ИННОВАЦИЯЛЫК ЖАРЫШТАН АРТТА КАЛБАЙЛЫ

  • 02.09.2024
  • 0

Биздин мамлекеттин деңгээлинде, уюштуруучулук-башкаруучулук чөйрөдө кана эмес, коомдук дагы, жеке дагы турмушта санариптик технологиялар, дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан экономикадагы, саясаттагы глобалдашуу процесси сөзсүз түрдө билим берүү тармагына, анын мындан аркы өнүгүшүнө зор таасир этмекчи.

Өлкө жетекчилигинин билим берүү тармагынын өсүп өнүгүүсүнө зор көңүл буруусу, тармактын өзөгүндө- мазмунунда, максатында, структурасында жаңычылдык кайра өзгөрүүлөрдү шарттап келет. Кийинки мезгилдеги конкурстук жол менен мектеп директорлорун тандоо директорлор корпусунун жаңыланышын шарттап келди.

Мектептик окуу-уюштуруучулук иштерде дагы маалыматтык технологиянын ролу күчөп жаткан шарт. Ушул жагдайлар мектеп жетекчилеринин кесипкөйлүк даражасына чоң милдеттерди тагып, директорлордон дагы, билим берүү тармагын башкаруучу-тескөөчү органдардан дагы кошумча жаңы жоопкерчиликти, көптөгөн аракеттерди талап кылмакчы. Мектеп директорлорунун кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык, облустук жана шаардык деңгээлдерде мектеп директорлорунун, анын ичинде жаңы дайындалган,  кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча көп иштер жасап келинүүдө. Бул багытта чет элдик окутуучулар, өзүбүздөгү тажрыйбалуу мектеп директорлору иш-тажрыйбалары менен бөлүшүп, иш багыттарын максатка ылайык түзүүгө жардам беришүүдө. Директорлордун уюштуруучулук-башкаруучулук деңгээли, педагогикалык-методикалык ыкмаларды жумушта колдоно билүүсү, заман талабына жараша жаңычылдык (инновациялык) талаптарга төп келүүсү мектепти башкарууда негизгилерден болуп эсептелет.

Мектепти башкарууда өз ара байланышкан үч деңгээлди бөлүүгө болот: стратегиялык, технологиялык (тактикалык) жана жеке байланыштык. Стратегиялык деңгээл максаттарды, принциптерди, артыкчылыктарды аныктоо, жаңы идеяларды жана теорияларды колдонуу менен байланышкан. Технологиялык деңгээлде башкаруу принциптери жана ыкмалары аркылуу идеяларды жана көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу жолдорун издөө, ой-максаттарды жана таяныч мерчемдерин жүзөгө ашыруу жүргүзүлөт. Жеке байланыш деңгээлинде жетекчи жамаат мүчөлөрү, процесстин катышуучулары менен өз ара аракеттенет, мында стратегиялар жана технологиялар көп кырдуу практикалык реалдуулукта байланышат.

Иш жүзүндө айрым мектеп жетекчилери башкаруунун 3-деңгээли – жеке байланыш деңгээлинде көбүрөөк алектенет. Мунун себеби – окуу-тарбия иштеринин абалына өзгөрүлмө тышкы таасир, мектеп миссиясын толук жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн мектептердин толук эмес шарттары, мугалимдердин жана окуучулардын көптүгү менен байланышкан күтүүсүз кырдаалдар, мектеп жетекчилигин стратегиялык деңгээлинде ата-энелердин жана коомчулуктун начар колдоосу же анын жоктугу. Билим берүү органдары жана билим берүү маселелери менен алектенген уюмдар тарабынан мектепти башкаруунун стратегиялык деңгээлине жетиштүү көңүл бурулууда. Менимче, көптөгөн мектеп жетекчилеринин кемчилиги- башкаруунун технологиялык деңгээлинде, анын стратегиялык деңгээл жана жеке байланыш деңгээли менен өз ара байланышына жетиштүү көңүл бурулбагандыгы.

Өлкөнүн калыптануусунун татаал мезгилиндеги көптөгөн мектептердин белгилүү ийгилиги башкаруу чечимдеринин башкаруунун үч деңгээлинин ортосундагы мамилени туура тандоо менен шартталган. Учурда республиканын мектептеринде стратегиялык пландаштыруу ишке ашырылып жатат, анда мектептин көз карашын, миссиясын жана көйгөйлөрүн чагылдырып, максаттарды жана милдеттерди, окуучулар кандай компетенцияларды өздөштүрүү керектиги көрсөтүлгөн. Максат коюунун SMART ыкмаларын колдонуу, пландоо тапшырмаларынын жана иш-чаралардын конкреттүүлүгү, SWOT анализинин маалыматтарын колдонуу пландын актуалдуулугуна жана ишке ашуусуна өбөлгө түзөт. Албетте, менеджерлердин тиешелүү компетенттүүлүгү талап кылынат — башкаруу ишинин натыйжалуулугу үчүн зарыл болгон билим жана тажрыйба.

Бул нерселерге ээ болуусу үчүн жетекчи биринчи кезекте өздүк билимин өзү жогорулатуусу зарыл. Агартуу тармагына, жетекчилик ишти уюштурууга, балдардын өсүп-өнүгүүсүнө тиешелүү укуктук-ченемдик базаны билүү, алардын багыттоочулук функцияларын аңдап түшүнүү, колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу жана аткаруу, милдеттерин так орундоо директордун компетенттүүлүгүнө шарт түзүп, иштин кызыкчылыгына туура келээр эле.

“Мектепти башкаруу жана өнүктүрүү: мыйзам, талап, тажрыйба” алгачкы китеби 2014-жылы жарык көрүп, 2017-жылы кошумча жыйнагы даярдалган. Мезгил өтүп, замандын талабына жараша мектепке коюлган талаптар өзгөрүп келет. Жыйынтыгында билим берүү тармагына тиешелүү мыйзам базасы дагы жаңырып келүүдө. Мурда чыгарылган китептер менен удаалаштыкта шайкеш келүүсү үчүн жаңы окуу жылына утурлай чыгарылган бул үчүнчү китепке дагы маалыматтар сегиз багытта (бөлүмдө) чогултулду.

Жыйнактарда негизги мыйзам базасы, билим берүү тармагынын өнүгүү багыттарын, мектептин ишин уюштуруу, андагы тарбия, кадр, каржы маселелерин аныктаган документтер менен бирге билим берүү тармагынын өнүгүшүнө тиешелүү эл аралык документтер, өздүк тажрыйбадан алынган практикалык кеңештер сунушталат. Документтер кыргыз тилинде сунушталды, эгерде кыргыз тилинде документтин түп нускасы болбосо орус тилинде берилди. Китептин көлөмүн өтө чоңойтуп жибербеш үчүн, документтердин түздөн-түз, же кыйыр түрүндө, жалпы орто билим берүү тармагына тиешелүү жерлери, үзүндү түрүндө кыскартылып берилди. Ал документтер менен толук таанышууну каалагандар интернет аркылуу таап алышса болот. Белгилей кетүүчү нерсе, үч жыйнактагы материалдар бири бирин кайталабайт.

Билим берүү тутуму, туруктуу, өзөгүндө адамзат буга чейин пайдаланып келген тажрыйбага таянган, инновацияларга ачык система болуп эсептелет. Агартуу тармагынын укуктук-ченемдик негизи мамлекеттик-коомдук турмуштук кеңири тажрыйбага таянган, заман талабына жараша өзгөрүүлөр киргизилип турган, үзгүлтүксүздүк, максаттуулук жана системалуулук сакталган, тармактын алга жылуусун шарттаган юридикалык документтерден турат.

Алгачкы эки китепте келтирилген 90 тегерегиндеги материалдын дээрлик көпчүлүгү бүгүнкү күндө дагы колдонууга жатат. Кесиптеш, колуңуздагы китеп Сиздин ары жооптуу, ары ардактуу ишиңизде көмөкчү болуп берсе деп тилеп кетмекчимин. Китептерди алуу, же кызматташуу боюнча төмөнкү тел/вотсапп 0703 888 730.

Чолпонбек Тиленбаев, Кыргыз ССР Эл агартуунун отличниги, 1992-жыл мугалими, 2021-жылдын мыкты шахмат тренери.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер