ИЛИМДИН АЧКЫЧЫН КАРМАП КӨРГӨНДӨ

  • 13.07.2023
  • 0

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен беш окуу жайга кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статус ыйгарылган. Алардын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Өзгөчө макамдын негизги максаты – окуу жайды 4-муундагы университетке айлантууга өбөлгө түзүү. Ушул багытта ОшМУнун ректору Кудайберди КОЖОБЕКОВдун, илимий иштер боюнча проректору Руслан АРАПБАЕВдин жана профсоюз жетекчилигинин колдоосу менен университеттин илимий-изилдөө бөлүмү быйыл 3-июлдан 8-июлга чейин Ысык-Көлдө (“Рахат” пансионатында) “Изилдөө усулдарын окутуу” деген жайкы мектеп уюштурду.

ИЛИМДИН АЧКЫЧЫН КАРМАП КӨРГӨНДӨ

Сүрөттө: Солдон оӊго – Н. Курбанбаева, М. Аблезова, К. Молдашев, Д. Шаматов, Д. Карабаев, Р. Арапбаев (ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент).

 

Тренерлер Казакстан Республикасынын Сулейман Демирел университетинин илимий изилдөөлөр боюнча проректору Кайрат МОЛДАШЕВ, Назарбаев университетинин Билим берүү жогорку мектебинин профессору, ОшМУнун ардактуу профессору Дүйшөн ШАМАТОВ, Борбордук Азиядагы Америка университетинен Социология факультетинин социалдык изилдөө методологиялары, маалымат иштеп чыгуу жана талдоо боюнча адиси Мехригүл АБЛЕЗОВА жана Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр КАРАБАЕВ болушту.

Жайкы мектепке ОшМУнун ар кайсы факультеттеринен магистратура жана PhD докторантурада илимий-изилдөө методикасы боюнча курстарды өткөн же келечекте өтө турган 32 окутуучу декандардын сунушу менен каралып, тандалып катышып кесиптик билимин тереӊдетишти.

Курста изилдөө усулдары боюнча негизги теориялар, сапаттык, сандык жана аралаш усулдар; изилдөө ишинин максаты, милдеттери, жүргүзүү нугу, таризделиши; маалымат чогултуу жана талдоо, изилдөө этикасы жана башка темалар талкууланды.

Соңку мезгилде илимий макалаларды атайын журналдардан жарыялоого (публикация жасоого) көп көңүл бурулуп жатат. Бирок изилдөө усулдарын жакшы окутпасак, жаштарга үйрөтпөсөк, илимде алгылыктуу өнүгүү болбойт. Чыныгы изилдөө болбосо, алгылыктуу публикация болбойт деп Дүйшөн ШАМАТОВ абдан туура багыт берди.

Практикалык көнүгүүлөр жаӊы билимдерди бышыктоого өбөлгө түздү. Катышуучулар билгендерин бөлүшүп, илмий ишмердиктеги абдан керектүү нерселерди үйрөнүп алышты. Буларды ар бири өзүнүн тармагына ылайыктап, изилдөө усулдары боюнча курстун силлабусун иштеп чыгышты. Кесиптик дареметин арттыргандыгы жөнүндө сертификат алышты.

ИЛИМДИН АЧКЫЧЫН КАРМАП КӨРГӨНДӨCүрөттө: Кундуз Каримова, ОшМУнун тарых жана социалдык иштер кафедрасынын доценти, социология илимдеринин кандидаты суроолорго жооп берип жатат.

 

Эӊ пайдалуу сабак

(Катышуучулар курстан алган таасири жөнүндө сөз кылышты)

 

Маматова Айнура (Бизнес жана менеджмент факультети):

Сынчыл жана аналитикалык ой жүгүртүүгө басым жасалганы мага жакты. Изилдөөчүлөр туш болгон көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды талкуулап, аларды жоюунун жолдорун чогуу талкууладык. Изилдөөнүн парадигмалары (позитивизм, постпозитивизм, сынчыл теория жана конструктивизм) боюнча практикалык көнүгүүлөрдү биргелешип аткардык, пикир алмаштык.

Адатта семинарга келгенде көбүнчө угуп эле отурчубуз. Бул жолу интерактивдүү ыкмалар колдонулуп, ар бирибиз активдүү иштедик.  Мисалы, “изилдөөнүн этикасы” деген темада аябай кызуу талкуу болду.  Сурамжылоого тартылган адамдардын укуктарын жана коопсуздугун дайыма эске алуубуз керек экен. Бул жекеликти, купуялуулукту, ошондой эле макулдугун берген адамдардын гана катышуусун камтыйт. Этика комиссиясы Кыргызстандын бир, эки ЖОЖдорун айтпаганда жок экендиги жана анын болуусу зарыл экендиги дагы айтылды. Ошондой эле изилдөө этикасынын калыптануу тарыхын жөн эле укпастан, тренердин эмгегинен да таап окуп, талкууладык, кейстер менен иштедик.

Акырында биз реалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар кандай изилдөө ыкмаларын колдонгон бир нече көнүгүүлөрдү аткардык. Бул мага кайсы инструменттер жана ыкмалар ар кандай кырдаалдарда эң жакшы иштээрин жана аларды өзүмдүн практикамда кантип колдоно аларымды жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

Тренерлер өз тажрыйбасынан мисалдарды келтирип, чечүү жолдорун айтып беришти. Изилдөө процессине жаңы көз караш менен карап, изилдөө ыкмаларын жакшыртуу керектигин түшүндүм.

 

Каухар Сооронбаева (МИТ факультети):

Тренингдин 2-күнүндө адабияттарды талдоо, издөө базалары, тандоо (сорттоо) жана адабияттарды талдоонун максаты боюнча жеткиликтүү материалдар берилди. Изилдөөнүн темасына ылайык адабияттарды кантип, каяктан издөө керектигин жакшыраак билип алдык, тажрыйба бөлүштүк. Тийиштүү журналдардын чыныгы баркын текшерүү жолдору көрсөтүлдү. Мен үчүн табылган илимий эмгектердин ичинен эң керектүүлөрүн иргеп алуу ыкмасы да пайдалуу болду. Кийинки изилдөөлөрдө ушул ыкманы колдоном жана студенттерге да үйрөтөм деп чечтим.

Тренингдин 3-күнү да абдан баалуу маалыматтар менен коштолду. Сандык жана сапаттык изилдөөлөр үчүн респонденттерди тандоо, тандоонун түрлөрү, жолдору жана изилдөө үчүн инструментарийди иштеп чыгуу боюнча материалдар конкреттүү мисалдар менен жеткиликтүү берилди. Чогултулган маалыматтарды анализдөө жана чечмелөө усулдары боюнча да так маалыматтарды алдык. Булардын айрымдарын көрсөткүчтөрдү анализдөөдө колдонуп келгенбиз, кээ бирлерин мен эми үйрөндүм.

 

Айнагүл Орозбаева (Физика-техника факультети):

Интервью же анкетаны түзүүдө илимий терминдерди ашыкча колдонбой, суроолорду жөнөкөй, кызыктуу, ырааттуу бериш керектигин түшүндүм. Анализ жасоо деген чоң жумушта Дүйшөн агайдын кодировка ыкмасы мага абдан жакты. Бул семинар көз карашымдын жакшы жакка өзгөрүүсүнө, бир нече жаңы идеялардын жаралуусуна себеп болду.

ИЛИМДИН АЧКЫЧЫН КАРМАП КӨРГӨНДӨ

Сүрөттө: Талкуу кызыды

 

Кундуз Каримова (Тарых жана социалдык иштер факультети):

Методология, методдор жѳнүндѳ дайыма эле сабактарда студенттерге, магистранттарга теориялык нукта айтып келебиз. Бирок практика жүзүндө темага ылайыктуу методдорду тандоо оӊой эмес экен.

Ушул эки күндѳ адабияттарды издөөнүн оңой жолдорун үйрѳндүм. Google scholar, ResearchGate ж.б. издөө системаларын колдоно билүү керек. Буга чейин биз орус адабияттарын пайдаланып эле магистранттарды кыйнап, жыйынтык болбой, өзүбүз да кыйналып жүргөн экенбиз.

Сурамжылоо жүргүзгөндө респонденттер менен мамиле түзүү эрежелерин жакшы билишибиз керек экен. Мисалы, кунт коюп угуу, ойлорду системалаштыруу, реалдуу уккан маалыматты гана чагылдыруу зарыл. Суроолор так, кыска болушу керектигине дагы бир жолу ынандым.

Семинардын 2-күнү изилдѳѳ максатын жана суроолорун түзүүдө кыйынчылыктар болду. Муну ар бирибиз иш жүзүндө жасап кѳргѳнүбүз пайдалуу болду деп эсептейм. Студенттерге да ушул ыкманы колдонсок болот.

Буга чейин макала жазууда кандай кемчиликтерди кетирип жүргөнүмдү кѳрѳ баштадым.

Семинардын 3-4-күнү бизге сапаттык  жана сандык изилдѳѳ методдору боюнча сабакта мен үчүн тандоо методу маанилүү болду. Анда онлайн атайын программа менен респонденттерди тандоодо жыйынды маалыматтан репрезентативдүү бѳлүгүн оңой эле тандоо жолун үйрѳндүм.

Окутуу усулдарын алдын ала туура пландоо үчүн теориялык билим эле эмес, практикалык тажрыйба дагы болушу керек экендигине дагы бир жолу ынандым. Бул жагынан бизге Мехригүл эжеке, Дуйшөн, Кайрат жана Данияр агайлардын сабактары абдан пайдалуу болду.

 

Майрам Абдуллаева (Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети):

Тренерлер окутуунун интерактивдүү методдорун жогорку чеберчиликте колдонушту. ОшМУнун Н.Курбанбаева баш болгон илим-изилдөө бөлүмү бардык зарыл шарттарды түзүптүр. Кечээ күнү сапаттык, сандык изилдөөлөр жана анын жыйынтыгын интерпретациялоо боюнча өтө терең маалыматтар берилди. Тилекке каршы, химия илиминде бул методдор колдонулбай тургандыгын билдим, бирок биздин кесиптештерди бул курска сөзсүз катышкыла деп чакырам.

 

Азиза Төрөкелди кызы (Кыргыз-Кытай факультети):

Мени алгачкы жолу илимий изилдоо иши менен англиялык, Германиядагы Бонн университетинин профессору окумуштуу Жозеф Хилл тааныштырган. Бирок биздин университеттерде илимий макалалар кантип жазылып жаткандыгын көрүп абдан түңүлгөнмүн. Эми илим чөйрөсүндө өзгөрүүлөр башталгандай сезилет, мен ушуга кубанам. Биз катышкан жайкы мектеп да буга чоӊ түрткү берет деп ойлойм. Мага тренелердин жөнөкөйлүгү жана билгендерин чын ыкластан бөлүшкөнү абдан жакты. Менимче, адамдагы бул сапаттар билимден да, башка нерседен да жогору турат.

 

Чыныхан Сатыбалдиева (Тарых жана социалдык иштер факультети):

Дүйшөн агайдын сабагында интервьюну талдоодогу алгачкы кадам болгон коддоштуруу маселеси каралды. Биз бул ыкманын татаал формасын иштетип жүргөн экенбиз.  Андан тышкары ачкыч сөз менен илимий адабияттарды таап жана алардын керектүү булактарын аныктоо усулдарын аныктадык. Эми студенттерге, магистранттарга жана аспиранттарыбызга үйрөтөбүз. Респонденттер менен натыйжалуу иштешүү ыкмаларын үйрөнүп алганыма ыраазымын. Студент менен мугалимдин өз ара түшүнүшүү каражаты болгон силлабустун түзүмүн жакшы билип алдым.

 

Нуржамал Курбанбаева,

доцент, ОшМУнун илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты.

Бөлүшүү

Комментарийлер