ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ МЕКЕМЕСИ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЛЫК ЖАНА ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИНИН КОНКУРСТАРЫН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ ТОКТОМ КҮЧҮНӨ КИРДИ

  • 10.01.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти 2023-жылдын 28-декабрында “Ислам академиясы” мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ МЕКЕМЕСИ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЛЫК ЖАНА ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИНИН КОНКУРСТАРЫН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ ТОКТОМ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Ислам академиясы теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Ислам академиясына кабыл алуу республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алууга гранттардын чегинде жүзөөгө ашыруу каралган.

Жарлык 2024-жылдын 2-январында “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланган — https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2024/01/02_01_compressed.pdf

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2023-жылдын 22-декабрында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу Токтомго кол койгон.

Токтом 2024-жылдын 9-январында “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланган —https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2024/01/09_01_compressed.pdf

Бөлүшүү

Комментарийлер