ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН

  • 01.12.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери арасында «Билим деген түгөнбөгөн жол тура, Билгенимден билбегеним көп тура» аттуу онлайн интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Оюндун шарты боюнча ар бир факультеттен төрт оюнчудан турган  бирден команда үч тур менен ат салышты. Биринчи тур WhatsApp акрылуу өтүп, анда катышуучуларга 15 логикалык суроо берилди. Экинчи тур  Jitsi Meet менен өткөрүлүп, команданын ар бир катышуучусуна бирден Кыргызстандын географиясы, тарыхы жана кыргыз дүйнөсүн камтыган суроолор берилди.  Telegram  аркылуу өткөн үчүнчү турда  бардык командага жалпы бештен суроо берилди. Натыйжада биология жана химия факультетинин «Вундеркинддер» командасы 1-орунга  ээ болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер