ИЛИМГЕ ЖАҢЫ ДЕМ: ИЛИМИЙ ИШТИ РЕФОРМАЛОО БОЮНЧА ЖАРЛЫК КАБЫЛ АЛЫНДЫ
- 07.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга, илим, билим берүү жана өндүрүш тармактарынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ошондой эле илимий чөйрөнү башкарууну оптималдаштырууга багытталган.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына жана анын түзүмүндөгү илимий мекемелерге, ошондой эле Министрлер Кабинетине, тармактык мамлекеттик органдарга жана жогорку окуу жайларга караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга кеңири финансылык автономия берүү каралууда. Бул өзгөрүү илимий мекемелердин өз алдынча иш алып баруусуна, кошумча киреше табуусуна жана аны натыйжалуу пайдаланууга жол ачат.
Атап айтканда, эми мындай уюмдар илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басма жана өндүрүштүк-коммерциялык ишмердүүлүктөн мыйзам чегинде киреше таба алышат. Ал каражаттарды эмгек акы төлөөгө, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга жана кызматкерлерди стимулдаштырууга өз алдынча багыттоого мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин өз алдынча аныктап, келишимдик негизде иштерди жүргүзө алышат.
Жарлык ошондой эле атайын каражаттардын эсебинен алынган мүлктү башкаруу укугун кеңейтет. Илимий мекемелер кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү, алмаштыруу же башка жолдор менен пайдалануу аркылуу кошумча киреше таба алышат.
Өзгөчө көңүл жогорку окуу жайларына бурулду. Эми алар жыл сайын өз карамагындагы илимий уюмдарды колдоо үчүн атайын эсептеги каражаттарынын кеминде 3 пайызын бөлүүгө милдеттендирилет. Бул каражаттар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жумшалат.
Министрлер Кабинетине Жарлыкты ишке ашыруу боюнча алты айлык мөөнөт берилди. Бул аралыкта илимий мекемелер көрсөткөн кызматтарды инвентаризациялоо, аларды мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринен чыгаруу, ошондой эле тиешелүү ченемдик актыларды жаңы талаптарга ылайык келтирүү каралган.
Жыйынтыгында, бул Жарлык өлкөдөгү илимий чөйрөнү жаңылоого, анын натыйжалуулугун жогорулатууга жана илимди экономиканын реалдуу сектору менен тыгыз байланыштырган жаңы механизмдерди киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер