыпбековна.
Биз бүгүн мектептин дагы бир ийгилигине күбө болдук. Өзү жаш болсо да изденип иштеген англис тили мугалими Айнура Сейитказиева жайында «Англия экзаминейшнс» долбоорунун алкагында уюштурулган он күндүк семинарга катышкан экен, долбоордун өкүлдөрү келип, англис тили ийриминин окуучуларына 50 окуу китебин тапшырып кетишти.
Экинчи кабаттагы Манас залы көз жоосун алгыдай кооз жасалгаланыптыр. Мындан окуучу бала бат эле Манас ата ким болгонун, анын жети осуятын, улуу манасчыларды, Манас атына байланышкан аталыштарды бат эле билип алгыдай. Бизге өзгөчө кийизден жасалган паннолор жакты.
Устат мугалим Гапыр Мадаминов «Мыкты директорго мектептеги жакшы иштердин тең жарымы, ал эми калганы жамаатка таандык» деп айтмакчы, бул иштердин башатында албетте, мектептеги окуучулардын, мугалимдердин сый-урматына тегиз татыган Аида Арыпбековна турат.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер