ИСАКОВ КАНЫБЕК АБДУВАСИТОВИЧ

  • 12.11.2020
  • 0

Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоӊ жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, ф.и.д., профессор Исаков Каныбек Абдуваситович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Исаков Каныбек Абдуваситович 1969-жылы 4-июнда Ош областына караштуу Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. Эмгек жолун 1986-жылы  Ноокат районундагы  Бел-Өрүк колхозунда кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988-1990-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. Педагогикалык иш тажрыбасын 1993-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу болуп иштөөдөн баштап, аталган окуу жайда улук окутуучу, декандын орун басары, проректор жана ректор кызматтарында иштеген. 1995-жылы студенттик «Нур» гезитинин башкы редактору болуп дайындалып, студенттердин билим алуу менен бирге чыгармачылыгын да өнүктүрүүсүнө өзгөчө басым жасаган. Идеяга бай, эмгекчил, изденгич сапаттары менен 1997-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары, 1998-жылы аталган окуу жайда тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматтарына дайындалган. 2000-жылы ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган. 2005-жылы ОшМУнун  мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган. 2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген. Бул учурда ОГПИ педагогика тармагындагы сапаттуу кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайга айланган. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалып, 2019-жылга чейин жетектеп келген. ОшМУда окутуу процессин жакшыртуу, окуу процессин башкарууну автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын кийирүү, инфраструктураны жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, анын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети Борбордук Азиядагы алдыӊкы окуу жайлардын катарын толуктаган.

2019-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Бул учурда да өлкөбүздүн билим берүүсүндө чоӊ өзгөрүүлөр орун алганына коомчулук күбө болду.

Ал илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Окумуштуу катары “Б.Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” (2000-ж.), “Тамсил: Жанрдын генизиси жана эволюциясы” (2008-ж.), “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” (2009-ж.), “Тамсил кудурети” (2010-ж.), “Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” (2010-ж.), “Ч. Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2011-ж.), “Кыргыз балдар адабияты” (2012-ж.) ж.б. илимий монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, 150дөн ашуун илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон. Мындан тышкары «Жүрөгүмдөгү сөз», «Акыл эстеги сөз», «Дилдеги ойлор»  аттуу публицистикалык макалалар жыйнагы жана «Купуя сезим» ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Исаков Каныбек Абдуваситович коомдук ишмер катары да өзүн көрсөтө алган. Ош шаардык Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болуу менен өлкөбүздө жана Ош шаарында билим берүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келген.

Үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси (2005–ж.), «Кыргыз тили» төш белгиси (2006), Ч.Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги (2007-ж.), Сока-Гаккай университетинин «Ардактуу профессору» (Япония, 2010-ж.),  Кастамону университетинин «Ардактуу профессору» (Турция, 2012-ж.) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2014-ж.) ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

Мындан сырткары, 2012-2013-жылдары «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо» гезиттери уюштурган сурамжылоолордо “Жылдын мыкты ректору”, “Жыл адамы” номинацияларына татыктуу деп табылган.

Үй-бүлөдө 3 кыз, 1 уулга татыктуу тарбия берип келген.

Кыргызстандын илимий чөйрөсү, интеллигенциясы жана  жалпы эле Кыргызстандын эли Исаков Каныбек Абдуваситовичтин жаркын элесин түбөлүккө эсинде сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

 

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, А.Э. Новиков, Э.Ж. Сурабалдиева, Р.А. Сабиров, С.С, Касмамбетов, Б.А. Аманбаев, Г.С Калиева, У.А. Марипов, Г.С. Молдобекова, А.С. Токторов, Т.З. Зулпукаров, А.Т. Сулайманов, А.М. Эргешов, А.Б. Бейшеналиев, Н.К. Кадырбеков, А.С. Бейшеналиев, К.К. Ташиев, М.М. Мамытов, М.С. Джуматаев, К.Б. Базарбаев, Ж.О. Абдураимов, Ж.У. Саралаева, У.А. Усеков, З.П. Жапаров     

Ж.А. Ташиев, Н.С. Джусупбекова, Н.К. Омуров, П.Б. Туркбаев, Т.И. Першина, С.Б. Абдрахманова, М.Б. Базаркулов, А.Н. Зырянова, А. Сманбаев, Ж.Б. Жанузаков, Т.С. Сайпидинова. Жогорку окуу жайлардын ректорлору

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер