ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

  • 06.03.2024
  • 0

Информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышкан Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларынын командаларынын мугалим-машыктыруучулары Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын өтүнүчү менен абройлуу эл аралык олимпиадалардын тизмесин түзүштү.

ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

Кээде пайда табуу үчүн айрым уюмдар, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдар мектеп окуучуларын, студенттерди, педагогдорду, билим берүү уюмдарын акы төлөө, сыйлык атрибуттары же башка чыгымдар шарты менен иш-чараларга катышууга тартат.

Олимпиадалар, чемпионаттар, эл аралык сынактар ​​деп аталган мындай иш-чаралардын статусу жөнүндө компетенттүү адистер менен кеңешип, тандоонун жол-жобосу, ​​критерийлери, баа берүүнүн объективдүүлүгүн камсыз кылуу, катышуучулар, өткөн жылдардагы жеңүүчүлөрдүн саны жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга аракет кылыңыз.

Информатика боюнча эл аралык олимпиадалардын тизмесин түзгөн мугалим-машыктыруучулар – Кылыч Ураимов, Артем Беляев, Медер Осмоновго ыраазычылык билдиребиз!

Бөлүшүү

Комментарийлер