ИННОВАЦИЯЛЫК СТРАТЕГИЯЛАР ЖАНА ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР
- 09.04.2026
- 0
2026-жылдын 10-апрелинде И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык колледжинде Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу Жарлыгынын алкагында «Билим берүү системасын санариптик трансформациялоодо жаңы технологиялардын ролу жана инновациялык окутуу стратегиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты – билим берүү тармагындагы санариптик өзгөрүүлөрдү талдоо, жаңы технологиялардын ролун аныктоо жана инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу аркылуу билим сапатын жогорулатуу болуп саналат. Конференция билим берүү системасын модернизациялоо, санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүү жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу маселелерине арналат.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы окумуштуулары, педагогдор, изилдөөчүлөр, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жаш окумуштуулар жана студенттер катышат. Иш-чарада төмөнкү багыттар боюнча баяндамалар жана талкуулар жүргүзүлөт:
— Коомдук-гуманитардык илимдердин санариптик трансформациясы: билим берүү, илимий изилдөө жана коомдук коммуникациянын жаңы моделдери;
— Жаңы педагогикалык ыкмалардын негизинде тарбиялоо процессин модернизациялоо: активдүү окутуу технологияларын колдонуу, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана этнопедагогикалык баалуулуктар аркылуу кесиптик компетенцияларды калыптандыруу;
— Башталгыч класстарда табигый илимдерди окутууда санариптик технологиялардын негизинде окуучулардын илимий түшүнүктөрүн калыптандыруу;
— Заманбап билим берүү системасында жаңы технологиялар жана инновациялык окутуу методдорунун интеграциясы: теориялык-методологиялык негиздери жана практикалык аспектилери.
Конференциянын жүрүшүндө пленардык жыйындар, секциялык отурумдар, мастер-класстар жана тегерек столдор уюштурулат. Катышуучулар тажрыйба алмашып, заманбап билим берүү тенденцияларын талкуулап, практикалык сунуштарды иштеп чыгышат.
Бул иш-чара билим берүү тармагындагы адистер үчүн өз ара кызматташтыкты чыңдоого, жаңы идеяларды жаратууга жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча сунуштар топтому кабыл алынып, билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү кадамдар сунушталат. Конференциянын катышуучулары билим берүү системасын санариптик трансформациялоо Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү багыты экенин белгилешет. Жаңы технологияларды эффективдүү колдонуу жана инновациялык окутуу стратегияларын киргизүү аркылуу улуттук билим берүү системасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү мүмкүн экендиги баса белгиленет.
Маалыматка таянсак, конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, п.и.к., доцент Токтобүбү Ашымбаева «Балдардын туруктуу социалдык көндүмдөрүн калыптандырууда мектеп, үй-бүлө жана коомчулуктун өнөктөштүгү»; Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назира Дюшеева «Дүйнө өзгөрүүдө – биз өзгөрүүдөбүз»; КР Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун башкы директору, п.и.д., профессор Алмазбек Токтомаметов «Баалуулуктарга негизделген таалим-тарбия»; И. Арабаев атындагы КМУнун, педагогика жана психология институтунун директору, п.и.к., доцент Гульзат Казиева «12 жылдык мектеп шартында математикалык билим берүүнүн уланмалуулук модели: вектор «Мектеп – ЖОЖ – эмгек рыногу» аталышындагы докладдар менен чыгышат. Ошондой эле чет өлкөдөн келген окумуштуулар дагы доклад окушат.
Конференциянын жүрүшү тууралуу “Кут Билим” гезитинен окуңуздар.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер