IT-конференция

  • 20.12.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Сеулдун Эл аралык достук уюму (SIFO) жана КМТУ тарабынан, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) колдоосу менен IT-конференция өттү.

IT-конференция

Конференция билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Лира Самыкбаева, Сеулдун Эл аралык достук уюмунун (SIFO) төрайымы Ли Сун Джунун жана окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев, ошондой эле бизнес тармактарынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтууга багытталган технологиялар менен кызыккан жарандардын катышуусунда өттү.

Иш-чара үч сессия өткөрүлдү. Биринчи сессиядаТабигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Асель Раимкулова климаттын өзгөрүшүнө каршы Кыргызстандагы адаптация жана кесепеттерди азайтуу боюнча негизги маселелерди талкуулады.

Андан кийин Tazar KG компаниясынын негиздөөчүсү Айнура Сагын калдыктарды азайтууга багытталган мобилдик колдонмо боюнча сөз сүйлөдү. Акыркы сессияда Apex Labs LLC компаниясынын негиздөөчүсү Максат Божокоев мониторинг системасы тууралуу баяндама жасады.

IT-конференция

Конференция кыргыз-корей кызматташтыгын бекемдөөнүн маанилүү кадамы болду.

 

КМТУнун ректору ФабЛаб Бишкектин Кыргызстанда санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, Кореянын элчилигине жана KOICAга долбоордудагы үч жылга каржылоону улантуу боюнча колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле санариптик билим берүү тармагында сертификация системасын киргизүү жана кыргыз-корея кызматташтыгын бекемдөө боюнча ишти улантууну пландап жаткандыктарын айтты.

IT-конференция

Иш-чаранын соңунда Ли Сун Джу айым «Политехке Данк» төш белгиси менен сыйланды.

Бул төш белги анын КМТУ менен болгон кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жана Кыргызстанда санариптик билим берүү менен технологияны жайылтуудагы эмгегин тааныган сыйлык.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер