ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ИНКЛЮЗИВДИК КООМГО

  • 30.10.2024
  • 0

29-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын иштери боюнча кеңештин балдар боюнча жумушчу тобунун кезектеги отуруму болуп, анда психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларды (ПМПК) реформалоо маселеси каралды.

ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ИНКЛЮЗИВДИК КООМГО

ПМПКнын иши өзгөчө акыркы жылдары Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жана «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамдын талаптарына жооп бербегендиктен, ата-энелер тарабынан бир нече жолу сынга алынган.

Жыйында мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга медициналык моделде эмес, социалдык моделде кароо зарылдыгы белгиленди.

ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ИНКЛЮЗИВДИК КООМГО

Отурумдун жүрүшүндө Балдар боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, инклюзивдик билим берүүнүн контекстинде ПМПКнын ролун жана мазмунун кайра карап чыгуу зарылдыгына токтолушуп, бирдиктүү иш системасын түзүү үчүн ПМПК жөнүндө жаңы жобону иштеп чыгуу чечимин кабыл алышты.

ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ИНКЛЮЗИВДИК КООМГО

Бул иш-чара БУУнун үч агенттиги: ПРООН, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА тарабынан ишке ашырылып жаткан Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү долбоорунун алкагында жана БУУнун Өнөктөштүк программасынын (UNPRPD) колдоосу менен өткөрүлүүдө.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер