ИСАК БЕКБОЕВ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

  • 14.04.2023
  • 0

ИСАК БЕКБОЕВ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

Ар бир жашка, ар бир улан-кыздарга мамлекет, эл койгон үмүттү аткарыш үчүн ал эң биринчиден адам болуш керек.

И.Б.БЕКБОЕВ — АР ДАЙЫМ АЛГА УМТУЛУУНУН АЙКЫН ДАЛИЛИН КӨРСӨТКӨН

Исак Бекбоев 90 жылдык өмүрүндө – адамдын өзүнүн табият берген шык-жөндөмүн туура баалап, ага зор ынтаа коюп жашоосунун, жүрөктүн амири боюнча ар дайым алга умтулуунун айкын далилин көрсөттү. Мындай жашоонун түпкүрүндө адамдын ички дүйнөсүнүн аруулугу менен мазмундуу кенендиги, татаалдыгы менен жөнөкөйлүгү, назиктиги менен катуулугу, айкөлдүгү менен бүйрөлүк чебердиги жуурулушуп жатат. Андай адам башкалар үчүн сөздүн толук маанисинде үлгү, насаатчы, мугалим. Ошон үчүн Исак Бекбоевичти азыр дагы миңдеген адамдар окутуучум, мугалимим деп эсептейт. Исак Бекбоев ар дайым өзүн-өзү коомдо актуалдаштырууга, башкача айтканда,  өз мүмкүнчүлүгүн, жөндөмүн, талантын жана тажрыйбасын пайдалуу ишке багыттоого, аны аткарууга кара жанын карч уруп иштеп, ошол эле учурда жасалмалуулукка жол бербей, табигый сапатын, инсандык мүнөзүн сактады. Реалдуу чындыкты так өзүндөй кабыл алуусу, аны менен дайыма комфортабелдүү мамиле жасай билүүсү тамшандырчу жана суктандырып, ыраазы кылчу.

Э.Мамбетакунов п.и.д., профессор, КР УИАнын корреспондент- мүчөсү

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН КӨЧ БАШЫНДА УРГАН

Исак Бекбоевдин өмүрү,  бир жагынан, “ат үстүндө”  да өттү. Иш сапар менен аябагандай көп жол жүрдү. Мугалимдерге теориялык, усулдук-методикалык кеңеш берүү үчүн педагог-устат Исак Бекбоевдин Кыргызстанда барбаган мектеби, түнөбөгөн айылы жок десек жаңылбас элек. Республикада өткөн нечендеген педагогикалык окууларда, семинар-кеңешмелерде, Москвада, Союздук республикалардын борборлорунда уюштурулган эл аралык конференцияларда 30дан ашык доклад жасаган. Кыргызстандын
талан­ттуу балдарын жетектеп, Европа, Азия, Америка өлкөлөрүнө окуучулардын эл аралык олимпиадаларына барып, жеңиштүү кайткан. Өзгөчө,
И.Бекбоевдин 1990-жылы Италияда «Чек арасыз педагоги­ка аркылуу окутуу жана тарбиялоо» аттуу эл аралык конференцияда жасаган доклады катышуучулардын арасында чоң резонанс жараткан.

Исак Бекбоев Кыргыз билим берүү академиясында Билим жана илим борборун жетектөө менен Кыргызстандын педагогика илиминин көч башында туруп, жаңы окуу концепцияларын, стандарттарын, программаларын, жаңы муундагы окуу китептерин түзүүнүн активдүү демилгечилеринен болду. Ар дайым бел чечпеген мээнеттүү түйшүктүн ичинде жүргөн жан дүйнөсү айкөл, адамгерчилиги бийик, терең илимпоз.  «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» деген жогорку наамга ушундай ардактуу жана кыйын-кезең жолдор менен жеткен. Анын басып өткөн жолу баарыбызга өрнөк.

Советбек Байгазиев, филология.и.д., профессор, КР  эл жазуучусу

КЫРГЫЗ ИЛИМИЙ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН БИЙИКТИГИНИН СИМВОЛУ И.БЕКБОЕВ ЭКЕНДИГИ —  АКСИОМАТИКАЛЫК АКЫЙКАТ

Адатта, «залкар» деген сөз илим, өнөр, маданият тармагында эмгеги ат көтөргүс, ысымы улутка аттын кашкасындай белгилүү, жасаган эмгегинин наркы  аңызга айланган  журт мыктыларына карата айтылат. Педагогика айдыңында бул титулга ким ылайык дегенде, билим берүү ишин ичтен билгендердин эсине оболу Исак Бекбоевдин ысымы келет. Ырасында, кыргыз адабиятынын куту Ч.Айтматовдун ысымы менен өлчөнсө, кыргыз илимий-педагогикасынын бийиктигинин символу И.Бекбоев экендиги —  аксиоматикалык акыйкат. Ал – өмүр баскычтары менен улуттук педагогика илиминин өнүгүшүнүн тыгыз байланыштуулугу, илимий-педагогикалык изденүү чабыттарынын масштабдуулугу, улуттук  илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо майданындагы даанышман саяпкерлиги.

Ал табиятынан сынчыл интуициясы, аналитикалык ой жүгүртүү маданияты күчтүү инсан катары мезгил койгон талаптар менен мугалимдердин кесиптик дараметинин ортосундагы айырмачылыктарга дайыма чын ыкластан абай салып анализдеп, талдап, алардын билим көрөңгөсүн өркүндөтүүгө реалдуу ресурс болчу эмгектерди жазууга басым жасаган. Мындай изги тилек максаттарын ишке ашырыш үчүн илимий чыгармачылыктын бардык жанрларын ийкемдүү колдоно алган.

Исак Бекбоев илимде өз мектебин түзө алган улуттук масштабдагы даанышман саяпкер аалым, «Кулалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган» чыныгы устат болчу.

Акматалы Алимбеков, п.и.д, профессор

УЛУТТУК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ПАТРИОТТУК ДУХУ КҮЧТҮҮ ИНСАН БОЛЧУ

И.Бекбоев — кыргыз адабиятынын Алыкулу менен Чыңгызындай, кыргыз медицинасынын Иса Ахунбаевиндей, сүрөт өнөрүнүн Гапар Айтиевиндей, скульптурасынын Тургунбай Садыковундай, музыкасынын Абдылас Малдыбаеви менен Калый Молдобасановундай, аскердик ишинин Калыйнур Үсөнбекову менен Дайыр Асановундай, кыргыз педагогика илиминде анын “Чолпон жылдызы”.

Анткени  И. Бекбоев — улуттук деңгээлдеги патриоттук духу күчтүү инсан. СССР кезинде ар бир улуттун өзүнө тиешелүү символдору болору сыңары эле, ар бир мамлекеттин улуттук мазмундагы окуу китептери болушу керектигин кабыргасынан коюп, «улутчул» деген коркунучтуу «ярлыктан» коркпостон, кыргыз мектептерине 1-11-класстарынын өз алдынчалуу «кыргыз математикасын» жазууну ийгиликтүү ишке ашырган.  Мунун өзү анын илимпоз-педагог катары топ жарган көрөгөчтүгү гана эмес, патриот инсан катары эркинин күчтүүлүгү. Ар дайым дили, жүрөгү таза адам гана өзү иштеген тармакта ийгиликтерге жетишет, адамдар менен да таза мамиледе болот жана адамдар арасында таза инсандык үлгүсүн жаратат. Ал ар кандай талылуу маселе болобу, айткан сөзү таза, таасирдүү, ичинде эч кимге кири жок, улуу- кичүүгө бирдей, эч кимдин улутуна да карабастан камкор, жардам-кеңешин аябаган жаркын инсан эле. Ар кандай татаал же жөнөкөй маселе болсо да, аны чечүүдө өзүнүн нукура окумуштуулук көз карашы бар акылман илимпоз болгон.

Сулайман Рысбаев, п.и.д., профессор, КР эл жазуучусу

 

БИЙИК ЖАНА ТААСИРДҮҮ БОЛГОНУНА КАРАБАСТАН ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ САКТАП ТУРЧУ

Азыр баарыбыз Кыргызстанда педагогика илиминин негиздөөчүсү Исак агайдын окумуштуулук дагы, инсандык дагы касиеттерин эстеп жатабыз. Исак агайдын ушунчалык бийик окумуштуу болуп туруп, ошол эле мезгилде эң жөнөкөй, нарктуу инсан болгонун  эстегим келип жатат. Мен  өзүм Исак Бекбоевдин түздөн-түз колдоосу менен диссертациялык кеңешке мүчө болуп, ошол мезгилде илимдин алптары менен бирге талкууларга катышуу  мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Диссертациялык кеңештин ишмердүүлүгүн уюштурууда, кандидаттык жана доктордук коргоолорду  алып барууда Исак Бекбоев аспиранттарга, докторанттарга кылдат мамиле жасоо  менен илимий талкууларды кызуу өткөрөт эле. Ошолордун баарында агай илимге жаңы кирген адамдын көңүлүн да эч качан оорутчу эмес. “Илбирс олжосун катуу качырып, бирок жеңил илип кетет” дегендей,  анын ишенимин арттырып, күчүнө күч кошуп, бир сөзү менен илимге көзүн да, жолун да ачып, ак батасын берчү. Бул сөздөрүм менен, улуу окумуштуу, чыныгы инсан гана мына ушинтип абдан бийик, күчтүү  жана таасирдүү болгонуна карабастан, жөнөкөйлүктү сактап турарын билдиргим келди.

Таштанбек Сияев,  педагогика илимдеринин доктору, профессор.

Бөлүшүү

Комментарийлер