ИНКЛЮЗИЯ ШАРТЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИ БАШКАРУУ

  • 05.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Баланын укугун коргоочулар лигасы” 2020-жылдын 2-ноябрында Кант шаарынын №1 мектебинде Ысык-Ата районундагы орто мектептердин директорлору үчүн “Инклюзия шартындагы мектептерди башкаруу” семинарын өткөрдү.

Семинардын негизги максаттары — инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүдө жана башкарууда ар бир катышуучунун ролун аныктоо, ошондой эле ар кандай процесстерде жана инклюзия контексттеринде башкаруу принциптерин колдонуу боюнча методикалык сунуштарды жана ыкчам моделдерди көрсөтүү. Семинарга Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Иманалиев Б. Т., “Баланын Укугун Коргоочулардын Лигасы” коомдук фондунун директору Турдубекова Н. У., Ысык-Ата районунун мектептеринен 15 директор жана директорлордун орун басарлары катышышты (бул мектептерге Дмитриевкадагы атайын көмөкчү интернаттан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жайгаштырылган).

Молдова Республикасынын Ниспорень административдик округунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нина Стерпу иш-чаранын тренеринин милдетин аткарып, инклюзивдик мектепти башкарууну уюштуруу боюнча Молдова Республикасында топтогон тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу, ишти пландаштыруу, кызматкерлерди жайгаштыруу жана чечимдерди кабыл алууда алардын иш-аракеттерин координациялоо, ошондой эле мониторинг жүргүзүү жана анализдөө менен алектенген уюмду башкаруу принциптери жөнүндө айтып берди. Окуу процессин пандемияда уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Баланын Укуктарын Коргоочулардын Лигасы” коомдук фонду тарабынан, “БӨУнун ар бир бала үчүн өнөктөштүгү” коомдук бирикмеси (Молдова), “Кыргыз Республикасынын балдары үчүн жагымдуу үй-бүлөлүк чөйрөнү түзүү” долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен өткөрүлдү.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер